Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

"Айтматовдун "Жамийласы" кыргыздын эркиндик гимни"


Испан тилине которулган "Жамийла" повести.
Испан тилине которулган "Жамийла" повести.

Сентябрдын башында Испаниядагы Automática басма үйүндө Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинин испанча котормосу жарык көрдү. Китеп ошол эле айда Мадридде өткөн адабият жармаңкесинде сунуш кылынган.

Көптөгөн рецензияларда чыгарма Борбор Азиянын даркан талааларына жетелеп, кыргыздардын өткөн кылымдагы, согуш маалындагы айыл турмушу мыкты сүрөттөлгөнү, “Жамийла” Кыргызстанды дүйнөлүк таанымал адабий эмгектердин картасына жайгаштырганы белгиленет.

Авторлордун бири француз акыны жана жазуучусу Луи Арагондун “Жамийланы” - “Сүйүү жөнүндөгү дүйнөдөгү эң кооз дастан” деп атаганын эске салып, повестти биринчи кезекте эркиндик гимни, эркин аялдын портрети деп билерин жазган.

Ноябрдын этегинде Испаниядагы Азия үйү чыгарманы талкуулап, ага Automática басма үйүнүн негиздөөчүсү, философ Дарио Очоа жана китепти испан тилине которгон Марта Санчес-Ньевес Фернандес катышты.

Биз Марта Санчес-Ньевес Фернандести сөзгө тартып, Айтматовдун чыгармасын кандайча которуп калганына кызыктык.

Марта Санчес-Ньевес Фернандес.
Марта Санчес-Ньевес Фернандес.

Марта Санчес-Ньевес Фернандес: - Мен Айтматовдун чыгармасын биринчи жолу котордум, бирок акыркы тажрыйбам эмес деп үмүттөнөм. Негизинен орус классиктеринин, Достоевский, Толстойдун чыгармаларын испанчага которгом. Андыктан Айтматовдун чыгармасы менен иштөө абдан кызыктуу болду.

Чынын айтсам, мен жазуучуну өзүм тандап алган эмесмин. Automática басма үйүнүн кожоюну автордун чыгармаларын көп жыл мурда эле англисче окуп, өзгөчө “Жамийла” повестин жактырып, кызыгып калыптыр. Алар негизинен Европа же Америкадагы чоң өлкөлөрдүн эмес, Испаниядагы окурмандар үчүн белгисиз авторлордун чыгармаларын басып чыгарышат. Мисалы, австралиялык, кытайлык акын-жазуучулардын котормолору бизде сейрек кездешет.

- Айтматовдун чыгармалары буга чейин да испанчага которулса керек?

- Ооба, котормолору бар. Мен эски бир редакциясын таптым. Бирок түз эле түп нускадан, орусчадан которулганбы так билбейм. Себеби, ал жылдары орусча жазган авторлордун чыгармаларын көп учурда англисчеден же французчадан которушчу. Азыр абал өзгөрдү, түп нускадан түз которбосоң, жат көрүнүш болуп эсептелет. Мен мурда көргөн китеп өткөн кылымдын 80-90-жылдарында басылып чыкса керек эле, бирок азыр дүкөндөрдөн ошол вариантты таппайсыңар.

- Жаңы басылып чыккан китеп кандай сатылууда? Окурмандар тарабынан кызыгуу байкалбы?

- Китеп сүйүүчүлөр бул котормону канчалык активдүү сатып алып жатканын так айта албайм. Бирок журналисттер, белгилүү бир чөйрөдөгү окурмандар чыгарма жөнүндө көп сөз кылып, кызуу талкуулашканын билем. Балким бул биз көнгөн, билген орусиялык классик жазуучу эмес, кыргызстандык автор болгондуктан кызыгуу жаратты. Анын үстүнө башкы каармандын аял болгону да өзүнө тартат деп ойлойм. Басма үйүнүн кызматкерлери китеп тууралуу пикири менен бөлүшкөндөр аз эмес экенин айтышты. Өткөн сентябрда Мадридде уюштурулган китеп жармаңкесинде жакшы сатылган экен. Менин досторум, тааныштарым арасында “ушундай китепти белек кылышты, сен которгон турбайсыңбы” деп айткандар болду. Демек, китеп окурмандарга жетип жатат.

- Айтматовду которуу сиз үчүн кыйын болдубу? Ага чейин орус классиктеринин чыгармалары менен иштегениңизди айтпадыңызбы...

- Башында оңой болду деп айта албайм. Мунун алдында жакында эле жарык көргөн, бүгүнкү турмушту чагылдырган чыгарманын үстүндө иштегем.

Айтматовго киришкенде ыргагын таба албай бир аз кыйналдым. Ушундай учурлар болуп турат. Кайсы бир авторду которо баштаганда ыргагын илип кетип, ошол агым менен уланта бериш керек. Ошондо автор эмнени айткысы келгенин, аны кандай жол менен туюндурганын окурманга жеткире аласың. Эң татаалы кыргыз айылын сүрөттөгөн лексика болду окшойт.

Айыл чарбага байланышкан, дыйкандардын турумушун чагылдырган сөздөр “Жамийлада” арбын экен. Мен шаарда өскөм, элеттин жашоосун жакшы билбейм. Анан чоң энем бала кези тууралуу айтып бергенин, ошондо колдонгон сөздөрдү эстедим. Бул мага абдан жардам берди. Окуя 20-кылымдын 40-жылдары болгондуктан, архаизмдер (колдонуудан чыккан сөздөр) да жолугат. Жаратылышты сүрөттөгөн жерлери да убакытты алды десем болот. Мен жана айткандай, котормодо автордун добушун табуу маанилүү. Анан иш жыла берет. Дегеле, котормочулар арасында "жакшы авторду которуу оңой" деген сөз бар.

- Жеке өзүңүздү чыгарма таасирленттиби?

- Мага Айтматовдун табиятты, даркан талааларды сүрөттөгөнү абдан жакты, суктандырды. Окуп отурсаң учу-кыйыры көрүнбөгөн теребел кадимкидей көзгө элестейт. Мен бир жылдары Канар аралдарында жашагам. Океан менен асмандын кесилишкенин карап, кыялданганды жакшы көрчүмүн. Азыр Мадридде турам. Бул жерде жалаң имараттар менен чатырларды гана көрүүгө болот. Айтматовду окуганда айланаңда сени кысып, чектеген эч нерсе жок, асман менен талаанын гармониясын гана сезесиң. Мага балким башкы каарман Жамийла эмес, баяндоочу Сеит жакыныраак. Анын Жамийлага болгон балалык сүйүүсү аркылуу өз жашоосундагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканы жакты. Биз жакында китепти "Азия үйү" уюмунун платформасында талкуулаганда "чыгарма ашыктык сезимден мурда эркиндикке, мекенге, жаратылышка, жашоого болгон сүйүүнү чагылдырат" деген да ойлор айтылды.

- Сизге Айтматовду которуу сунушу дагы түшсө, макул болосузбу?

- Ооба, дагы которууну абдан каалап турам. Ансыз да Automática басма үйү азыр жазуучунун дагы бир чыгармасын которуу укугун алууга аракет көрүп жатат. Келишимге кол коюлгандан кийин аны да которууну сунуш кылышты. Кайсы чыгармасы экенин так айта албайм.

Испанияда азыркы орус жазуучуларын, тагыраагы орус тилинде жазган авторлорду жакшы билишпейт. Алар анча популярдуу эмес. Мурда орус жазуучулары деп классиктерди гана эсептешчү. Мунун саясий да себептери бар. 1990-жылдардын башында гана азыркы замандагы адабиятты которуу иши башталган. Мен СССР ыдыраган жылдары окугам. Биздин славистика факультетинде Айтматовду окутуп же ал жөнүндө жалпы маалымат беришкен эмес.

Жалаң мурдагы кылымдарда жашаган классиктер тууралуу сөз кылышчу. Албетте, советтик диссидент жазуучуларды да билчүбүз. Айтматовдун чыгармачылыгы менен тааныш испандар деле бар чыгаар. Бирок алардын саны анча көп эмес деп ойлойм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG