Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Стамбул аба майданында кыргызстандык келин көз жарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

8-февралда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Түркиянын Стамбул шаарына учуп келген кыргызстандык Шахсанам Кабылжандын аба майдандын транзит бөлүмүндө толгоосу келген. Ага Стамбул аба майданынын дарыгерлер тобу ыкчам келип, келинди төрөтүшкөн.

Стамбул аба майданы. 2020-жылдын 23-апрели.
Стамбул аба майданы. 2020-жылдын 23-апрели.

26 жаштагы кыргызстандык келин көз жаргандан кийин, үй-бүлөсү менен шаардын мамлекеттик ооруканасына которулган.

Учурда Шахсанам Кабылжан жана ымыркайы оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Оорукананын дарыгерлери экөөнүн абалы туруктуу экенин билдиришкен.

Бул кабар түркиялык сыналгы каналдарда "Стамбул аба майданында төрөлгөн алгачкы ымыркай" деген темада байма-бай көрсөтүлүп, төрөлгөн ымыркайдын атасы Мухаммадал Исмаилов Түркия өкмөтүнөн өз чүрпөсүнө жарандык берүүсүн өтүнгөнү жана үй-бүлөдөгү үчүнчү чүрпө болгон кызына Стамбул атын бергиси келгендиги кабарланды.

Түркиянын статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 2019-жылы 1 миллион 183 миң ымыркай төрөлгөн. Ал эми 2015-2019-жыл аралыгында Түркияда 712 кыргызстандык ымыркай жарык дүйнөгө келген.

Расмий маалыматка караганда, Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет. (ElB)

XS
SM
MD
LG