Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Азери бийлиги митингге чыккандарды камады


Акцияда президент Илхам Алиевдин отставкасын талап кылгандар, бийликти коррупцияга айыптагандар да болду.
Акцияда президент Илхам Алиевдин отставкасын талап кылгандар, бийликти коррупцияга айыптагандар да болду.

8-октябрда Азербайжанда бийликти борбор калаада нааразылык акцияларын уюштурууга макул болбой келе жатканы үчүн сындап, Бакуда тынч саясий жыйындарды өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылган митинг өттү.

Азербайжандын борбору Баку шаарында 8-октябрдагы митингде кармалгандардын көбү бошотулду.

Бийлик бул жолу нааразылык акциясына уруксат бергенине карабастан, аны өткөрүү шартын бузду деген негизде ондогон кишини кармап кетти.

Азербайжан полициясынын маалыматына караганда, 8-октябрда Баку шаардык мэриясынын жанында өткөн митингде “массалык жыйындарды өткөрүү тартибин” бузганы үчүн кармалган 17 адамга эскертүү берилсе, дагы төрт адам административдик мыйзам бузуу тууралуу протокол толтурулгандан кийин бошотулду.

Ал эми "Элдик фронт" партиясынын мүчөлөрү Элхан Алиев менен Ализамин Салаевди сот 9-октябрда 15 суткага камады.

Бакудагы нааразылык акциясынын катышуучулары.
Бакудагы нааразылык акциясынын катышуучулары.

Бакудагы митингди оппозициядагы Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши уюштурду.

Алар бийликти борбор калаада нааразылык акцияларын уюштурууга макул болбой келе жатканы үчүн сындап, Бакунун борборунда тынч саясий жыйындарды өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылышты.

Президент Илхам Алиевдин отставкасын талап кылгандар, бийликти коррупцияга айыптагандар да болду.

- Мен өз укугумду талап кылып келдим. Мен бир үй-бүлөнүн башкаруусу бүтүшүн каалайм. Биздин уурдалып, офшордо же дагы бир башка жерлерде жаткан акчабыз элге кайтарылышы керек. Президенттин кыздары эч жерде иштебейт. Алардын бири 25, экинчиси 34 гана жашта. Ага карабай дүйнөнүн ар кайсы бурчуна миллиарддарды каткан. Алар акчаны кайдан алды?, - деди нааразылыкка чыккан аялдардын бири.

Акциянын катышуучулары “Биздин укугубузду кайтарып бергиле!”, “Мыйзамды сыйлагыла!” деген плакаттарды кармап турушту. Митинг учурунда отуздай киши кармалган. Ал эми акцияга жалпысынан жүздөй киши катышты.

Мамлекеттик органдардын маалымдашынча, уюштуруучулар 50 адам гана катыша турганы тууралуу маалымат берген.

Бирок келгендердин саны андан ашып кеткендиктен, полиция "уюштуруучулар шартты бузду" деген негизде ондогон кишини кармап кетти.

Бакудагы нааразылык акциясы.
Бакудагы нааразылык акциясы.

Митингдин уюштуруучуларынын бири, оппозиционер Тофик Якублу бийликти спорттук иш-чаралар, анын ичинде “Формула 1” жарышы, марафондор өтүп турган борбордук аянттарды саясий акцияларды өткөрүүгө бербей жатканын сынга алды:

- Бизге "келжирек сөздөрдү айтып, элдин жана автоунаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаратасыңар" деп айтышат. Митингдер бүт дүйнөдө шаардын борборунда өтөт. Ал жактарда деле эл бар, машиналар бар.

Оппозициялык кыймылдардын жана партиялардын өкүлдөрү полициянын аракетин айыптаган билдирүү таратышты.

Президент Илхам Алиев 2003-жылы атасы Гейдар Алиев каза болгондон кийин такка отуруп, ошондон бери Азербайжанды башкарып келет. Былтыр апрелде ал төртүнчү жолу президенттикке шайланган.

Алиев саясий оппоненттерине, көз карандысыз журналисттерге, жарандык коомго жасаган мамилеси үчүн дайыма Батыштын жана адам укугун коргоочу уюмдардын сынына дайыма кабылып келет.

Азербайжан “Фридом Хаус” уюмунун жалпы эркиндиктер жана басма сөз эркиндиги боюнча индекстеринде “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесинде.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG