Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

Боорун алмаштырууга үлгүргөн жок. Таланттуу актер келбес жайга кетти


Кыргызстан актер уулун жоктоп турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00

Кыргызстан актер уулун жоктоп турат

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Азиз Мурадилаев 17-декабрда узакка созулган оорудан каза болду. Боор оорудан жабыркап келген актер 44 жашта болчу.

Боорун алмаштырууга үлгүрбөй калды

Белгилүү театр жана кино актеру Азиз Мурадилаевдин ден соолугу начарлап, оор абалда Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы декабрь айынын башында белгилүү болгон.

Алып баруучу Ассоль Молдокматова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө жасала турган операцияга 45 миң доллар акча каражаты керек экенин айткан.

Бул билдирүүдөн кийин башка маданият кызматкерлери да актер материалдык жардамга муктаж экенин айтып, коомчулукту кайдыгер карабоого чакырышкан.

Кыска убакытта элден 3 миң доллардай топтолуп, калган 42 миң долларын президент Садыр Жапаров бөлүп берген. Мурадилаев боорун алмаштыруу үчүн чет жакка барганга үлгүрбөй, 17-декабрда реанимациядан каза болуп калды.

Маркумдун абалы 2016-жылы да оорлоп, Москвага жана Түркияга дарыланууга барган. Анда боорун алмаштыруу зарылчылыгы жок деген бүтүм чыккан.

Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөтү. Бишкек. 18-декабрь, 2022-жыл.
Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөтү. Бишкек. 18-декабрь, 2022-жыл.

"Өмүрүн театрга арнады"

Азиз Мурадилаев 1978-жылы 12-июнда Бишкек шаарында жарыкка келген. 1994-жылы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын театралдык окуу жайына тапшырып, 1997-жылы ийгиликтүү аяктаган. Билимин Москва шаарындагы М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайда уланткан. 2001-жылы Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына артист катары кабыл алынган.

Назым Мендебаиров
Назым Мендебаиров

Режиссер, Кыргыз улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров кесиптеши театрдын ишенген актеру болгонун айтты. Анын айтымында, Мурадилаев "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Семетейдин ролун Муканбет Токтобаев, Замирбек Сооронбаевден кийин эле ойноп жаткан үчүнчү актер болчу.

"Азиз театрдын ишенген актеру болчу. Баралына келип, толуп-ташып турган кези болчу. Ушундай учурда анын бизди таштап кетиши өтө өкүнүчтүү. Башка спектаклдар боюнча да чоң-чоң пландар бар эле. Аны менен иштешүү аябай жеңил болчу. Анан да өз ишине абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылчу. Аны өзгөчөлөп турган сапаты мына ушулар эле. Азизге ишенич бар эле. "Азиз ролду алды, Азиз чыгарат" деп турчубуз".

Мурадилаев Ж.Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Семетейдин, "Төлгө" спектаклинде Ысмайылдын, Ж.Б.Мольердин "Анткор оорулуу" спектаклинде Бернарддын, М.Ауэзовдун "Еңлик кебек" спектаклинде Кеңгирбайдын, Южин О’Нилдин "Дарак түбүндөгү махабат" спектаклинде Эбиндин, Т.Абдымомуновдун "Абийир кечирбейт" спектаклинде Омордун, У.Шекспирдин "Макбет" спектаклинде жигиттин жана башка ондогон спектаклдерде ар кандай каармандардын ролун ойногон.

Эркин Эгембердиев
Эркин Эгембердиев

Театрдагы кесиптеши, актер Эркин Эгембердиев Азиз Мурадилаев бир гана Кыргызстанга эмес, Борбор Азияга таанылган актер болгонун айтат:

"Кинодогу орду кандай чоң болсо, театрда да андан эки эсе болчу. Дайыма башкы каармандарды, тарыхый чыгармаларда тарыхый инсандардын образын жараткан. Интеллекти абдан бийик адам эле. Өзүнүн жүрүм-туруму менен театрдын жаштарына үлгү болду. Биздин эле эмес, Орто Азиядагы театр тармагы бир легендасын жоготту. Анткени, бул тармакта ал Орто Азияга таанылган жигит эле. Күйөрмандар бир адам менен коштошуп жатса, биз, кесиптештери, анын бардык каармандары менен коштошуп жатабыз. Анын каармандарын биз эми даап ойной албайбыз. Бул агабыз ойногондой ойнош - кыйын. Акыркы жолугушуубузда жаңы киного чакырылганын айтып жаткан. Ал эми театрда болсо дайыма пландары бар эле. Ал өмүрүн театрга арнаган адам".

"Актер катары жакшы ачылды"

Мурадилаев чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгон. Атасы Үсөн Мурадилаев – Кыргыз драма театрындагы таланттуу актерлордун бири, 1998-жылы 42 жашында оорудан улам көз жумган. Апасы Анара Сыдыгалиева – Кыргыз драма театрынын актрисасы, Эмгек сиңирген артист, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты.

Мурадилаевдин ата-энеси менен чогуу иштешкен замандашы, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Бурул Калчабаева Азиз Мурадилаев анын көз алдында чоңойгонун эскерди:

"Келишкен, башкы каармандардын ролун аткарууга жаралган жигит. "Мүнөздүү образ" деп коет, ар кыл мүнөздөгү ролдорду ачып берип, ойной алган актер эле. Фактурасы, бүткөн бою, турган турпаты киного тартса дагы жаркырап көрүнө турган актер болчу. Менин оюмча, Азиз актер катары жакшы эле ачылды. Аз өмүрүндө бардык ролдорду ойноду. Албетте, уучубуз куру эмес, бирок баары бир Азиздин өзүнө гана таандык ролдору бар эле да. Мисалы, "Төлгөдөгү" Ысмайыл ага куп келишип турчу. Балким мындан да мыкты роль жаратмактыр, балким, ошондой драма же жакшы режиссер жолукпай калдыбы - эми мындай өкүт баары бир болбой койбойт. Мен баарын бүтүрдүм, баарын аткардым деген артистте дагы мен баланча ролду ойнобой калдым, баланча менен иштешпей калдым деген өкүт өмүр бою коштоп келген".

Кыргызстан актер уулун жоктоп турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00

Кино менен театрды бирге алып кете алды

Азиз Мурадилаев театрдагы ишмердүүлүгүнөн тышкары ондогон тасмаларда, сериалдарда, клиптерде роль жаратты. Анын ичинен режиссер Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка» тарыхый тасмасында ойногон Алымбек датканын ролу менен элдин эсинде калды.

"Курманжан датка" тасмасынын продюсери Фархат Бекмамбетов Азиз Мурадилаев менен иштешүү кыйынчылык жаратпаганын белгиледи:

"Азиз сыртынан бала кыял болгону менен, чыгармачылыкта, өзүнүн ролдорун жаратууда чеберчилиги мыкты болчу. Ролду аткарууда режиссер тараптан кандайдыр бир кеңештерге муктаж эмес эле. Бир-эки ай мурун "ден соолугуңду кара" дегенде дагы "жок, ден соолук жакшы" деп аягына чейин чыгармачылыгын таштабай иштеди. Бул анын мүнөзүнүн бекемдигин көрсөтүп турат".

Азиз Мурадилаев кино жана театр тармагында жасаган эмгеги үчүн 2015-жылы "Ак илбирс" кино сыйлыгына татыган. Ал эми 2018-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган. Мындан тышкары ал Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын ээси.

"Даткасы кетти өнөрдүн"

Ушул тапта кыргыз коомчулугу, мамлекеттик, коомдук жана маданият ишмерлери, социалдык тармактардын колдонуучулары актерду жоктоп, анын чыгармачылыгын эскерип жатышат.

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акыны Кутман Садыбакасов Азиз Мурадилаевди жоктогон ырын жарыялады.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты 19-декабрда, саат 10:30да Кыргыз улуттук драма театрында өтөт. Сөөгү өзүнүн керээзи менен Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Маркумдун артында эки баласы, жубайы калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG