Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Евробиримдиктин 5 мүчөсү вакциналарды таркатуу боюнча ЕБ саммитин чакырууну талап кылышты


Мажар жараны "Pfizer-BioNTech" вакцинасы менен эмделүүдө. 2021-жылдын 6-марты.
Мажар жараны "Pfizer-BioNTech" вакцинасы менен эмделүүдө. 2021-жылдын 6-марты.


Европа Биримдиги бардык мүчө өлкөлөр экинчи токсондукта калкты коронавируска каршы эмдөө жаатындагы өз долбоорлорунун максаттарына жетишүү үчүн чукул арада вакциналарды бөлүштүрүү маселеси боюнча саммит өткөрүүгө тийиш.

Бир катар кабар агенттиктери маалымдашкандай, Евробиримдиктин беш мүчө өлкөсү (Австрия, Болгария, Латвия, Словения жана Чехия) ЕБнын жетекчилигине кайрылып, вакцина менен камсыз кылууда теңчилик жана калыстык болушун талап кылышты.

12-мартта Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишелдин дарегине жолдонгон ачык катка Австриянын канцлери Себастьян Курц, Болгариянын өкмөт башчысы Бойко Борисов, Латвиянын өкмөт башчысы Артурс Кришьянис Кариньш, Словениянын өкмөт башчысы Янез Янша жана Чехиянын өкмөт башчысы Андрей Бабиш кол коюшкан.

«Эгерде система ушул бойдон иштей берсе, анда жай мезгилине чейин уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда чоң теңсиздик жаралып, бул теңсиздик андан ары курчуй бермекчи. Айрым өлкөлө жакынкы эки аптанын ичинде жамааттык иммунитетке жетишсе, калгандары таптакыр артта калышат», – деп айтылат билдирүүдө.


12-мартта (жума күнү) Австриянын канцлери Себастьян Курц маалымат жыйынын өткөрдү жана коронавируска каршы вакциналарды бөлүштүрүү, Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө мурда макулдашылгандай, калктын санына жараша болууга тийиш эле, бирок азырынча бул иш-аракет адилеттүү жүргүзүлбөй жатат, деген сын пикирин билдирди.

Андрей Бабиш ачык каттын жарыялангандыгына байланыштуу: «Европа Биримдигинин жалпы максаты – ушул жылдын июнь айында эрезеге жеткен кишилердин 70%ын эмдөө үчүн зарыл болгондой сандагы вакцина менен камсыздоо деп Еврокомиссиясы белгилеп айткандай эле, – бул үчүн зарыл вакцина июнга карата жетишилиши керек, – мен бул мүдөөгө жеткенге чейин вакцина менен жабдуу өлкөнүн калк санына жараша жүзөгө ашырылышы керек, деп ишенем. Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин бул чен-өлчөмдөн тышкары болгон бардык башка өтүнүчтөрү жылдын экинчи жарымынан тартып гана канааттандырылышы керек”, – деп баса белгиледи.

Евробиримдиктин мүчөсү болгон Венгрия өкмөтү Биримдиктен өз алдынча чечим кабыл алып, Орусия менен Кытайдын да вакциналарын өлкөдө эмдөө үчүн колдонууда. (TT)

XS
SM
MD
LG