Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Татарстан: БТКБ төрагасы Фарит Закиев саясий ачкачылык жарыялады


Бүткүл Татар Коомдук Борбору (БТКБ) уюмунун төрагасы Фарит Закиев. Казан. 2021-жылдын 26-январы.
Бүткүл Татар Коомдук Борбору (БТКБ) уюмунун төрагасы Фарит Закиев. Казан. 2021-жылдын 26-январы.


Бүткүл Татар Коомдук Борбору (БТКБ) уюмунун төрагасы Фарит Закиев 3-февралдан тартып саясий ачкачылык жарыялады. Ал мындай нааразылык иш-чара аркылуу прокуратуранын бул уюмду ашынган бирикме деп таануу жана жаап салуу талаптарына каршылыгын көрсөтүүдө жана өз аракетинин максаты тууралуу билдирүү да таркатты.


Закиевдин билдирүүсүндө: «Биз эң узак убакыттан бери аракетте болуп келе жаткан (1989-жылы негизделген) татар улуттук уюмунун айыпталышы – татар элине карата кадырлабастыктын көрүнүшү деп эсептейбиз. БТКБ – татар элинин укугун ырааттуу коргоп келе жаткан жападан-жалгыз коомдук бирикме. 1989-жылдан бери БТКБ Татарстандын мамлекеттүүлүгү үчүн, татар тилинин мамлекеттик тил макамы үчүн, Орусияда федерализмдин бекемделиши үчүн, Орусия элдеринин конституциялык укуктары үчүн талыкпай күрөшүп келет», – деп айтылат.

66 жаштагы коомдук ишмер Закиев башка эч арга калбай калгандыктан, саясий ачкачылык жарыялоого мажбур болуп жатканын баса белгиледи. Бул нааразылык чара Казандагы Саетгалдиев көчөсүндөгү БТКБнын кеңсесинде өткөрүлүүдө.

Татарстан прокуратурасы бул уюмду ашынган бирикме деп таануу жана жаап салуу талабы камтылган арызы менен Татарстан Жогорку сотуна кайрылгандыгы 15-январда белгилүү болду.

Көзөмөлдөө мекемеси БТКБнын ишмердигин талдап чыгып, бул уюмдун иш-аракети өлкөдөгү «аракеттеги мыйзамдарга карама-каршы келет жана ашынгандыгы менен айырмаланат», деп тыянак кылган.

БТКБнын мүчөлөрү Ф.Закиевге тилектештик билдиришти. Казан. 2021-жылдын 3-февралы.
БТКБнын мүчөлөрү Ф.Закиевге тилектештик билдиришти. Казан. 2021-жылдын 3-февралы.


Прокуратура БТКБнын ички документтеринен тышкары анын жетекчилеринин коомчулукка кайрылууларын да иликтеген.

БТКБны татар тектүү калайык өз эне тилин, улуттук маданиятын жана каада-салттарын сактап калуу үчүн, ошондой эле, татарлардын этностук тең укуктуулугун камсыздоо үчүн күрөшкөн коомдук бирикме катары санашат. Ал 1989-жылдан тартып Татарстандагы жана Орусиядагы демократиялык жүрүмгө да салым кошкондугун адистер белгилешет.

13-февралда БТКБнын курултайы өткөрүлмөкчү.

Эми 24-февралда Татарстандын борбору Казан шаарында бул маселе боюнча сот жүрүмү башталмакчы. (TT)

XS
SM
MD
LG