Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

"Биримдик - көп түрдүүлүктө" аттуу жаштардын форуму өтүүдө


Диний багыттагы ар түрдүү адабият
Диний багыттагы ар түрдүү адабият

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 20-февралдан 25-февралга чейин 18 - 25 курактагы жаштар үчүн "Биримдик көп түрдүүлүктө" аттуу форум-лагерь өтүп жатат. Ага өлкөнүн жети аймагынан жаштар катышууда.

Бул шерине "Кыргызстандагы дин таануу изилдөөлөр борбору" аттуу өкмөттүк эмес уюмдун өнөктөштүгү менен уюштурулган.

Бул иш-чаранын максаты өлкөдөгү дин аралык баарлашууну түзүүгө зарыл болгон жаштардын билимин жана көндүмдөрүн калыптандыруу экенин уюштуруучулар билдирди.

Программанын алкагында Имам Сарахси атындагы борбордук мечитке, Ыйык Архангел Михаилдик чиркөөсүнө, Ыйык Воскресенское жалпы чиркөөсүнө ж.б. диний жайларга саякат, аларды жеринен тааныштыруу чаралары жүргзүлөт. Ошондой эле дин маселеси боюнча адистердин катышуусунда Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүк, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана медиа-маалыматтык, санариптик сабаттуулук багытында атайын сабактар өтүлөт.

Кыргызстанда калктын 82 пайыздан ашуун бөлүгү салттуу сунний ханафи ислам агымын, 16% православ христиан динин тутат. Кыргызстанда башка да ар кыл майда диний агымдардын өкүлдөрү жашайт. Өлкөнүн Баш мыйзамы дин тутуу эркиндигин кепилдейт. (BCh)

XS
SM
MD
LG