Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:50

КЭРдин Фуцзян аймагындагы өзөктүк реактор соода-сатык багытында иштейт


“Hualong One” (“Кытай ажыдаары – 1”) өзөктүк реактору. 29.4.2017.
“Hualong One” (“Кытай ажыдаары – 1”) өзөктүк реактору. 29.4.2017.


Кытайдын бийликтеринин айтымында, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Фуцзян вилайетинде үчүнчү муундагы өзөктүк реакторлор 30-январдан тартып соода-сатыктык багытта иштей баштады жана алардын өнүмү онлайн сатылууда.
Бул аймактын Фуциң шаарындагы жергиликтүү адистер өндүргөн үчүнчү муундагы өзөктүк реактор коопсуз, натыйжалуу, узак мөөнөткө иштейт жана отунду сарамжалдуулук менен коротууга жөндөмдүү деп бааланууда.

Өлкөдөгү “Hualong One” (“Кытай ажыдаары – 1”) өзөктүк реактор түрүнүн электр өнүмүн интернетте онлайн сатууну ишке киргизүү менен бирге, "азыркы тапта Кытай дүйнөдөгү үчүнчү муундагы өзөктүк технологиянын алдыңкы сабында АКШ, Франция жана Орусия менен бирдикте турат”, – деп Кытайдын Улуттук өзөктүк корпорациясынын (КУӨК) президенти Ю Цзянфэн билдирди.

Адистер Кытайдын тездетилген өзөктүк аракеттерин дүйнөдөгү эң ири кубат керектөөчү өлкөнүн экологиялык таза кубат өндүрүү максаттарын ишке ашыруу, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган долларлык инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу планынын бир бөлүгү деп аташат.

АКШнын “Westinghouse” электр компаниясы “Эй-Пи-1000” (AP1000) аттуу эки контурлуу өзөктүк кубат иштеп чыгуучу кыймылдаткычты (реакторду) өндүрө баштаган. Ал коопсуз реактор АКШнын өзөктүк көзөмөл комиссиясынан үчүнчү муундагы реактор макамын алгачкы жолу алган.

14 жыл мурда Америка Кошмо Штаттары менен технологияны өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, АКШнын Westinghouse компаниясынын AP1000 түрүндөгү реактору өзөктүк кубат тармагында негизги орунду ээлеп калган.

2011-жылы Жапонияда орун алган Фукусима өзөктүк ишканасындагы алааматтуу кырсыктан кийинки коопсуздукка байланыштуу сын-пикирлерден соң, Бээжин жана башка тараптар алда канча жогорку тепкичтеги технологияны – үчүнчү муундагы өзөктүк технологияны колдонуу зарылчылыгына муюшту.
“Hualong One” (“Кытай ажыдаары – 1”) өзөктүк реактору дал ошол жаңы технологиянын негизинде чыгарылган.

Фуцзян вилайетиндеги бул реакторлор 60 жылдык мөөнөттө иштей алат жана ар бир реактор 1,161 миллион киловатт кубат өндүрүүгө жөндөмдүү. Фуциң шаарындагы экинчи ушундай реактор үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин орнотулат. Бул экологиялык таза өзөктүк жабдуулар аймакты 8,16 миллион тонна көмүртекти чыгаруу коркунучунан куткарат.

Эми Пакистандын Карачи шаарында “Hualong One” (“Кытай ажыдаары – 1”) реакторунун экөө “өрнөк катары” көрсөтүү үчүн өзөктүк кубат ишкананын курулушунда колдонулууда. Ал ишкана быйыл жыл соңунда куоулуп бүтөт жана келээрки жылы өзү иштеп чыкчу кубатты интернет аркылуу сатууга ниеттенип жатат. (TT)

XS
SM
MD
LG