Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Орус полициясы Москвадагы оппозициялык жыйынга катышып жаткан 200дөй саясатчыны кармады


Москва полициясы көз карандысыз муниципалдык депутаттардын шеринесине чабуул койду. Алдыдагы киши -- оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурза. 2021-жылдын 13-марты.
Москва полициясы көз карандысыз муниципалдык депутаттардын шеринесине чабуул койду. Алдыдагы киши -- оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурза. 2021-жылдын 13-марты.

Орусия полициясы Москвада ишембиде (13-мартта) өткөрүлө баштаган оппозициячыл иш-чарага катышкан 200гө жакын кишини кармап кетти. Алардын көпчүлүгү – оппозициячыл ишмерлер жана муниципалдык депутаттар. Бул – быйыл күздө боло турган шайлоону утурулай Кремлди сындагандарга каршы бийлик тарабынан жүзөгө ашырылган соңку зомбулук аракети болуп калды.

13-мартта Москванын “Измайлово” мейманканасында сентябрда өтө турган парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор тууралуу талкуу кылууну көздөгөн шерине башталгандан көп убакыт өтпөй эле полиция кызматкерлери бул жыйынга чабуул жасады. Орусиянын Ички иштер министрлиги бул чабуул маалында 200дөй киши кармалганын жарыялады.

Москва шаардык Думасынын депутаты Михаил Тимонов мырзаны полиция кармап кетүүдө. 2021-жылдын 13-марты.
Москва шаардык Думасынын депутаты Михаил Тимонов мырзаны полиция кармап кетүүдө. 2021-жылдын 13-марты.


Шеринеге катышуучулар жана байкоочулар иш-чарага катышкандардын бардыгы, анын ичинде бир нече журналист да убактылуу кармалды деп божомол кылышууда.

Полиция болсо кармалгандар коронавируска байланыштуу саламаттык сактоо эрежелерин аткарбагандыгын жана бул шериненин (форумдун) "жарамсыз уюм" делген бирикме менен байланышы болгонун маалымдады.


ИИМдин билдирүүсүндө: "Катышуучулардын кыйла бөлүгүндө (коронавируска каршы) жеке коргонуу каражаттары жок болчу. Катышуучулардын катарында Орусиянын аймагында ишмердүүлүгү жарамсыз деп эсептелген уюмдун мүчөлөрү да болду", – деп айтылат.

Орусиянын 50дөн ашуун чөлкөмдөрүнөн келген катышуучулар шайлоо стратегиясын талкуулоо үчүн “Бириккен демократтар” долбоору уюштурган шеринеге чогулушкан. Бул уюм болсо прокурорлордун колундагы "жарамсыз" делген уюмдардын тизмесинде жок эле.


“Бириккен демократтар” долбоорун мурдагы мунай магнаты жана Кремлдин сынчысы, бозгундагы Михаил Ходорковский колдоп келет. Анын "Ачык Орусия" кыймылы болсо 2017-жылдан бери "жарамсыз уюм" деп табылып келет.

Саясий демонстранттардын жана активисттердин кармалышын көзөмөлдөгөн “ОВД-Инфонун” билдиргенине караганда, кармалгандардын көпчүлүгү ишембиде кечке жуук бошотулган, бирок аларга кийинчерээк "жарамсыз уюмдун" ишине катышкан деген доо боюнча соттук териштирүүгө келүүгө буйрук берилген. (TT)

XS
SM
MD
LG