Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Ооганстандагы австралиялык аскерлердин айыбы ачылды


Австралиянын Коргоо күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Ангус Кэмпбэлл. Канберра, 19-ноябрь, 2020-жыл.
Австралиянын Коргоо күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Ангус Кэмпбэлл. Канберра, 19-ноябрь, 2020-жыл.

Төрт жылга уланган иликтөө австралиялык аскерлердин тандалма бөлүгү ооганстандык 39 туткунду өлтүргөн болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келди. Ал кезде Австралиянын контингенти АКШ баштаган коалиция курамында ооган жергесинде «Талибанга» каршы күрөшкө катышып жүргөн.

Австралиянын Коргоо күчтөрүнүн кол башчысы генерал Ангус Кэмпбэлл армиянын беделине көлөкө түшүргөн бул маалымат 19-ноябрда жарык көргөн баяндамада айтылганын Канберрадагы басма сөз жыйынында билдирди.

«Судья Бреретон 57 эпизодду карап чыкты. 23 окуяда австралиялык жоокерлер 39 кишини мыйзамсыз өлтүрүүгө катышканы тууралуу ишенимдүү маалыматтар бар деп тапты. Ал адамдар аскерлердин көзөмөлүндө же жөнөкөй тил менен айтканда туткундар, дыйкандар же башка карапайым оогандар болчу. Күзөтчү топтордун жаңы мүчөлөрүнө офицерлер «биринчи кан чыгаруу» деген ырым кылып «туткундалган адамды өлтүр» деп тапшырма берүү өңдүү абдан жагымсыз окуялар да катталган».

Генералдын айтымында, туткундарга андай ырайымсыз мамиле болгону айтылган окуялар 2005-2016-жылдар аралыгында катталган. Кэмпбелл муну «аскерлердин жүрүм-турумун жана кесиптик баалуулуктарды олуттуу бузуу» катары сыпаттады.

Австралиялык жоокерлер боюнча баяндама.
Австралиялык жоокерлер боюнча баяндама.

Баяндамада австралиялык жоокерлер «ал оогандар кармаш маалында жок кылынган душман болчу» деп маалыматты бурмалаш үчүн жандарына курал-жарак, рация, гранаталарды атайлап таштап жүрүшкөнү айтылган.

Тергөөнү жүргүзгөн судья, генерал-майор Пол Бреретондун командасы 2016-жылдан бери 20 миңден ашуун документ, видео, сүрөттөр менен таанышып, 400дөн көп күбө менен сүйлөшкөн.

Бреретон ошол кылмыш деп табылган инциденттерге Австралиянын атайын күчтөрүнүн 25 жоокери катышкан, алар негизинен Аба күчтөрүнүн полкунда кызмат өтөгөндөр болчу деген бүтүмгө келди.

Баяндамада «19 аскердин ишин полиция киши өлтүрүү фактысы боюнча текшерсин» деген сунуш айтылган. Куралдуу күчтөр армиянын түзүмүндө өзгөрүүлөр болорун, Ооганстанда кызмат өтөп орден, медаль менен сыйлангандар кайра каралып чыгарын билдирди.

Кэмпбелл Ооганстан армиясынын жетекчиси менен сүйлөшкөнүн, ал окуяларга өкүнгөнүн жана ооган элинен кечирим сураганын айтты.

Австралиянын Коргоо күчтөрүнүн атынан ооган элинен австралиялык аскерлер кылган мыйзамсыз иштер үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм.

«Австралиянын Коргоо күчтөрүнүн атынан ооган элинен австралиялык аскерлер кылган мыйзамсыз иштер үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Мен Ооганстан армиясынын штаб башчысы, генерал Мохаммад Ясин Зиа менен түз байланышып, ушул сөздөрдү айттым. Мындай жүрүм-турум тууралуу маалыматтар жардам сурап кайрылган ооган элинин бизге арткан ишенимине көлөкө түшүрөт».

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон баяндамада «австралиялыктар үчүн абдан оор» жаңылык камтылышы мүмкүн экенин алдын ала эскерткен.

Моррисон баяндама чыга электе ооган президенти Ашраф Ганиге телефон чалып кечирим сурады жана «сот адилеттигин орнотууга» сөз берди.

Австралия АКШ баштаган эл аралык күчтөрдүн алкагында Ооганстанга аскерлерин 2002-жылы жөнөткөн. Учурда ал өлкөнүн контингенти 1150 жоокерден турат.

XS
SM
MD
LG