Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:44

Тайван темир жол кырсыгында набыт кеткендердин азасын күтүүдө


Тайван темир жол кырсыгынан кийинки оңдоо иштери. 3.4.2021.
Тайван темир жол кырсыгынан кийинки оңдоо иштери. 3.4.2021.

Тайвандагылар поюздун темир жолдун таманынан чыгып кетишинен улам орун алган кырсык маалында өмүрүнөн айрылгандардын азасын күтүүдө.

Тынч океандагы чакан арал өлкө болгон Тайвандагы акыркы ондогон жылдардагы эң алааматтуу темир жол кырсыгы болуп калган бул окуяда 50 киши өмүрүнөн айрылды.

Куткаруу топтору 3-апрелде рельстен чыгып кеткен жүргүнчү поюздун бырын-чырын болгон вагондорун темир жолдун сыртына чыгаруу жумуштарын улантышты.

Жумуриятта желектер жарым-жартылай түшүрүлүп, курман болгондорду жоктоо үчүн үч күн аза күтүү жөрөлгөлөрү аткарылат.

Тайвань Темир жол башкармалыгы билдиргендей, поюз Хуалян аймагындагы курулуш жүрүп жаткан жайга жакын жерде жантайып барып, темир жолго кулап түшкөн техникалык тейлөө унаасы менен кагылышкандан кийин рельстен чыгып кеткен.

Хуалян аймагындагы райондук прокуратуранын маалымдашынча, техникалык тейлөө унаасынын тормозу туура эмес басылган экен. Бул жөнүндө прокуратурага курулуш жайынын жетекчиси тастыктаган.

Прокуратура айып тагууга даяр эместигин билдирди. Поюз туннелге кирээрдин алдында анын тумшук жагы алиги унаага тийди, деп расмий өкүлдөр билдиришти. Кырсыктан өлгөндөрдөн тышкары кеминде 175 киши жаракат алган.


Президент Цай Инвэн (Tsai Ing-wen) 3-апрелде кечкурун Хуаляндагы ооруканалардагы жарадарларга жолугат деп күтүлүп жатканы маалымдалды.

Бул поюз өлкөдө ата-бабаларды эскерген төрт күндүк жөрөлгөлөр маалында ордо шаар Тайбэйден чыгып, чыгыштагы Тайтунг аймагына бара жатып кырсыкка кабылган.

Тайванды КЭР бийлиги өзүнүн ажырагыс аймагы катары санайт, ал эми мындагы калайык мурдагы гоминданчылар сунуштаган «Кытай Республикасы» (Чжунхуа Миньго) аталышын сактап, өздөрүн көз каранды эмес демократиялык жумурият деп эсептешет. (TT)

XS
SM
MD
LG