Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Дүйнөлүк Соода Уюмун алгачкы жолу африкалык айым башкарат


Нгози Оконжо-Ивеала
Нгози Оконжо-Ивеала

15-февралда Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) башкы директорлугуна Нгози Оконжо-Ивеала айым дайындалды. Теги нигериялык каржы адиси эл аралык уюмду жетектеген алгачкы айым жана африкалык ишмер болуп калмакчы.

66 жаштагы Оконжо-Ивеаланын (Ngozi Okonjo-Iweala) талапкердигин ДСУга кирген 164 өлкөнүн көпчүлүгү колдоду. Ал бул кызматка 1-марттан баштап киришип, 2025-жылга чейин улантмакчы.

Былтыр октябрда анын талапкерлиги сунушталганда, мурдагы АКШ президенти Доналд Трамптын бийлиги колдобой койгон.

Трамптын өкмөтү анын ордуна түштүк кореялык каржы адиси, мурдагы соода министри Ю Мён-хи (Yoo Myung-hee) айымдын талапкерлигин жактаган, бирок ДСУнун көпчүлүк мүчөлөрү Оконжо-Ивеаланы колдоого алып жатышкан.

Быйыл 5-февралда АКШнын Жо Байден жетектеген жаңы бийлиги нигериялык мурдагы министрдин талапкерлигине өз колдоосун билдирди.

Оконджо-Ивеала эл аралык каржы институтунун башчысы катары коронавирус пандемиясынын экономикалык кесепетин жоюуга жана дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүгө басым жасай тургандыгын билдирди.

Нгози Оконжо-Ивеала айым Гарвард университетинде экономикалык билим алган. Өспүрүм кезинде ал Нигериядагы жарандык согушту башынан өткөргөн.

Ал мекенинде эки башка президенттин тушунда эки ирет (2003—2006, 2011—2015) каржы министрлигин жетектеген. Анын жетекчилиги алдында Нигерия өкмөтү Париж клубу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өлкөнүн миллиарддаган доллар сырткы карызын кечүүгө жетишкен.

Оконжо-Ивеала Дүйнөлүк банкта 25 жылга жакын иштеген. Ал жөнөкөй экономисттен баштап, 81 миллиард долларлык каржы амалдарынын куржунуна ээ уюмдун башкаруучу директорлугуна чейин жеткен.

XS
SM
MD
LG