Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

"Баш мыйзамга кайчы келет". Нарматованын талаштуу долбоору артка кайтарылды


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Жогорку Кеңеш “"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетине кайтарды.

Айрым депутаттар коомчулуктун үнүн угуп, документтин айрым беренелерин өзгөртүү зарыл экенин айтышты. Юристтер бул долбоор Баш мыйзамга каршы келерин белгилешкен.

Парламенттин 14-февралдагы жыйынында коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган мыйзам долбоору төртүнчү маселе катары каралары көрсөтүлгөн. Бирок депутат Чыңгыз Ажибаев аны кайра комитетке кайтарууну сунуштап, ал 72 депутаттын колдоосуна ээ болду.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев “Чет элдик өкүл” тууралуу мыйзам долбоорундагы айрым беренелерди өзгөртүү зарыл экенин айтты:

“Демилгечилер да коомчулуктун үнүн угуп, кайра карап чыксак жакшы болмок. Мыйзам долбоорунун экинчи беренесинде “жарандардын инсандыгына жана жарандыгына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдарды түзүү үчүн жоопкерчиликти кароо” сунушталган. Ал беренеден кылмыш-жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап жатам”.

Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүү боюнча, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин узартууну сунушташкан.

"Жаңы мыйзамдын кажети жок"

Комитеттин кароосуна кайтарылган мыйзам долбоорунан ушул жаза алып салынары айтылууда. Буга депутат Гуля Кожокулова макул экенин айтууда. Маселен, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү же толуктоо киргизүүдөн мыйзам чыгаруучулар мүмкүн болушунча карманышы абзел дейт Кожокулова.

Кодекске толуктоолор бир гана гендердик маселелер пайда болуп, үй-бүлөлүк зомбулук күчөп, кыз-келиндердин укугу тебеленген убакта болушу керектигин да "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты кошумчалады:

"Юридикалык жак кандайдыр бир кылмыш кылып, мисалы, "бийликти алмаштырууга чакырык" жасаса, алар үчүн өзүнчө беренелер бар. Тагыраагы, бардык кылмыштар үчүн Кылмыш-жаза кодексинде жазылган, жазасы каралган беренелер так көрсөтүлгөн. Бейөкмөт уюмдар үчүн өзүнчө жаңысын ойлоп чыгуунун кажети жок. Анын үстүнө өлкө гумандуулукка ыктап, криминалга каршы болуп жаткан кезде мыйзам долбоорундагы мындай жазалар биз тандаган багытка туура келбейт. Андан сырткары бул документти ушул бойдон кабыл алууга болбойт. Адеп мыйзам кандай колдонулуп, кандай ишке ашарын кароо керек. Жаңысын кабыл алуунун деле кереги жок. Себеби, азыр иштеп аткан мыйзам боюнча бардык укук коргоочу, көзөмөлдөөчү жана мамлекеттик органдардын тиешелүү ыйгарым укуктары жакшы каралган. Алар бейөкмөт уюмдардын ачык-айкын иштешин, Юстиция министрлиги - катталышын, каржылык операцияларын - Улуттук банк, прокуратура мекеме жеке же мамлекеттик экенине карабай мыйзамды аткарышын көзөмөлдөй алат. Ал эле эмес, УКМК Кыргызстандын бейпил жашоосун бузууну каалаган тараптарды дароо текшерип, иликтөө укугуна ээ. Башкача айтканда, ыйгарым укуктары жетиштүү. Ошондуктан мамлекет бул маселелерди жөнгө сала албай атат дегенден мен алысмын".

Депутат Кожокулова бүгүнкү күндө иштеп жаткан "Бейөкмөт уюмтар жөнүндө" мыйзамдын 17-беренесинде мындай мекемелердин ишмердигинин ачык-айкындыгы тууралуу баары так жазылганын кошумчалады.

"Мыйзам чыгаруунун атайын жол-жоболору бар. Биз өзүбүз каалагандай же бирөөнүн кызыкчылыгын коргоп, жакпаган мекемени жабуу үчүн ушундай кадамдарга барбашыбыз керек. Бул темага глобалдуу карап, мамлекеттик деңгээлде караш керек".

23-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү документти экинчи окууда колдоп, парламенттин жалпы жыйынына жөнөткөн.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дастан Бекешев өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөө үчүн жаңы мыйзамдын кабыл алынышына башынан эле каршы. Ал уюмдардын ачык-айкын иштешине учурдагы мыйзамдар жетиштүү экенин айтып, соңку талкуулардан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары жана Министрлер кабинети бул демилге боюнча позициясын өзгөртүшү мүмкүн деген ойдо.

"Ошол эле учурда Министрлер кабинети да бул мыйзамдын таасири кандай болушу мүмкүн экенин талдап жатат деп ойлойм. Бул мыйзам бир гана Батыштан же Америкадан каржыланган уюмдарга эле эмес, бардык бейөкмөт уюмдарга тиешелүү болуп калат. Мында кайрымдуулук фонддору, Орусиядан каржы алган уюмдар да камтылат. Мыйзамдын тагдырын президент чечет, биз президенттик башкаруудагы мамлекетпиз. Эгер президент колдой турган болсо, депутаттар макул деп добуш берет, каршы болсо да ошондой чечим болот".

Мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Надира Нарматова негизги автор болгон документтин биринчи вариантын “Адилет” укуктук клиникасы иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Клиника андан кийин толукталган документ Орусиянын мыйзамынан да катуураак чараларды көрүүгө багытталганын аныктаган.

Мекеменин жетекчиси Чолпон Жакупова кандай гана мыйзам болбосун, ал Баш мыйзамга каршы келип, каалагандай чечмеленбеши керектигин, коомго түшүнүксүз болгон ченемдерди камтууга болбосун белгиледи.

Жакупова тилекке каршы, азыркы "Чет элдик өкүл" жөнүндө мыйзам долбоорунда Баш мыйзамга карама-каршы келген жагдайлар жаралып, аны колдонууда каалагандай чечмелегенге жол берген нормалар бар экенине токтолду:

"Президенттин администрациясынын чакыруусу менен "Коррупцияга каршы саясатты" жүргүзүүдө биз катышуудабыз. Андан сырткары тиги же бул укуктук нормативдик актыларга өзгөртүү киргизүү боюнча иштешип атабыз. Бирок сунушталган бул мыйзамга ылайык, мен сырттан каржы алып келген уюмдун өкүлү катары мындай багытта иштей албайм. Себеби мен сунуш берсем, демек мен чечим кабыл алуу процессине кийлигишип, мамлекеттик саясатка тоскоолдук кылган болуп калам. Бул жерде кандайдыр бир логика болуш керек да. Бир колуңду көтөрүп, бизге жардам бер, жумушчу топко кошул деп атасың, ошол эле маалда экинчи колуңду көтөрүп, "сенин бул ишмердигиң туура эмес" деп жатасың. Сырттан каржылангандардын баары башка мамлекеттердин кызыкчылыгын коргоого багытталган дей турган болсок, анда ошол эле мамлекеттик органдар да грант албашы керек. Эч ким албасын анда, тең укуктуулук болушу зарыл. Сотко эксперт катары жыйынтыгын бергендерди, мыйзам чыгаргандарды көрүп, азыр бизди дүйнө шылдыңдап атат. Ошончолук эле мыйзамды өткөрткүсү келсе, анда жок дегенде ар бир депутат бул сунушту өзү отуруп, окуп чыгышы керек. Көбү окубай эле колдоого даяр болуп жатканы өкүндүрөт. Болбой калды дегенде өлкөдө Конституциялык сот, конституциялык укук боюнча адистер бар. Аларга кайрылышсын, адистер кеңешин берсин, мүчүлүштүктөрдү, дал келбестиктерди алып салсын. Бирок чыныгы кесипкөйлөр иштесе, бул мыйзамдан эч нерсе калбайт - алар баарын чийип, кайсы абзацы кайсы беренеге туура келбей каларын көрсөтүп берет".


Мыйзамдын автору Надира Нарматова бул документ мамлекеттин коопсуздугуна кам көрүү максатында иштелип чыкканын айтып, “өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп кайталап келет.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар парламентти "бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү" бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG