Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Киев Москвадан жооп ала албай жатканын билдирди


В.Зеленский, НАТОнун желеги жана В.Путин. Коллаж. 2021.
В.Зеленский, НАТОнун желеги жана В.Путин. Коллаж. 2021.

Украинанын чыгышындагы чыңалуунун себептерин тактоо үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Киевдин талабына Орусия жооп кайтарбай жатканы жарыяланды.

Мына ошого байланыштуу АКШ Москвадан алдыдагы коопсуздук маселеси боюнча жолугушууда чек ара тилкелерине жакын жайларда аскер күчтөрүн топтоштуруп, көбөйтүүнүн себептери жана андагы чыңалууга алып келген жагдайлар боюнча түшүндүрмө талап кыла турган болду.

Киев менен Батыш Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдерди жакында болгон чагым аракеттери үчүн айыптоодо. Ал эми Москва бул чагымчыл аракеттерди кайра Киевдин өзүнөн көрүп жатканын билдирди.

Ошол эле кезде Украинанын чек арасын карай орусиялык куралдуу күчтөрдүн топтошуп жатканын күбөлөндүргөн фото-видео далилдер Москва Украинага аскер киргизип, кол салууга даярданып жатабы деген кооптонууларга негиз берүүдө.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги 12-апрелде жарыялаган билдирүүдө өнөктөш мамлекеттердин катышуусунда Орусия менен биргеликте кабыл алынган Макулдашуунун шарттарына ылайык, чек арада аскер күчтөрүнүн көбөйтүлүшүнө жана чыңалуунун курчуп баратканына байланыштуу суроолорго жооп алуу үчүн дипломатиялык каналдар аркылуу Москвага расмий кайрылуу жиберилгени көрсөтүлгөн.

Бирок бир нече күн өтсө дагы, Москва ага карата кандайдыр бир ынанымдуу негиздер менен жооп кайтарбай жатканы Украинанын Тышкы саясат мекемесинин расмий билдирүүсүндө белгиленди.

Украин президентинин басма сөз катчысы Юлия Мендель президент Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жогорку деңгээлдеги түз телефондук байланышын уюштуруу боюнча кайрылууга дагы Кремлден жооп бериле электигин билдирди.

Анын айтымында, Орусия соңку мезгилде Украинанын чыгышына жакын чек ара тилкелерине жана каратылып алынган Крым жарым аралына 40 миңден ашуун жоокерин жана аскер техникасын жайгаштырган.

Украина президентинин басма сөз катчысы Юлия Мендель жакында президент Зеленский Орусия аскер күчүн көбөйтүп, чек арада кырдаал курчуп жаткан жагдайга карата тиешелүү чараларды талкуулоо үчүн Парижге бара тургандыгын билдирди.

АКШнын ЕККУдагы өкүлчүлүгү жакында Венада өтө турган Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун кезектеги кадыр-барктуу кеңешмесинде Москвадан анын кыймыл-аракети тууралуу түшүндүрмө талап кылаары маалымдалды.

XS
SM
MD
LG