Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

Армян оппозициясы Пашиняндын отставкасын талап кылды


Гагик Царукян жана анын тарапташтары. 14-июнь, 2020-жыл.
Гагик Царукян жана анын тарапташтары. 14-июнь, 2020-жыл.

Арменияда бийлик-оппозиция ортосунда чыңалуу күчөп бара жатат. Оппозиция лидери Гагик Царукян экономикалык кылмыштарга шек саналып, жекшембиде сурак берди. Анын таламын талашып, өкмөттүн отставкасын талап кылып чыккан 250дөн ашуун киши кармалды.

Жекшембиде Еревандагы Улуттук коопсуздук кызматынын жанына жүздөгөн адам чогулду. Алар кеңсе ичинде сурак берип жаткан оппозиция лидери Гагик Царукянды колдоп, премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып жатышты.

Айрымдары автожолдогу өтмөктөргө отуруп алышып, жол тосууга аракет кылышты.

Полиция чогулгандарды кармап жаткан учур. 14-июнь, 2020-жыл.
Полиция чогулгандарды кармап жаткан учур. 14-июнь, 2020-жыл.

Бир убакта демонстранттарды полиция кармай баштады. Жекшемби түнкү саат 10го карай полиция жалпы 252 адам кармалганын билдирди. Аларды обочолонуу режимин, митинг өткөрбөө талабын бузду деп айыптады.

Арменияда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими 13-июлга чейин узартылып, жапырт жыйындарга чек коюлган.

Парламенттеги оппозициялык «Гүлдөгөн Армения» фракциясынын лидери, ири ишкер Гагик Царукяндын үйүн жана иш кеңсесин ишембиде атайын кызмат тинтүүгө алган.

Гагик Царукян Армениядагы эң бай адамдардын бири.
Гагик Царукян Армениядагы эң бай адамдардын бири.

Депутаттын үй-бүлөсү ээлик кылган «Онира клуб» жана «Шангри Ла» оюн-зоок жайлары "лицензиясыз ишмердик жүргүзгөн, салыктан качкан" деп шек саналууда. Натыйжада, бир нече жыл ичинде мамлекетке 29 миллиард драм же 60 миллионго жакын доллар зыян келтирилген деп эсептелип жатат.

Царукян мунун баарын өкмөт башчы Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылганына байланыштырды:

«Алар басым көрсөтүп, опуза кылгылары келип атат. Бирок мен, Гагик Царукян катары айтайын, эгер кетенчиктей турган болсом, бузулган аялдын уулу болуп калайын. Алар эмне гана кылбасын, мага эмнени гана жамабасын, куру нерселери жабышпайт», - деди тарапташтарынын алдында.

Андан соң Улуттук Коопсуздук кызматына кирип кетип, түн бир оокумга чейин сурак берди.

Ошол эле маалда атайын кызмат Царукяндын «Гүлдөгөн Армения» партиясын 2017-жылдын апрелиндеги шайлоодо жапырт добуш сатып алууларга жол берген деп дагы айыптап жатат. Билдирүүдө кыркка жакын тинтүү жүргүзүлгөн учурда алынган документтер муну ырастап турганы камтылган. Коопсуздук кызматы добуш сатып алууга партиянын мүчөлөрү да, жетекчилиги да кириптер болушкан деп маалымдады.

Арменияда 2017-жылы мурдагы бийликтин, 2018-жылы ыңкылапчыл Никол Пашиняндын өкмөтүнүн тушунда эки ирет парламенттик шайлоо өткөн. Армения парламентинин вице-спикери Ален Симонян Царукяндын партиясынын ошондогу жыйынтыктарына көңүл бурду:

«Белгилүү болгондой, 2017-жылдагы шайлоодо «Гүлдөгөн Армения» 430 миңдей добуш алган. Ал эми бир топ ай өткөндөн кийин 2018-жылы алган добуштары төрт эсе аз, 100 миңдин тегерегинде болгон».

Мане Геворкян.
Мане Геворкян.

Ал эми премьер-министрдин маалымат катчысы Мане Геворкян «Азаттыктын» армян кызматына берген маегинде болуп жаткандын баары укуктук талаада деп билдирди. Андан башка пикир айта албасын, бардык маалыматтарды тергөө органдары берерин кошумчалады.

Гагик Царукяндын партиясы орус-армян кызматташтыгын жана байланышын бекемдөөгө ыктап келет. Акыркы мөөнөтсүз шайлоонун жыйынтыгында Улуттук Жыйындагы 132 орундан 25 мандатка ээ болгон. Оппозициядагы фракциялардын эң ириси.

Арменияда оппозиция-бийлик ортосундагы чыңалуу май айынан бери күчөдү. Царукяндан тышкары Пашиняндын мурдагы командалашы, 2019-жылдын сентябрында Коопсуздук кызматынын башчылыгынан кеткен Артур Ванецян да Пашиняндын өкмөтүнүн коронавируска каршы күрөшүн сындап келет.

Премьер-министр өзү да өкмөт мүчөлөрү эпидемияга каршы эрежелерди сактабай жатканын моюнга алып, 8-июнда армиянын, полициянын жана Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилерин алмаштырган.

Никол Пашинян.
Никол Пашинян.


Июндун башында Пашинян үй-бүлөсү менен коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон. Үч миллиондой калкы бар бул өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга премьер-министр “тозоктон өтүп жаткандайбыз” деп баа берген. Жекшембиге карата COVID-19 илдетине чалдыккандар 16,6 миңден ашты. Анын ичинен 270 киши көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG