Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Азербайжан: Ганжидеги кол салуу жана кармоо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азербайжандын бийлиги 10-июлда Ганжи шаарындагы нааразылык акциясынын учурундагы кагылышта эки полиция кызматкери көз жумганын билдирди. Бир апта мурда Ганжинин мэрине да кол салуу болгон.

10-июлда Ганжи шаарындагы нааразылык акциясы учурундагы кагылышта эки полиция кызматкери – шаар полициясынын башчысынын орун басары, полковник Илгар Балакишиев жана райондук полиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, лейтенант Самед Аббасов көз жумду. Бул тууралуу Азербайжандын Башкы прокуратурасы, Ички иштер министрлиги жана Мамлекеттик коопсуздук кызматы биргелешип жасаган билдирүүдө айтылат.

Расмий мамлекеттик органдардын маалыматы боюнча, 10-июль күнү кечинде өлкөнүн Бакудан кийинки эле экинчи чоң шаары – Ганжинин мэриясынын алдына 200дөй адам уруксат берилбеген нааразылык акциясына чогулушкан. Аларды полиция кызматкерлери таратууга аракет кылган учурда Илгар Балакишиев менен Самед Аббасов учтуу куралдан өлтүрүлгөн. Окуядан кийин 40 киши кармалып, полициячылардын өлүмүнө шектүү катары эки адамга издөө жарыяланган. Анын бири бейшемби күнү кармалды.

Полиция кызматкерин өлтүрүүгө байланыштуу шек саналып жаткандар. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Полиция кызматкерин өлтүрүүгө байланыштуу шек саналып жаткандар. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

3-июлда ушул эле Ганжи шаарынын мэри Элмар Велиевге жана анын жансакчысына кол салуу болгон. Шаар башчысына жана анын жансакчысына ок тийип, учурда чет өлкөдө дарыланууда. Бул кол салууну иликтөөнү президент Илхам Алиев өзү көзөмөлгө алган.

Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Сөз болуп жаткан окуяга шектүү катары 35 жаштагы Юнус Сафаров кармалган. "Аны менен байланышта болгон" деп дагы 11 адам колго түшүрүлгөн. Укук коргоо органдары 10-июлда демонстранттар Сафаровду колдоп чыгышканын билдирүүдө. Социалдык тармактарда чыны менен көптөр Сафаровдун кадамын “адилетсиз бийликке карата” жооп катары сыпатташууда. Борбор Азия темаларын жазып жүргөн журналист Брэдли Жардин социалдык тармактарда көп кишилер Сафаровду "улуттук баатыр катары” мүнөздөп жатканын белгиледи. Ал эми укук коргоочу Октай Гулалиев камакка алуу дагы эле уланып жатканын билдирди:

- Биз акыркы кездеги камалгандар үчүн тынчсызданып турабыз. Мамлекеттик органдардын бардык аракеттери мыйзам алкагында гана болушу керек. Расмий маалымат боюнча Ганжидеги окуялардан кийин 52 адам кармалды. Расмий эмес маалымат боюнча кармалгандар саны 100дөй адам. Камакка алуу азыр да уланууда.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Сафаров Ганжи шаарынын мэрине анын боюнда бар карындашын кемсинткени үчүн өч алуу максатында да кол салышы мүмкүн. “Азаттыктын” азери кызматына маалымат берген булактын айтымында, карындашы жеке маселеси боюнча барып, мэрге жолуккан кезде шаар башчысы аны кемсинтип, кубалап чыккан. Бийлик ал версияны четке кагууда. Ошондой эле 10-июлдагы акциянын алдында Сафаровду укук коргоо органдары кыйноого алып жатканы тууралуу да сөздөр чыккан. Расмий органдар бул маалыматты да төгүндөдү.

“Азаттыктын” азери кызматынын маалыматтарына караганда, эки полиция кызматкеринин өлтүрүлүшү бийлик айткандай, "террористтик акт же кол салуу эмес, жергиликтүү күч кызматкерлеринин ич ара тиреши да болушу мүмкүн" деген сөздөр айтылууда. Өлтүрүлгөн офицерлердин бири Ганжинин мэринин "клан ичиндеги" душманынын жакын тууганы болсо, экинчи полиция кызматкери Ганжиде туулуп өскөн жана тергөө абагындагы кыйноого каршы чыгып келген. Мындай кептердин пайда болушуна "Эмне үчүн полиция кызматкерлери өз жетекчилерин коргоп кала алган жок?" деген суроолор себеп болууда. Ошондой эле Ганжиде 10-июлда болгон окуяларды бийликтин атайын уюштурган чагымы катары баалап, "эми мындан ары камакка алуу жана бийликке сын айткандарды куугунтуктоо күчөйт" деген пикирлер да бар.

Расмий маалыматтарга караганда, Ганжи шаарынын мэрине кол салганы айтылган Сафаровдун орус жарандыгы бар жана ал бир канча ай бою Иранда жашаган, ошондой эле Сирияда аскердик даярдыктан өткөн. Бирок кандай максатта же кайсы куралдуу топ менен кызматташканы айтылган эмес. Укук коргоо органдарынын версиясында, ал Азербайжанда шариаттын негизинде башкарылган “ислам мамлекетин” орнотууну көздөгөн. Расмий билдирүүдө “бул үчүн ал республикада ажиоаж, башаламандык жана коркунуч жаратып, акырында бийдикти басуу алуу максатында бир канча мамлекеттик аткаминерди өлтүрүшү керек болгон” деп айтылат. Сафаровго башында кылмыш иши “Адамдын өмүрүнө кол салуу” беренеси менен козголсо, кийин ага “Атайын пландалган жана даярдалган террористтик акт жасоо” беренеси кошулган.

Баку акыркы окуяларды "тыштан кийлигишүү болгон" деп түшүндүрүп, анын ичинде Арменияны да айыптады. “Ганжидеги окуялар Азербайжандын өнүгүшү Арменияны гана эмес, башка да айрым тышкы күчтөрдү тынчсыздандырарын көрсөтөт” деди Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хикмет Гаджиев басма сөз жыйынында. Бирок ал кайсы "тышкы күчтөр" жөнүндө кеп болуп атканын тактап айткан жок.

Бийликчил маалымат каражаттары "10-июлда акцияга чыккандар диний уюмдун байрагын желбиретишкен жана “Аллоху акбар” деп кыйкырышкан" деп да жазып жиберишти, бирок көз каранды эмес маалымат булактары муну ырастаган жок.

​Андан тышкары ИИМ ушул күндөрү ондогон адамдарды суракка чакырып, 14 кишини административдик жазага тартып, 30 күнгө камаган. Алар социалдык тармактарда мэрге кол салуу тууралуу пикир калтырышкан же электр энергиясындагы ири авария үчүн бийликти сындашкан. Ганжи шаарынан 50 чакырым жердеги Мингечевир электр станциясында 3-июлга оогон түнү жарылуу болуп, Азербайжандын бир канча аймагы жарыксыз калган.

Ошондой эле Башкы прокуратура бир канча адамга жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилерине "Терроризмге, бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакыруу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG