Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Иран белуч тегиндеги кишини дарга асты


Ирандын Систан-Белучистан вилайетинин картасы. Кызыл чекит - Сараван шаары.
Ирандын Систан-Белучистан вилайетинин картасы. Кызыл чекит - Сараван шаары.


Иран бийликтери 30-январда белуч (белуж) тегиндеги кишини ирандык коопсуздук кызматкерлерин өлтүргөн деген доо боюнча дарга асты. БУУнун бул кишиге жана башка өлүм жазасын күтүп жаткан кишилерге ырайым берүү тууралуу өтүнүчү четке кагылды.

Иран сотунун интернет барагында Жавид Дехган 5 жыл мурда өлкөнүн Систан-Белучистан аймагында Иран Ислам ыңкылабынын сакчылары кошуунунун 2 өкүлүн өлтүрүп салган деген айып менен дарга асылгандыгы тууралуу маалымат жарыяланды.

Жавид Дехганды иран бийликтери “Жайш ал-адл” (“Адилеттик аскери”) деп аталган топ түзгөн сунний жоочуларынын жолбашчысы катары санашат.

Саал мурдараак, 29-январда, Бириккен Улуттар Уюму Ирандын бийликтеринен Дехганды чукул арада дарга асуу ниетинен баш тартууну жана "анын ишин жана башка өлүм жазасына байланыштуу иштерди адам укуктарын назарда тутуу аркылуу кайра кароону" суранган. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары 29-январда “Твиттерде” жазган.

Иран – өлүм жазасын жүзөгө ашыруу саны боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки орунда турат.

“Эмнести Интернешнл” укук коргоо уюму иран соту дарга асылган Дехганга өкүм кылаарда, анын уруп-сабалышынын негизинде алынган далилдерге жана башка тергөө жана сот жүрүмдөрүндөгү бир беткейликке негизденгендигин сындап чыккан.

Бозгундагы ирандыктар белуч тегиндеги этностук азчылык өкүлдөрү дарга асылган жана оор жазаларга кириптер болуп жаткан учурларды эскертишкен. Мындай кысымга кабылган этностук азчылыктардын арасында күрт, арап жана белуч тектүүлөр бар, деп БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын басма сөз өкүлү Равина Шамдасани билдирди. (TT)

XS
SM
MD
LG