Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Бийлик алмашкан сайын айтылган кыскартуу жараяны


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 30% кыскарганы турат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу бийликтин биринчи аракети эмес.

Президенттин жарлыгына ылайык, президенттин аминистрациясынын, министрликтердин, комитеттердин, административдик бөлүмдөрдүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскарат.

Кызматкерлер кыскарат, айлык көбөйөт

Президенттин администрация башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев президенттин жарлыгын мындай түшүндүрдү.

Адылбек Касымалиев
Адылбек Касымалиев

“Президенттин мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу тууралуу жарлыгы бул мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары системасын оптималдаштыруу боюнча иштин экинчи этабы десек болот. Биринчи этабында министрликтерди, административдик ведомстволорду бириктирип, санын кыскартууга жетиштик. 2020-жылы мамлекеттик кызматкерлердин саны 34 860ка чыккан. Эгер 30% кыскартсак 2 млрд. сомго жакын каражат үнөмдөлөт. Ошондо мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын 30% чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болот”.

Жарлыкта кыскартылган кызматкерлердин эмгек кодексинде көрсөтүлгөн жөлөк пулун төлөп берүү, үнөмдөлгөн каражатты мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө жумшоо Министрлер кабинетине тапшырылган.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев мамлекеттик аппаратты кыскартуу тууралуу жарлык туура болду деген ойдо.

Чолпонкул Арабаев
Чолпонкул Арабаев

“Мамлекеттик кызматкерлердин кыскарышынын дагы бир себеби - санариптештирүү. Мамлекеттик кызматкерлерди 30% эмес, 40% кыскартса туура болот. Ал эми кыскартылган кызматкерлерге мамлекет эмгек кодекси боюнча үч айлык маянасын төлөп бериши керек. Кызматка куда-сөөк, классташ дегенди калтырууну токтотуш керек. Мамлекеттик кызматка билиминен баштап, ден соолугуна чейин жооп бере турган адамдар келгени оң”.

Президент мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу тууралуу жарлыгында Жогорку Кеңешке, Жогорку сотко, Конституциялык сотко, Сот департаментине, жергиликтүү сотторго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дагы кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу сунушун берди.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбековдун айтуусунда, президенттин жарлыгын аткаруу максатында аппаратты оптимизациялоо боюнча комиссия түзүлөт.

Алмазбек Сабырбеков
Алмазбек Сабырбеков

“Төрага ооруп жатат, аны күтүп турабыз. Мен оптимизация боюнча комиссия түзүү үчүн долбоор дайындап койдум. Комиссия кыскартуу керек же керек эмесин аныктап чыгат. Жаңы Баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин жумуштары көбөйүп жатат. Мыйзамдарды талдоо жана түшүндүрүү иши парламентке жүктөлгөн. Бул абдан чоң жумуш. Мурда бул ишти Юстиция министрлиги жасачу”.

Алмазбек Сабырбеков беш жыл мурун ишке ашкан Жогорку Кеңештин кызматкерлерин кыскартуу парламенттин ишине, мыйзамдардын сапатына терс таасирин тийгизгенин билдирди.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык депутаттардын саны 120дан 90го кыскарды.

Учтаган сайын узарган

Кыргызстанда ар бир келген бийлик ишин мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу менен баштары адатка айланган. Мисалы мурдагы президент Курманбек Бакиев 2007-жылы мамлекеттик кызматкерлердин саны 20% кыскара турганын билдирген.

2011-жылы жаңы президент болгон Алмазбек Атамбаев мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштырып, бийлик бутактарындагы аткаминерлердин армиясын кыскартуу демилгесин көтөргөн.

2012-жылы премьер-министр болгон Өмүрбек Бабанов мамлекеттик кызматкерлердин санын 10% кыскартуудан, 500 миллион сом үнөмдөлгөнүн айткан.

2017-жылы премьер-министр болгон Сапар Исаков дагы “Кырк кадам” программасынын алкагында мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу ишин баштап, аны кийинки премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уланткан.

Канча мамлекеттик кызматкер бар?

2018-жылы мамлекеттик кызматкерлерди 10% кыскартуу жүрүп жаткан мезгилде Кыргызстанда 27 миң мамлекеттик кызматкер бар экени айтылган.

Анда мамлекеттик кадр кызматынын орун басары Олег Тарбинский 27 миң мамлекеттик кызматкердин 10 миңи укук коргоо органдарынын кызматкери экенин, кыскартуунун аларга тиешеси жоктугун айткан.

Ал эми 2020-жылы октябрь окуясынан кийин мамлекеттик кызматкерлерди азайтып, мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссиянын төрагасы Бакыт Аманбаевдин айтуусунда, Кыргызстанда 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер болгон.

Бул жолу президенттин администрация башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев 34 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер бар экенин билдирүүдө. Касымалиевдин айтуусунда, 1995-жылы 26 миңден ашык, 2010-жылы 30 миңден ашык мамлекеттик кызматкер болгон.

Саясатчы Адил Турдукулов “мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу” деген реформа бийликтин ишке ашпаган, бирок элге жаккан кадамдарынын бири болуп келгенин айтты.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу менен иштин эффективдүүлүгү жогорулабайт. Мурдагы бийликтегилердин практикасынан кандай кыскартуу болгонун көрүп жүрөбүз. Чын эле 30% кыскарабы же жокпу бүдөмүк. Мурда дагы кыскартабыз деп туруп комитеттер, агенттиктер түзүлүп келген. Бирок азыркы учурда кыскартуу логикалык нерсе, Баш мыйзамдын өзгөрүшү менен президенттик аппарат менен өкмөт аппаратынын бири-бирин кайталаган кызматтары жоюлат деп айтылган. Бирок азыр эки аппарат тең иштеп жатат”.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаевдин пикиринде, мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу менен башка кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү керек.

Бакыт Рыспаев
Бакыт Рыспаев

“Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартууну туура көрөм. Бизде мамлекеттик кызматкерлердин саны көп, бирок айлыгы аз. Мамлекеттик кызматтын сапатын көтөрүү үчүн айлык акы жогору болуш керек. Жакшы кадрлардын бардыгы эл аралык уюмдарга, жеке компанияларга кетип жатат. Негизги идеясын колдосо болот, бирок реформа кандай жүрөт? Мурдагы бийликтегилердей кыскартабыз деп ылдый жактагы кызматкерлерди жумуштан кетирүү менен маселе чечилбейт. Эгерде реформа жүрө турган болсо, баарын тегиз карап, керектүү мамлекеттик кызматтарды алып калып, кээ бир кызматтарды жеке колго бериш керек”.

Мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу боюнча мурдагы реформалар учурунда кызы кыскартууга дуушар болгон экономика илимдеринин доценти Кубат Мусаев реформа учурунда өң-тааныштык болуп келгенин айтты.

“Бөрк ал десе, баш алат" деген макал бар. Азыркы кыскартуу дагы ошондой болобу деп турам. Өң-тааныш, жакын-билиш, тууган-туушкандын балдары калат, ал эми жумушчу күчтү кетирип салат. Ушундайга жол бербей, ар бир адисти текшерип, кандай иштеп жаткан, ордуна ишин ким аткарат деп анализ жасабай эле кетирип, анан кайра кызматка алып жатышпайбы”.

Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча реформа өткөн жылы октябрь окуяларынан кийин башталган. Февраль айында өкмөттүн түзүмү 39дан 16га кыскарып, ал 12 министрлик, 1 комитет, премьер-министр жана анын үч орун басарынан куралган болчу. 5-майда жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин өкмөттүн түзүмү кайра өзгөрүп, эки министрлик, бир комитет, үч агенттик, бир кызмат жаңы түзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров президенттикке талапкер кезинде мамлекеттик кызмат орундары тааныш-билиш эмес, сынак аркылуу тандалат деп убада кылган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2020-жылы расмий түрдө 156 миң адам жумушсуз деп катталган. Жумушсуздардын саны мындан эселеп көп экени айтылып келет.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу февраль-март айларында сурамжылоо жүргүзгөн. Анда кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG