Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Казакстандын ар кыл шаарларында оппозиция өкүлдөрү кармалды


Нааразылык жыйынына катышкан казактар Кытайдын ШУАР аймагындагы адам укуктарынын тепселишине жана Кытайдын Казакстандагы экономикалык таасиринин чыңдалышына каршы талаптарды жарыялашты. Алматы, Казакстан. 2021-жылдын 27-марты.
Нааразылык жыйынына катышкан казактар Кытайдын ШУАР аймагындагы адам укуктарынын тепселишине жана Кытайдын Казакстандагы экономикалык таасиринин чыңдалышына каршы талаптарды жарыялашты. Алматы, Казакстан. 2021-жылдын 27-марты.

27-мартта Казакстандын Алматы сыяктуу бир нече шаарларында бир катар оппозиция өкүлдөрү бийликтин ички-тышкы саясатына жана КЭРдин ШУАР аймагындагы адам укуктарынын одоно бузулушуна каршы нааразылык жыйындарын өткөрөөрдө кармалып кетишти.

Ишембиде Алматыда оппозициялык топтор алдын ала жарыялаган нааразылык жыйынына 300дөй адам чогулду. Митингчилер расмий бийликтерден Кытайдын Казакстандагы таасиринин чыңдалышына жол бербөөнү талап кылышты.

Тасма. Алматыдагы кармоолор жана нааразылык жыйын. 27.3.2021.

Шаардагы Чокон Валихановдун айкелинин жанындагы аянттагы демонстрация тууралуу жергиликтүү бийликтер менен алдын ала макулдашылган.

Былтыр расмий каттоодон өтүүгө майнапсыз аракет кылган оппозициячыл Демократиялык партияны түзүү боюнча демилгелүү топтун башчысы Жанболат Мамай Алматыдагы райондук акимчиликке бул жыйынды өткөрүү ниетин билдирген арыз тапшырган жана бул өтүнүч катка уруксат берилген.

Алматыдагы нааразылык жыйынында. 2021-жылдын 27-марты.
Алматыдагы нааразылык жыйынында. 2021-жылдын 27-марты.

Бирок бул уруксатка карабастан, Алматы шаарында айрым жигердүү оппозициячыл өкүлдөр алдын-ала кармалып кетти, ал эми аянтта уюкфон байланышы жана интернет үзгүлтүккө учуратылды.

Алматыдагы нааразылык жыйынына 3 сааттай убакытка уруксат кылынган. Бул мөөнөт соңуна чыккан соң, катышуучулар акырындап таркап кетишти.

27-мартта өлкөнүн Нур-Султан, Актөбө, Орол (Уральск) жана Чымкент сыяктуу бир нече шаарларында да нааразылык жыйындарга чыгууга беленденгендер орто жолдо тартип сактоо кызматкерлери тарабынан кармалып кеткени маалымдалды. (TT)

XS
SM
MD
LG