Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:30

ИИМ: түрмөдөн чалган “телефон шылуундар” көбөйүүдө


Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.
Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Чүй облусунда абакта жатып алып, телефон аркылуу ишкерлерди ири көлөмдөгү акчага алдаган шектүү кармалганын кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы ушул сыяктуу алдамчылык көп болуп жатканын эскертип, жарандарды сак болууга чакырды жана бир нече кылмыштын чоо-жайын кенен баяндаган маалымат таратты.

Милициянын кабарлашынча, 26 жаштагы мурда бир нече жолу соттолгон Р. М. уулу аттуу шектүү 2020-жылы ишканалардын бирине чалып, буудай сатуу жана сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Шектүү алдамчылык жол менен менен буудайдын акчасы катары бир нече жүз миң сомду өзүнүн эсебине котортуп алат.

Териштирүүнүн жыйынтыгында сатуучу жана сатып алуучу телефон аркылуу бири-бири менен эмес, шылуун менен сүйлөшүп жүргөнү белгилүү болгон.

Чүй облусунун Сокулук жана Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, буудай сатып алуу боюнча ишкерге Жаза аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан Р. М. уулу аттуу шектүү ар кандай номурлардан чалганын аныкташкан. Тергөөнүн маалыматында, шектүүнүн шериги катары аял кишини аныкташкан. Ал аял банк эсептеринен каражаттарын алып берүүгө көмөктөшкөн.

ИИМдин маалыматына ылайык, ушул эле жаран дагы бир нече телефон алдамчылыгына шектелип жатат. 2019-жылы ал бир ишкерди 3 тонна кумшекерди алып сатуу боюнча сызга отургузган. 2020-жылы бир ишкерди телефон аркылуу 250 миң сомго алдап кеткен. Ушул эле жылы 255 миң сомду 30 тонна арпа сатуу жана сатып алуу боюнча иштерге байланыштуу телефондон шылуундук кылган.

Жогорудагы иштерге шектелип жаткан жаран 2021-жылы январь айында мунапыс боюнча эркиндикте чыгып кеткен. Учурда фактылар Жазык кодексинин 204–беренеси (“Алдамчылык”) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү соттун чечими менен эки айга кайра камакка алынды.

Милиция акыркы учурда абактагы телефон менен шылуундук кылган фактылар көбөйүп жатканын белгилеп, жарандарды сак болууга чакырат. ИИМ телефондон бейтааныш адамдарга ар кандай себептер менен эсебенине акча которууда чоо-жайды эринбестен расмий булактардан тактап алууну сунуш кылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG