Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

АКШнын Мамлекеттик катчысы орус бийлигин саясий каршылаштарды куугунтуктабоого үндөдү


Москва полициясы көз карандысыз муниципалдык депутаттардын шеринесине чабуул койду. Алдыдагы киши -- оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурза. 2021-жылдын 13-марты.
Москва полициясы көз карандысыз муниципалдык депутаттардын шеринесине чабуул койду. Алдыдагы киши -- оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурза. 2021-жылдын 13-марты.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Москвада ишемби күнү оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын убактылуу кармалышын «шектүү негизде» жүзөгө ашырылды, деп баалады.


"Орус бийликтери дээрлик 200гө жакын муниципалдык лидерлерди жана саясатчыларды, анын ичинде жигердүү саясатчылар Владимир Кара-Мурза менен Юлия Галяминаны шектүү негизде кармашты. Биз көз карандысыз үндөрдү куугунтуктоону токтотууга чакырабыз", – деп Блинкен 14-мартта (жекшемби күнү) өзүнүн «Твиттердеги» барагында жазды.


АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар комитетинин башчысы Боб Менендес дагы саясий шериненин катышуучуларынын кармалышын айыптады. Ал муну "күч-кубат эмес, алсыздыктын белгиси" деп атап, Кремль өзү "орус элинен коркот" деген жоромолун кошумчалады.

Буга чейин бир катар орусиялык муниципалдык депутаттар 13-мартта борбор калаадагы «Измайлово Дельта» мейманканасында өтүп жаткан саясий шерине учурунда кармалгандыгы маалымдалган. Ал жерде «Бириккен демократтар» долбоору өлкөдөгү муниципалдык депутаттардын шеринесин өткөрө баштаган болчу.

Такталган маалыматтарга караганда, жалпысынан «Бириккен демократтар» долбоорунун демөөрчүлүгү астында өткөн бул шеринеге келген 193 киши камакка алынды. Залда Орусиянын 50дөн ашык ар кыл аймактарынан келгендер, анын ичинде облустук кеңештердин депутаттары, муниципалдык депутаттар, муниципалитеттердин башчылары жана ар кыл жигердүү саясатчылар бар эле.

Андрей Пивоваровдун "Твиттердеги" жазганына караганда, Орусиянын 52 аймагынан келген жергиликтүү депутаттар жалпысынан 2 миллиондой добуш берүүчүнүн өкүлдөрү болуп саналат.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынын басма сөз кызматы укук коргоо кызматкерлери баш калаадагы мейманкана комплексиндеги иш-чарада санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузган коомдук уюмдун 200гө жакын өкүлүн кармашканын билдирген.

Бирок жыйындан жарыяланган сүрөттөрдө форумдун дээрлик бардык катышуучулары беткап кийип жүргөндүгү айгинеленет.

Шеринеге катышкандарга "жарамсыз уюмдар" менен байланышкан кишилер менен чогуу жыйында болду деген кине да коюлган. Убактылуу кармалгандарга «жарамсыз уюм уюштурган иш-чарага катышты» деген берененин негизинде протоколдор түзүлдү.


"Эхо Москвы" үналгысынын башкы редактору Алексей Венедиктов бул шериненин таркатылышынын артында Кремль турат деп божомолдоп жатканын айтты. Анын пикиринде, бул курултайдан Кремль "бийликтин мыйзамдуу жол менен шайланган өкүлдөрүнүн курамын колдонуу менен Ходорковскийдин партиясын түзүү" далаалатын көргөн.

Азырынча расмий Кремль бул кармоолор жана ага карата пикирлер жаатында өз турумун билдире элек. (TT)

XS
SM
MD
LG