Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Африка: Мозамбик өкмөтү террорчулардын колунан ондогон кишилер набыт кеткенин ырастады


Мозамбик жоокерлери исламчы жоочулардын чабуулунан кийин көчөлөрдө нөөмөттө жүрүшөт. Мосимбоа-да-Прая шаары, Мозамбик. 2018-жылдын 7-марты. Архив.
Мозамбик жоокерлери исламчы жоочулардын чабуулунан кийин көчөлөрдө нөөмөттө жүрүшөт. Мосимбоа-да-Прая шаары, Мозамбик. 2018-жылдын 7-марты. Архив.

Өткөн аптада исламчы жоочулар Мозамбиктин түндүгүндөгү Палма шаарына кол салып, анын айынан ондогон кишилер набыт болгондугун өкмөттүн өкүлдөрү тастыкташты.

Өкмөттүн басма сөз өкүлү Омар Саранга жергиликтүү жана чет элдик жүздөгөн кишилер Палма шаарынан коопсуз жакка шашылыш көчүрүлгөндүгүн 28-мартта журналисттерге билдирди.

Палма шаары – 60 миллиард долларлык наркы бар эл аралык газ долбоорлорунун логистикалык борбору болуп саналат.

Улуу Британиядан келип иштеп жаткан бир киши исламчы козголоңчулар анын мейманканасынын аймагына кол салган учурда өлтүрүлгөндүгүн “The Times” гезити мурда кабарлаган. Бул кишиден башка да жергиликтүү тургундар өлтүрүлгөн.


Шаарга жасалган төрт күндүк чабуул учурунда жаракат алгандардын жана каза болгондордун жалпы саны азырынча тактала элек.

Исламчы жоочулар 24-мартта шаарга күтүүсүздөн кол салышкан жана өкмөт мында көзөмөлдү толук калыбына келтире элек.

Жоочулар 26-мартта чет элдиктер да жайгашкан «Amarula» мейманканасынан качууга аракет кылгандардын, анын ичинде чет элдик жумушчулардын да тобун буктурмага алып аткылашкан.

Ал эми “allAfrica.com” интернет кабар тармагы өзүнүн “Твиттердеги” барагы аркылуу Палма шаарындагы террордук кол салууну Мозамбик коргоо министрлигине шилтеме кылып жана аймак картасын көрсөтүү менен 26-мартта жарыялады.

Исламчы жоочулардын "Аш-Шабаб" тобунун жана "Ислам мамлекетинин Борбордук Африка вилайети" аттуу террордук топтун жолбашчылары эгемен Мозамбик жумуриятын кулатып, чөлкөмдө шарыятка негизденген ири халифат курууну көксөөдө.

Исламчы жоочулардын акыркы жылдардагы кол салууларынын айынан Мозамбикте 2 600дөн ашуун киши мерт тапты. (TT)

XS
SM
MD
LG