Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Коронавирус кош бойлуу аял үчүн кооптуу


Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери бул оору жугуп 18 кош бойлуу аял каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын март айынан сентябрга чейин 849 кош бойлуу аялга коронавирус диагнозу коюлду.
Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери бул оору жугуп 18 кош бойлуу аял каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын март айынан сентябрга чейин 849 кош бойлуу аялга коронавирус диагнозу коюлду.

COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын эли үчүн катаал сыноого айланды.

Айрыкча кош бойлуу аялдарда коронавирус жуктуруп алуу тобокелдиги жогору, аларды жеке өзү эле эмес, курсактагы баласынын саламаттыгы да түйшөлтүп турган кези.

Вирусологдордун пикиринде, боюнда бар кезде аялга коронавирус жукса организмине эки эсе күч келет. Бөйрөк, боор, кан-тамыр, жүрөк, дем алуу органдары өзгөчө катуу басым алдында иштейт.

Кыргызстанда COVID-19 жуктурган жана пневмония болгон боюнда бар аялдар
Кыргызстанда COVID-19 жуктурган жана пневмония болгон боюнда бар аялдар

Төрөттүн өзү эле эбегейсиз энергияны талап кылат, андыктан төрөт маалында дем алуу органдарынын COVID-19 менен байланышкан бардык оор дарттары келип чыгышы толук ыктымал. Кош бойлуу аялдын каны өтө тез айлангандыктан, төрөттөн кийинки кансыроону болушунча ылдам токтотуу керек.

Бул эмнеге маанилүү?

Пандемия шартында аялдар кош бойлуулукту көзөмөлдөөчү дарыгерлерге маал-маалы менен бара албай калат. Ушундан улам боюнда бар аялдын өзүнүн организминдеги же түйүлдүктөгү ыктымал кемтиктерди убагында байкап, алдын алуу мүмкүн болбой, экөөнүн тең саламаттыгы коркунучка кептелет.

COVID-19 жаңы вирус болгондуктан, окумуштуулар анын кош бойлуу аялга болгон таасирин толук изилдей элек.

Өлкөдөгү акыркы кырдаалды эске алуу менен боюнда бар аялдар жалпы талаптарды аткарышы шарт.

Саламаттыгы чың кош бойлуулуктун эң маанилүү бөлүгү – төрөткө чейинки көзөмөл болгондуктан, сизди дарыгериңиз чакырса, ошол мөөнөткө кечикпей барыңыз. Балким, төрөткө чейинки көзөмөлдү азайтуу зарылдыгы келип чыгат. Бул тууралуу сизге үй-бүлөлүк дарыгериңиз атайын эскертүү берет.

Кош бойлуу аялдардын коронавирустан каза болуусунун бирден бир опурталдуу себеби - кан тамырларында тромбоздун пайда болушу.
Кош бойлуу аялдардын коронавирустан каза болуусунун бирден бир опурталдуу себеби - кан тамырларында тромбоздун пайда болушу.

Кандай болгон күндө да боюнда бар аялдын күн тартибинде догдурга текшерилүү турса, үй-бүлөлүк дарыгер менен байланышып, андан аркы планды талкуулап алган оң.

Кош бойлуулардагы коронавирустун кандай белгилери болушу мүмкүн?

Болочок энеге коронавирус башкаларга жуккандай эле жол менен жугуп, жалпыга окшош белгилери болот. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дене табы жогорулап, шалдыроо, кургак жөтөл оорунун негизги белгилери болуп саналат.

Сейрек кездешкен белгилери: баш оору, тамактын сезгениши, жыт жана даам сезүүнүн жоголуп кетиши, муун жана булчуңдардын ооруксунганы, колго, манжаларга кызыл бүдүрлөр чыгышы, теринин түсү өзгөрүшү, ич өтүп, уйкунун качышы.

Мигрант энелердин алсыз балдары.
Мигрант энелердин алсыз балдары.

Кош бойлуу аялдар үчүн кандай кеңештер берилет?

Биринчи кезекте келечектеги эне жеке коргоочу каражаттарды колдонуп, эл көп чогулган жерге барбашы керек.

Коронавирусту жуктурбоо үчүн эмне кылат?

· Колун тез-тез жуусун;

· Таза абада бир күндө бир сааттан кем эмес, эл көп чогулбаган жерлерде сейилдөө;

· Коомдук транспортко түшпөгөнгө аракет кылуу;

· Ар дайым жанына санитайзер ала жүрүп, коомдук жерлерге баргандан кийин колуна сээп, тамактын алдында ар дайым колун таза жуушу керек;

· Ооз, мурун, көздү, бетти кол менен кармалабаш керек, вирус былжырлуу чел аркылуу жугат.

· Чүчкүрүп, жөтөлгөн адамдардан узак туруу;

· Маалында уктап, күндүн режимин так аткаруу;

· Коомдук жайларда беткап тагынып жүрүү;

· Дарыгердин кеңештерин толук аткарып, ал жазып берген дары-дармек, витаминдерди калтырбай ичүү;

· Дүрбөлөңгө түшпөй, ушак, жаман кабарлардан оолак болуп, маанайды жакшы нукка буруу;

· Жакындар, туугандар менен телефон, социалдык тармактар аркылуу тынымсыз байланышта болуу;

· Телефон жана онлайн кызматтарды үй-бүлө дарыгери жана негизги медициналык кызматкерлер менен байланыш үчүн колдонуу;

· 28 аптадан жогору мөөнөттө кош бойлуу аялдар өзгөчө кылдат болуп, эл менен аралашпай, башкалар менен аралыкты болушунча сакташы керек.

Эсиңизде болсун!

Төмөндөгүдөй кырдаал болсо COVID-19га байланыштуу мобилдик топту сөзсүз чакыруу керек:

· Кургак жөтөл дем кыстыгуу менен коштолсо;

· Дем алуу ылдамдап кетсе;

· Дене табы дары ичкенге карабай 39 градустан ылдый түшпөй койсо;

· Организм суюктукту, дары-дармекти кабыл ала албай, иче албай калсаңыз;

· Көкүрөктө тынымсыз оору сезилсе;

· Акыл-эс начарлап, көңүл айнып, эриндер көгөрүп, баш айланса.

Медициналык адистер коронавирус менен ооруп калган кош бойлуу аял жана жаңы төрөлгөн ымыркай ыкчам көрсөтүлө турган жардамга муктаж экенин ар дайым аңдашы керек.

Кош бойлуу аялды коронавирустан үй-бүлө мүчөлөрү да коргошу керек.
Кош бойлуу аялды коронавирустан үй-бүлө мүчөлөрү да коргошу керек.

COVID-19 вирусу кишиде стресс менен коркуу сезимин арттыра турганын эстен чыгарбоо абзел. Мындай коркуу сезимдери кош бойлуу аялдарда, жаңы төрөгөн энелерде жана анын жолдошунда, үй-бүлөдөгү башка балдарда, үй-бүлө мүчөлөрүндө да болот. Дарыгерлер кош бойлуу аялдар менен иштөөдө ар дайым кесипкөй, сезимтал мамиле кылууга тийиш.

Урматтуу биздин болочок энелер! Өз ден соолугуңарга кам көрүп, силерди колдогон адамдардын курчоосунда жашаганга аракет кылгыла.

Кыргызстан боюнча обсервация катары уюштурулган төрөт үйлөрүнүн даректери жана байланыш номурлары

Бишкек шаары:

- №2 клиникалык төрөт үйү, Москва көчөсү 225, телефону: 0 (312) 657-397, кабыл алуу блогу: 0 (312) 657- 401, Бишкек шаары боюнча Саламаттык сактоону уюштуруу башкармалыгындагы төрөткө жардам берүүчү адистин телефону 0 (550) 343-488.

Чүй облусу:

- Кант шаарындагы Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасы, Эмил Иманкулов көчөсү 6, телефону: 0 (3132) 52-130, кабыл алуу блогу – 0 (3132) 55-727, төрөт бөлүмүнүн жетекчисинин номуру 0 (553) 023- 271; Чүй облусу боюнча төрөткө жардам берүүчү адистин телефону: 0 (771) 914-698.

- Беловодское айылындагы Москва райондук аймактык ооруканасы, Ленин көчөсү 94, төрөт бөлүмүнүн телефону: 0 (3131) 52-137, 0 (559) 500-315.

Ош облусу:

- Ош шаардык клиникалык оорукананын төрөт бөлүмү, Ош шаары, Саргалчаев көчөсү, кабыл алуу бөлүмүнүн телефону: 0 (3222) 55-104, 0 (552) 777-626, Ош облусу боюнча төрөткө жардам берүүчү адистин телефону: 0 (772) 708-833.

Жалал-Абад облусу:

- Жалал-Абаддагы тукум улоочу саламаттык боюнча облустук борбор, Жалал-Абад шаары, Исакулов көчөсү 3, кабыл алуу бөлүмүнүн башкы дарыгеринин телефону: 0 (3722) 53-552; Жалал-Абад облусу боюнча төрөткө жардам берүүчү адистин телефону: 0 (773) 997- 722.

Талас облусу:

- Талас облустук бириктирилген оорукананын төрөт бөлүмү, Бердике баатыр көчөсү 1, кабыл алуу бөлүмүнүн телефону 0 (222) 721- 272, Талас облусу боюнча төрөткө жардам берүүчү адистин телефону: 0 (700) 236-966.

Нарын облусу:

- Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмү, Нарын шаары, Раззаков көчөсү, төрөт бөлүмүнүн телефону: 0 (3522) 53-013; Нарын облусу боюнча төрөткө жардам берүүчү адистин телефону: 0 (702) 324-065.

Баткен облусу:

- Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмү, Баткен шаары, Раззаков көчөсү, Баткен облусу боюнча төрөткө жардам берүүчү адистин телефону: 0 (773) 220-434.

Ысык-Көл облусу

- Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмү. Каракол шаары, Мичурин көчөсү 1, Ысык-Көл облусу боюнча төрөткө жардам берүүчү адистин телефону: 0 (777) 151-613.

Баарыңыздарга бакубат кош бойлуулук каалайм жана аман-эсен көз жарып алыңыздар.

Автор: Бактыгүл Бозгорпоева, тукум улоочу саламаттык боюнча эксперт

Бул макала «Үй-бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси тарабынан Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун көмөгү менен уюштурулган «2018-2022-жылдарга карата жыныстык жана тукум улоочу саламаттык» долбоорунун негизинде жарыяланды.

XS
SM
MD
LG