Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Бийлик жемкорлукка каршы жаңы стратегия жазат


Антикоррупциялык ишкердик кеңештин алгачкы жыйыны. 16-сентябрь, 2021-жыл.
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин алгачкы жыйыны. 16-сентябрь, 2021-жыл.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин алгачкы жыйынында 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы саясаттын стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Бийликтин коррупцияны жеңүү идеологиясы

Бизнес чөйрөсүн жүдөткөн паракорчулукту кыскартуу үчүн беш ай мурда түзүлгөн президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынында мамлекет башчы Садыр Жапаров жең ичинен акча алмай адатын жоюуга жогорку кызмат адамдарынан тартып, карапайым калкты дагы каршы турууга чакырды.

Жапаров коомчулукта “коррупционерлерди жектөө идеологиясы” болушу керек деп эсептейт.

“Азыркы учурда кыргыз коомчулугуна жаңы идеология керек. Тактап айтканда, коррупцияга малынбаган чиновник, коррупцияга аралашпаган бизнесмен, коррупционерлерди жектөө жөнүндө идеология зарыл. Ошондо гана биз коррупцияны ооздуктап, аны жоюуга бет алабыз деп ойлойм”, - деди Жапаров.


Жапаров коррупция боюнча "факт сурабай чара көрөрүн" убада кылып, бардык күч органдарынын башчыларын кайрылууларга тезинен жооп берүүнү тапшырды. Буга чейин айтылып келген коррупциялык кылмыштар тууралуу билдирген адамга сый акы берүүнү тезирээк ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйында Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлгөнү, эми коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ошол жакта каралары белгилүү болду.

“Бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл. Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп, талапкерлердин коррупцияга азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн полиграфтан жана психологиялык тесттен өтүшү зарыл”.

Мындан сырткары президент ишкерлерди ыксыз текшерүү, бизнеске байланыштуу созулган кылмыш иштерин кайра карап чыгуу сыяктуу бир катар маселелерге токтолду.

Коррупция – бизнеске тоскоол болгон негизги фактор

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү болгон бизнес чөйрөнүн айрым өкүлдөрү көйгөйлөрүн президентке ачык айтышты.

ЖИА ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров эл аралык жана ички изилдөөлөргө таянып, бизнеске тоскоол болгон негизги факторлордун бири катары коррупцияны атады. Пакыров бизнесмендер айласыз коррупциялык иштерге аралашып калганын, күч органдары басымы күч экенин белгиледи.

Фархад Пакыров.
Фархад Пакыров.

“Бизнеске тоскоол болгон көйгөйлөрдү белгилеңиз" деген суроого, ишкерлердин 70% саясий туруксуздук, 63% мамлекеттин ишкерлерди колдоого албаганы жана 50% коррупция деп жооп беришкен. Бул маалыматтарды бизнес-омбудсмендин сурамжылоосу дагы тастыктайт. Биздин жүргүзгөн сурамжылоо боюнча ишкер эки себеп менен коррупциялык иштерге катышат. Биринчиси – ишкер мамлекеттик органдардан сапаттуу жана так маалымат албайт. Экинчиси мыйзамдагы мүчүлүштүктөр, ишкердин мыйзамды так билбегендиги жана күч органдарынын өзүм билемдигине кабылат".

Пакыров укук коргоо органдарынын ишкерлер ката кетирген учурда дароо камакка алуу тажрыйбасы бизнестин өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатат деп кошумчалады.

Ал эми кеңештин дагы бир мүчөсү Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков өлкөдө Салык жана башка жаңы кодексттер кабыл алынган учурларда бизнес чөйрөнүн пикири эске алынбай калганын сындады.

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит коррупцияга каршы жыйындарды буга чейинки бийлик дагы өткөрүп келгенин белгилеп, талкуулардан чечим кабыл алынышы маанилүү экенин белгиледи.

Жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев сөз сүйлөп, талкууда айтылгандарга жооп берди. Ал прокуратурада бардык ишкерлердин кайрылууларына чукул чара көрүү иши жолго коюлганын, жаңы кодекстер иштеп баштагандан кийин андагы мүчүлүштүктөрдү оңдоого болорун айтты. Башкы көзөмөл органдын жетекчиси атайын кызматтын өкүлдөрү менен келишип алып, борбор калаадан жер саткан жана мамлекеттин акчасын майпасыз пайдаланган фактыларды мисалга тартты.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

“2020-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары жеке компаниядан сасык тумоого каршы техникалык көрсөткүчтөргө жооп бербеген вакцинадан 135 миллион сомго 550 миң доза жана пневмококк бактериясына каршы кереги жок вакцинадан 44 миллион сомго 20 миң доза сатып алуусу боюнча кылмыш иштери тергелүүдө".

Саламаттык сактоо министрлиги башкы прокурордун бүгүнкү билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. Ошентип, быйыл июнь айында түзүлгөн Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи отурумунун жыйынтыгында жумуш тобун түзүп, 2021-2024-жылдарга карата стратегия иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Анткен менен Жапаров баштаган бийликтин жемкорлукка каршы күрөшүнүн натыйжасына ишенбегендер бар. Жаңы бийлик алмашкан бир жылдан бери жогорку кызматта жүрүп, коррупцияга айыпталып кармалгандар тергөө менен макулдашып, белгилүү суммадагы каражат төгүп эркиндикке чыгып жатканы коомчулукта сынга кабылып келет.

"Жыйында айтылган маселе жыл сайын көтөрүлгөн көйгөйлөр. Бул сапар дагы айтылды, бирок чечилерине ишенбейм. Себеби, Садыр Жапаровдун бир жыл мурдагы убадаларын эске алалы. Азыркы жемкорлук менен күрөшүү ыкмасын карайлы, камап жатат бирок системалуу күрөш жок. Ошол эле бажыда өзгөрүү жок. Ошол эле ишкерлерге кызмат берүү тармагында бир нерсе өзгөрдүбү? Коррупцияга себеп болгондор жазасыз калды”, - деди Руслан Акматбек.

Руслан Акматбек жаңы бийликтин тушунда журналисттер ондогон иликтөө кылганы менен эч кандай реакция болбой жатканын кошумчалады.

Мурдагы президенттердин коррупция менен күрөшү

Өткөн жылдын сентябрында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков дагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы талкууланып, анда дагы 2021-2024-жылдарга карата жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралган болчу.

Жээнбеков жыйында жемкорлукка каршы аёосуз күрөш жүргүзүлөт деп жарыялаган.

Экс-президенттин журналисттердин иликтөөсүнө байланыштуу суроого факты талап кылып жооп кайтарганы элдин эсинде калды.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында бийлик алмашкан сайын жемкорлукка каршы дымактуу күрөш жарыяланат.

Маселен, мурдагы президент Аскар Акаев 2003-жылы коррупцияга каршы стратегиянын негизи иштелип чыккан жыйын өткөргөн. Андан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев 2009-жылы улуттук деген макам менен паракорчулукка каршы документ кабыл алган. Ал эми Алмазбек Атамбаев ушундай эле маанидеги мамлекеттик стратегияны 2013-жылы бекиткен.

Эксперттер бийлик алмашуусуна алып келген элдик толкундоолордун бир себеби катары өлкөдөгү коррупциянын тамыр жайганын атап келишет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG