Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Абакан: «Хакасия токойлору» мекемесинин директору паракорлукка шектелип кармалды


Читадагы токой кыюу. 2007-жылдын 21-майы.
Читадагы токой кыюу. 2007-жылдын 21-майы.

Түштүк Сибирдеги Хакасия Республикасында "Хакасия токойлору" автономиялык мекемесинин директору Андрей Васильевге жана "башка аты белгисиз кишилерге" кылмыш иши козголду. Жумурияттын тергөө мекемеси бул аткаминерлер ири өлчөмдө пара алган деген шек менен кармалганын билдирди.

Тергөөнүн жоромолу боюнча, Васильев жыгач сатуу боюнча келишимдерди түзгөндүгү үчүн 4 миллион рублга жакын акча алган.

"Кармалгандын көрсөтмөсүнө караганда, алынган паранын бир бөлүгү кийинчерээк башка кишиге өткөрүп берилиши керек болгон", – деп мекеменин билдирүүсүндө айтылат.

Паракорлукка шектелген киши Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан пара алып жаткан жеринен кармалган. Жакын арада тергөө мекемеси анын баш коргоо чарасын камакка алуу түрүндө негиздөө өтүнүчү менен сотко кайрылат. Ошондой эле, кылмышка катышкан башка соттолуучулардын өздүгү да такталып жаткандыгы кабардалды. (TT)

XS
SM
MD
LG