Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Батыш ШУАРдагы укук бузуулар үчүн КЭРге чектөө салса, Бээжин доолорду четке кагууда


Гонконгдук укук коргоочулар КЭРдин ШУАР аймагындагы адам укуктарынын бузулушуна каршы нааразылык жыйын өткөрүштү. Гонконг, Кытай. 2019-жылдын 22-декабры.
Гонконгдук укук коргоочулар КЭРдин ШУАР аймагындагы адам укуктарынын бузулушуна каршы нааразылык жыйын өткөрүштү. Гонконг, Кытай. 2019-жылдын 22-декабры.

АКШ, Улуу Британия жана Канада Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районундагы (ШУАР) уйгур жана башка мусулман азчылыктарынын жамаатттарынын адам укуктарын бузгандыгы үчүн кытай төбөлдөрүнө жана компанияларына каршы чектөө (санкция) жарыялоо боюнча Европа Биримдигинин аракеттерине кошулду.

ШУАРдагы адам укуктары күчөтүлө тепселип жаткандыгы улам жаңы далилдер менен тастыкталып жаткан чакта, 22-мартта Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Бээжинге кысым көрсөтүү үчүн "жигердүү дипломатиянын" бир бөлүгү деп эсептеген биргелешкен иш-аракет жүзөгө ашырылды.


Европа Биримдигинин чектөөлөрү төрт кытайлык төбөлгө жана бир курулуш компаниясына киргизилгендиктен, Бээжин жооп катары 10 европалык төбөлгө өз чектөөлөрүн киргизген.

Рааб мырза Улуу Британия, АКШ жана Канада тарабынан киргизилип жаткан чектөөлөр токтоосуз күчүнө киргизилет жана КЭРдин төрт аткаминерине саякаттоого тыюу салынат жана алардын мүлктү тоңдурулат, деди.


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өз билдирүүсүндө "бирдиктүү трансатлантикалык жооп эл аралык адам укуктарын бузган же кыянаттык менен пайдаланган тараптарга кубаттуу белги берет жана биз өнөктөштөр менен макулдашуу аркылуу мындан ары да ушул сыяктуу иш-аракеттерди жасай бермекчибиз", деп белгиледи.


"Биз КЭРдин өз кылмыштарын тез арада токтотуусуна жана көптөгөн курмандыктар үчүн акыйкаттыкка жетишүүгө чакыруу жаатында дүйнө жүзүндөгү ынтымакташтарыбыз менен бирге боло бермекчибиз", – деди Блинкен.

Заватхан Турсун (Зауатхан Тұрсын) айым ШУАРда камалып жаткан уулу Баймурат Наврызбек уулун бошотууну талап кылууда. Алматыдагы КЭРдин консулдугунун маңдайындагы пикет. 2021-жылдын 26-февралы.
Заватхан Турсун (Зауатхан Тұрсын) айым ШУАРда камалып жаткан уулу Баймурат Наврызбек уулун бошотууну талап кылууда. Алматыдагы КЭРдин консулдугунун маңдайындагы пикет. 2021-жылдын 26-февралы.

Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу эл аралык коомчулуктун доолорун расмий Бээжин дагы эле четке кагып келет.


КЭР бийлиги ШУАРдагы уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка этностук азчылыктарлын өкүлдөрү кармалып жаткан абактарды жапырт машыгуу жана террорчулукка каршы таалим алуу борборлору катары сыпаттоого далаалаттанып келет.


ШУАРга чектеш жайгашкан Борбордук Азия өлкөлөрүнө качып келүүгө үлгүргөн жергиликтүү калктардын өкүлдөрү бул аймакта адам укуктары чыдагыс деңгээлде бузулуп жаткандыгын эл аралык коомчулукка баяндашкан жана айрым борбордук азиялык шаарларда Бээжиндин ШУАРдагы адамгерчиликсиз саясатына каршы нааразылык чараларын өткөрүшкөн. (TT)

XS
SM
MD
LG