Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

АКШнын Мамлекеттик катчысы КЭРдин тышкы иштер министрине адам укуктары, демократия жаатында талабын айтты


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 2021-жылдын 27-январы.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 2021-жылдын 27-январы.


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайдын тышкы иштер министри Яң Цзечиге АКШ Шинжаң Уйгур автоном району, Тибет жана Гонконгдо адам укуктары жана демократиялык баалуулуктар үчүн күрөштү колдоого ала тургандыгын айтты. Бул тууралуу АКШнын Мамдепартаменти кабарлады.

5-февралда Блинкен Бээжиндеги кесиптешине телефон чалып, Кытай бийлиги Шинжаң аймагындагы уйгур жана башка этностук азчылыктарга, тибеттиктерге жана Гонконгдогу демократия үчүн күрөшүп жаткан калайыкка жасаган катаал мамилесин токтотушу зарыл деген талабын билдирди.

Бул телефон чалуу АКШ президенти Жо Байден кызматка киришкенден бери эки ири мамлекеттин тышкы саясатын башкарган жогорку жетекчилеринин ортосундагы алгачкы сүйлөшүү болду.

Блинкен "АКШ биздин улуттук кызыкчылыктарыбызды коргой тургандыгын, демократиялык баалуулуктарыбызды сактай тургандыгын жана расмий Бээжин эл аралык системага келтирген залалы үчүн жоопкерчиликте болоорун ачык айтты" деп өзүнүн «Твиттердеги» барагында кошумчалады.

Блинкен ошондой эле Кытайды Бирмадагы аскердик төңкөрүштү айыптаган эл аралык коомчулукка кошулууга чакырды. Ал, ошондой эле, Тайван кысыгы да ичине камтылган жалпы эле Инд жана Тынч океандарындагы туруктуулукка коркунуч келтирген иш-аракети үчүн да расмий Бээжин жооптуу экендигин эскерткендиги анын билдирүүсүндө айтылат.


Ал эми КЭРдин тышкы иштер министри Яң Цзечи бул жума күнкү баарлашуу маалында америкалык жаңы кесиптешине жооп кайтарып, эки өлкө чыр-чатаксыз, каршылашпаган, өз ара урматтоого жана эки тарапка төп натыйжа берчү кызматташуу жоболоруна ылайык өз ара мамилелерин жакшыртышы керек, ошондой эле өздөрү тандаган саясий системаларын жана өнүгүү нуктарын урматташы абзел, деген оюн айткандыгы КЭРдин тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө белгиленет.


Президент Байден 4-февралда тышкы саясат жаатында сүйлөгөн олуттуу сөзүндө АКШ болочокто Кытайга "такаат кыла бере" тургандыгына карабастан, "Американын кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон учурда, Бээжин менен кызматташууга дагы эле даяр" деп билдирген болчу. (TT)

XS
SM
MD
LG