Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:40

Жаныбарларды коргоочу мыйзам долбоору мал союу боюнча талашты кызытты


Монголиянын Дархан-Уул жергесинде малды адалдап союшууда. 2018-жылдын 13-августу.
Монголиянын Дархан-Уул жергесинде малды адалдап союшууда. 2018-жылдын 13-августу.

Үй жаныбарларын коргоого багытталган мыйзам долбоору 23-мартта Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинде каралып, талаштуу жагдайлардан улам күн тартибинен кайра алынды.

Өкмөт сунуштаган “Жаныбарларды коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Бул мыйзам долбоору Кыргызстан мүчө болуп саналган Дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугу уюмунун (OIE) стандарттарына шайкеш келтирүү үчүн иштелип чыккан.

Долбоордо үй жаныбарларын багуунун эрежелери, аларды кармоо шартын жакшыртуу, таш боор мамиледен жана ырайымсыз өлтүрүүдөн коргоо жоболору жазылган. Мыйзам долбоорун толук бул жерден окуңуз.

Парламент депутаты Асылбек Жээнбеков жолбун иттерди атууга тыюу салынган учурда алардын көбөйүп кетүүсүнүн жагдайлары жана кишилерге зыянын тийгизбөө механизмдери мыйзам долбоорунда каралбай калганын белгиледи.

Ал эми дагы бир депутат - Кенжебек Бокоев мал союлуучу жайларда бодо мал электр кубатынын жардамы, же башка ыкмалар менен өлтүрүлөрүн айтып, мыйзам долбоорунда каралган эрежелер менен азыркы колдонулуп жаткан ыкмалардын шайкеш келбей калганына көңүл бурду. Депутат мал союудагы ырайымсыз ыкманы кайсы орган аныктаары белгисиз болуп калганын да белгиледи.

“Жылкыны, буканы турган жерде мууздай албайсың. Аны беш-алты бала баса калып чалат, бутун бекем байлайт. Андан кийин мууздайт. Мууздоону жаныбарды кыйналтпай турган ыкма деп ким айтты? Ооба, бул - адал ыкма, бирок, бир уруп жыгып, анан мууздаган бат болобу дейм”, - деди Бокоев.

Бокоев бул мыйзам долбоору Кыргызстанда ишке кириши кыйын деп эсептейт. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Айчүрөк Баитова долбоордо май союу боюнча талкуулар көп болгонун айтып, мууздап союу туура деген чечим кабыл алынганын билдирди.

Баитова жаныбарларга гумандуу мамиле кылууга үндөгөн мыйзам долбоору укуктук мамлекет үчүн керек экенин белгиледи.

Акырында Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети бул мыйзам долбоорун чийки деп эсептеп, күн тартибинен алып салуу чечимин кабыл алды. (TSh)

XS
SM
MD
LG