Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Армян оппозициясы аскердик абалды жоюуну талап кылды


Н.Пашинянга каршы нааразылык жыйыны маалында. Ереван. 2021-жылдын 13-марты.
Н.Пашинянга каршы нааразылык жыйыны маалында. Ереван. 2021-жылдын 13-марты.

Армениянын парламентиндеги оппозициячыл фракциялар өкмөттү өлкөдөгү аскердик абалды жоюуга чакырды. Мындай абал өткөн жылы сентябрда Тоолуу Карабак үчүн Азербайжан менен куралдуу жаңжал учурунда киргизилген.

Парламенттин коргоо боюнча комитетинин 15-марттагы отурумунда оппозициячыл «Гүлдөгөн Армения» жана “Жаркыраган Армения” фракцияларынын мүчөлөрү өкмөт жетекчилигин өлкөдө аскердик абалды саясий максатта колдонуп жатат деп сынга алды.

Депутат Арман Абовян 27-сентябрда киргизилген аскердик абал учурдагы кырдаалга туура келбестигин жана азыркы саясий окуяларга жолтоо болуп жатканын айтты.

Былтыр күзүндө Тоолуу Карабак үчүн алты аптага созулган куралдуу жаңжал орун алган.

Бул согуш Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын жетекчилиги 9-ноябрда кол койгон атышууну токтотуу тууралуу үч тараптуу келишимден соң жыйынтыкталган.

Ал учурда Тоолуу Карабактын чет-жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, аймакка тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын аскерлери киргизилген. Куралдуу кагылыштын жыйынтыгында миңдеген жоокерлер жана карапайым тургундар курман болгон.

Бул окуядан кийин Арменияда саясий кризис күч алып, оппозиция премьер-министр Пашинянды кызматтан кетирүүнүн аракетинде болуп келатат. Пашинян алардын кызматтан чегинүү талабын негизсиз деп четке кагып келүүдө. Пашиняндын айтымында, 9-ноябрдагы келишимге ал Армениянын кызыкчылыгын көздөп аргасыздан кол койгон.

Ал парламенттик эрте шайлоо өткөрүү сунушун 1-мартта айтып чыкты. «Октябрда референдум өткөрүп, же жаңы Баш мыйзам кабыл алабыз же тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, парламенттик башкаруудан жарым-жартылай президенттик башкарууга өтөбүз», - деди Пашинян.

XS
SM
MD
LG