Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:54

Навальный Владимир облусундагы Покров абагына которулду


Алексей Навальныйдын "Инстаграмм" баракчасындагы билдирүү.
Алексей Навальныйдын "Инстаграмм" баракчасындагы билдирүү.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

Бул тууралуу саясатчынын "Инстаграмм" баракчасындагы 15-марттагы жаңы жарыясында айтылат.

“Баарыңарга “А күчөтүлгөн көзөмөл секторунан” салам. Орус түрмөсү мени таң калтырганын мойнума алууга аргасызмын. Москвадан 100 чакырым алыстыкта чыныгы концлагерь түзсө болот деп эч элестеткен эмесмин”, - деп айтылат жарыяда.

Навальный өзү жазасын өтөп жаткан колония абагы тууралуу кеңири маалымат берген. Ал түрмө жетекчилиги режимди катуу сактаганын, ур-сокку, басымга туш болбогонун маалымдаган. Оппозиционер бул түрмөгө үч күн мурда которулган. Ал 3-мартта Кольчугино шаарчасындагы абакка жеткирилген болчу.

Орусия бийлигинин башкы сынчысына айланган Алексей Навальный быйыл январда Германиядан келген соң кармалган. Ал февралдын башында 2014-жылкы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Кийин Москва шаардык соту ал мөөнөттү бир аз азайтуу менен күчүндө калтырган.

Мындан соң Навальный Владимир облусундагы Кольчугино тергөө абагына которулган. Бирок өткөн аптада оппозиционер башка жайга жеткирилгени кабарланып, бирок кайда экени расмий түрдө аныктала элек болчу.

Алексей Навальный өзү куугунтукка туш болгонун айтып келет. Оппозициячыл саясатчынын абакка кесилиши Батыш өлкөлөрү менен орус бийлигинин мамилесин абдан начарлатты.

Навальныйдын адилетсиз куугунттукка туш болгонун белгилеген Евробиримдик жана АКШ ушул аптада жогорку даражалуу орус жетекчилерине санкция салды. Муну Кремль кескин сынга алып, жооп кайтарып келет.

XS
SM
MD
LG