Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

«Бир дүйнө» быйыл табият темасын козгоду


Фестиваль жеңүүчүлөрүнө берилчү эстелик.
Фестиваль жеңүүчүлөрүнө берилчү эстелик.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” адам укуктарына арналган даректүү тасмалар кинофестивалынын жыйынтыгы чыкты. Жыл сайын уюштурулган эл аралык бул иш-чарага быйыл экология темасында тартылган тасмалар катышты. Фестивалдын уюштуруучулары көтөргөн маселелер өкмөткө сунуш кылынары айтылууда.

Чыңгыз Самүдүн уулу тарткан “Урмат” аттуу даректүү тасма “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы уюштурган эл аралык фестивалда калыстардын атайын сыйлыгына ээ болду.

Аталган сыйлык - маркум Уланбек Эгизбаевдин урматына “Улан уланат” деген аталышта атайын уюштурулган номинация.

Самүдүн уулунун тасмасында Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында жашаган 33 жаштагы Урмат Акматовдун жашоосу чагылдырылган. Урмат тубаса майып, арабада отурат. Бирок мактоого арзыган бир топ иштерди жасаган. Он жылдан бери алма-өрүктүн көчөттөрүн өстүрүп, аларды базарда сатып, үй курганга жетишкен. Тасмада Урматтын мына ушул эмгектери баштан-аяк баяндалат.

Тасманын баш каарманы Урмат Акматов “Азаттык” радиосунун студиясына келип маек курду. Ал жашоодон алган сабактары жана тасма тартуу учурундагы кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

Урмат Акматов
Урмат Акматов

“Башында "мен иштесем эмнеге болбосун?" деп ойлодум. Андан кийин колуман келчү жумуш издедим. Көп өтпөй ата-энемден үйрөнгөн, мурда-кийин көрүп жүргөн көчөт өстүрүү идеясы келди. Аракет кылып көрүүнү чечтим. Башында азыраак аянтка отургуздум. Биринчи тапкан пайдам 30 миң сом болду. Акчаны колума кармаганда аябай сүйүндүм. Дагы көбүрөөк жерге айдап, там салып алайын деген ойго жетелендим. Ал кыялым да ишке ашты. Мага байкем жана иним жардам берип турат”.

Нью-Йорк Нургазыны күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:26 0:00

Урмат буга чейин ата-энеси менен чогуу турчу. Кичүү иниси үйлөнгөндөн кийин өзүнчө бөлүнүп жашоону чечкен. Эми үйлөнүп, очор-бачар болууну кыялданып жатат. Ал тууралуу тартылган тасманын режиссеру Чыңгыз Самүдүн уулу:

Чыңгыз Самүдүн уулу
Чыңгыз Самүдүн уулу

“Тасмада Урматтын жашоосунун бир бөлүгү көрсөтүлдү. Ал арабада отурса да башка адамдарга аралашып, коомдон бөлүнүп калбай, эмгеги менен кыйынчылыктарды жеңди. Жашоону сүйүп жашаганын көрсөткүм келди. Урмат менин айылдашым болот. Аны бала кезинен бери тааныйм. Колунан көп нерсе келет. Башкалар жасай албаган нерселерди билет. Көчөт өстүрүп, андан тапкан пайдасына үй салып баштаганын көрүп тасма тартуу идеясы жаралган. Анын максаттары башкаларга өрнөк болсун дедим. Эки-үч жыл ичинде үй салып жатканын баштан-аяк тасмага түшүрдүк. Өзүмдүн кесибим тарыхчы. Бирок үйдүн кичүү баласы болгондуктан айылда ата-энемдин жанындамын. Чарбачылык кылам. Тасма тартууну өз алдымча эле өздөштүрдүм”.

Бул тасмадан башка “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы уюштурган эл аралык фестивалында дүйнөдөгү он чакты өлкөдөн тартылган даректүү тасмалар көрсөтүлдү.

Алар негизинен, экологиясы бузулган, таза суусуз оор аймактарды, аялдардын, балдардын, майыптарын укугун чагылдырган 15 даректүү тасма.

Жаш режиссер Мээрим Догдурбекованын Ысык-Көлдүн Сарыташ-Ээрташ жаратылыш коругунан тарткан тасмасы “эң мыкты улуттук тасма” номинациясын илип кетти. Догдурбекова өзүнүн эмгегин мындайча айтып берди.

Өмүрбек Курманалиев жана Мээрим Доктурбекова.
Өмүрбек Курманалиев жана Мээрим Доктурбекова.

“Менин тасмам Сарычат-Ээрташ коругунун егери Өмүрбек Курманалиев тууралуу. Максатым - табиятты сүйүүгө чакыруу жана жаратылышты коруган адамдардын үзүрлүү эмгегин көрсөтүп берүү. Интернеттен Ысык-Көл облусундагы алыскы Ак-Шыйрак айылында тартылган тасманы көрүп калгандан кийин ошол жерден даректүү тасма тартууга бел байлагам. Бир жыл өз алдынча изилдедим. Биз жаратылышка көңүл бурбайбыз. Ошондуктан экология бузулуп жатат”.

Фестивалдын алкагында жергиликтүү жана эл аралык эксперттер менен бирге каргаша-кырсыктардын алдын алуу боюнча талкуулар уюштурулду. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу иш-чара онлайн форматта өттү.

“Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, быйылкы фестиваль экологиясы начар, уран калдыктары көмүлгөн, таза суу жок, эски шахталарды чукулап күн көргөн аймактардын жашоочулары тарткан тасмалар катышкан. Ал фестивалдын натыйжасы менен өкмөткө сунуштар берилерин билдирди.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

“Сөзсүз сунуштар берилет. Мисалы, 2018-жылы фестивалда «Мугалим» аттуу даректүү тасма көрсөтүлгөндөн кийин өкмөт ага көңүл буруп, «Эл агартуунун отличниги» деген наам алган. Биздин фестивалдын максаты - даректүү тасмалар аркылуу коомду агартуу, жакшы жакка өзгөртүү болуп саналат. Ал эми бийлик тасмадагы каармандарды көрүп, ийкемдүү болуп, моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтсө болмок. Анткени биздин каармандар бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды жоюп, көпүрө болчу милдетти аткарууда”.

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Фестиваль - адам укуктары жана эркиндиги боюнча өзөктүү темаларды көтөргөн жарандык платформа. 13 жыл аралыгында 500гө чукул даректүү тасма көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG