Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Армениядагы шайлоодо бийлик партиясы алдыга чыкты


2-апрелде Арменияда жалпы парламенттик шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алгачкы жыйынтыктары боюнча президент Саргсяндын Республикалык партиясы 49,21% менен алдыда келатат.

Бул 2015-жылдагы конституциялык реформалардан кийинки биринчи добуш берүү жараяны. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалымат боюнча Армения Республикалык партиясы 49,21% менен биринчи, орусиячыл ишкер Царукяндын блогу 27,58% менен экинчи, Армения Революциялык федерациясы саясий партиясы 8% менен үчүнчү келатат.

Бул шайлоонун жыйынтыгынан парламент менен өкмөттүн курамы эле эмес, кийинки президенттин ким болоору дагы көз каранды. Учурдагы президент Серж Саргсяндын тактыдагы экинчи мөөнөтү 2018-жылдын апрель айында аяктайт. Анын ордуна келе турган кийинки президентти Армениянын парламенти тандайт.

- Тынчтыктан артык баалуу нерсе жок. Биз чек арада тынчтык орнотуу үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз, – деди алгачкы жыйынтыктардан кийин Республикалык партиянын башчысы, учурдагы президент Серж Саргсян.

Серж Саргсян.
Серж Саргсян.

Ал эми оппозициялык блокту жетектеп чыккан өлкөдөгү таасирдүү, ири ишкер Гагик Царукян:

- Биз шайлоо компаниясында көйгөйлөргө өз сунуштарыбызды коомчулукка айтып бердик. Чечим чыгаруу элден көз каранды. 3-апрель күнү эл кандай Арменияны көргүсү келгенин айтат, – деди.

Добуш берип чыккан еревандык Гурген Барикян коомчулук үчүн өлкөнүн саясий келечеги белгисиз болуп турганын айтты:

- Баш мыйзамды өзгөртүү менен саясий түзүм дагы өзгөрөт эмеспи. Парламенттик республика кандай болоорун элестете албай турабыз. Бул биз үчүн жаңылык.

"Жаран байкоочу" демилгечи тобу шайлоо учурунда 1918 мыйзам бузуу катталганын маалымдады. Учурда мыйзам бузуулар иликтенип жатат. Армения Борбордук шайлоо комиссиясы тизмедеги шайлоочулардын 60% добуш берүүгө катышкандыгын билдирди. Расмий маалымат боюнча, Арменияда эки жарым миллиондон ашуун шайлоочу катталган. Шайлоо таңкы саат сегизден кечки сегизге чейин уланды. Өлкө боюнча 2009 шайлоо тилкеси ачылган. "Грузия жаңылыктары" агенттигинин маалыматына караганда, чет өлкөдөгү жарандар үчүн добуш берүү каралган эмес.

Еревандагы добуш берүү.
Еревандагы добуш берүү.

Арменияда бул жолку добуш берүү жаңы шайлоо системасы менен өттү. Ага ылайык, Улуттук жыйынга депутаттар пропорционалдык жана мажоритардык система менен шайланат. 90 мандат пропорционалдык система менен саясий партияларга тийсе, ал эми 41 депутат өлкө боюнча мажоритардык тартипте шайланып келет.

Бул шайлоодо Мыйзам чыгаруу органына беш саясий партия жана төрт партиялык альянс ат салышты. Жеңишке жетүү үчүн саясий партиялар беш пайыздык, ал эми партиялык бирикмелер жети пайыздык босогодон өтүшү керек.

Өкмөттүн курамын түзүү үчүн көпчүлүк коалиция парламентте 54 пайызга ээ болушу керек. Добуш берүү жыйынтыгы чыккан соң алты күндүн ичинде коалиция түзүлүшү керек. Болбосо 28 күндөн кийин жеңип келген эки лидер партиянын же блоктун ортосунда кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Шайлоодо негизги атаандаштар болот деп Саргсяндын башкаруучу Республикалык партиясы менен таасирдүү бизнесмен Гагик Царукяндын саясий блогу аталган.

Армениялык айрым эксперттер өлкөдө конституциялык реформанын, парламенттик башкаруу системасына өтүүнүн максаты Серж Саргсяндын бийликте калышы үчүн уюштурулган деп эсептейт. Бирок 2014-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр сунушталып жатканда президент Саргсян премьер-министрдин кызматына умтулбасын айтып, бир адамдын эки мөөнөт мамлекет башында болушу жетиштүү деген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG