Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

Бирма: Хунта Су Чжиге жаңы айып такты


Хунтага каршы нааразылык жыйынынын катышуучулары Аун Сан Су Чжинин сүрөтүн көтөрүп алышкан. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 2-марты.
Хунтага каршы нааразылык жыйынынын катышуучулары Аун Сан Су Чжинин сүрөтүн көтөрүп алышкан. Янгон шаары, Бирма. 2021-жылдын 2-марты.

Бирмадагы аскердик төңкөрүш уюштурган хунта өлкөнүн жарандык лидери Аун Сан Су Чжиге жаңы айып такты. Бул ирет ал "мамлекеттик сыр боюнча мыйзамды бузган" деп күнөөлөнүүдө.

Ушуну менен саясатчыга бешинчи айып тагылып жатат. Ага ылайык, жарандык өкмөттү февралга чейин жетектеп келген Аун Сан Су Чжи 14 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Буга чейин ага өлкөгө мыйзамсыз түрдө рация алып кирген, колдонгон, өзгөчө абал режимин бузган жана пара алган деген кинелер коюлган.

"СNN" каналынын маалымдашынча, бирмалык аскерлер өткөн ишембиде аскердик төңкөрүшкө каршы чыккандарга абадан да сокку урган. Миңдеген кишилер Тайландга качууга аргасыз болгон.

Быйыл 1-февралда Бирмада аскерлер жарандык бийликти кулатып, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. Өлкөдө аскердик хунтага каршы демонстрациялар токтобой, полиция жайкын тургундардын тынч нааразылык жыйындарына каршы ок ачып жатат. Соңку эсептер боюнча, нааразылыкка чыккан жүздөгөн кишилер хунтанын коопсуздук күчтөрү жүзөгө ашырган зомбулуктун айынан набыт болду.

Бирманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG