Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Жогорку Кеңеш дарактарды коргоо үчүн мыйзам сунуштоодо


Кыйылган дарак. Жалпы сүрөт.
Кыйылган дарак. Жалпы сүрөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитети 23-мартта «Кыргызстандагы калктуу конуштардагы бак-дарактарды коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт.

Мыйзам долбоорунда өлкөдөгү калктуу конуштардагы экологиялык абалды жакшыртуу үчүн бак-дарактарды коргоонун жол-жобосу жазылган.

12-беренеден турган мыйзам долбоорунда менчиктин түрүнө карабастан бак-дарактарды жок кылган тараптар жоопкерчиликке тартылаары жазылган. Мыйзам долбоорун толук бул жактан окуңуз.

Буга чейин Бишкек шаарында бак-дарактарды кыюу маселесине байланыштуу нааразылык чаралары уюшулуп келген.

Расмий маалыматтарга ылайык, баш калаада 2018-жылы 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Ошол кезде мэрия бак-дарактарды кыюу инфратүзүм үчүн аргасыз чара экенин, кыйылган бир бактын ордуна жети көчөт отургузулганын маалымдаган.

Айрым экологдор өлкөдөгү шаар, район борборлорунда көп жылдык дарактар себепсиз кыйылган учурлар көп экенин айтып, коомчулуктун назарын жашылдандыруу көйгөйлөрүнө буруп келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG