Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Англисче чыккан "Манас" Берлинге жетти


"Манас" китебинин мукабасы.
"Манас" китебинин мукабасы.

“Манас” эпосунун балдарга арналган англис тилиндеги варианты жарык көрдү. Анын бет ачары 22-апрелде Берлин шаарында өткөнү турат.

Кыргызстандагы “Бугу пресс” басма үйү котортуп, басып чыгарган бул китеп “Манастын” Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев түзгөн вариантына негизделген. “Манасты” англисчеге которуунун күңгөй-тескейи тууралуу “Бугу пресс” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин “Азаттыкка” маек курду.

- Жаныбек мырза, англис тилиндеги өспүрүмдөргө арналган “Манас” китебинин бет ачары дүйшөмбү күнү Берлинде өткөнү турат. “Манасты” качан, эмне үчүн англисчеге которууну чечип калдыңыздар?

- “Бугу пресс” 2017-жылдан бери иштейт. Көбүнчө чет тилдеги мыкты чыгармаларды кыргыз тилине которчубуз. Буюрса иш улана берет. Бизде да мыкты чыгармалар бар. 2024-жылдан баштап аларды дүйнөнүн негизги тилдерине которууну чечкенбиз.

Атайын ырымдап, эң биринчи “Манастан” баштадык. Эмне үчүн? Анткени кыргыз оозеки жазма адабиятынын ичинен эң биринчи “Манас” эпосу чет тилге, немис тилине которулуптур. Орус тили эмес, араб тили эмес, же башка тилге эмес. Вильгельм Радлов же Василий Васильевич Радлов аттуу немис окумуштуусу 1885-жылы “Манастын” 12 миң саптан ашкан вариантын немис тилине которуп, Германиянын Лейпциг деген шаарында чыгарган.

“Бугу пресс” дагы бул тарыхый жолду улай китептин бет ачарын символикалуу түрдө атайын Берлинде өткөрүүнү чечтик. “Манастан” баштаганыбыздын эң негизги себеби ушул.

“Манастын” Бексултан Жакиев түзгөн вариантын англис тилине котордук. Эмне үчүн? Анткени Бексултан Жакиев кыйын жазуучу, драматург болгон. Ал киши атактуу манасчылардын бардык варианттарын карап чыгып, кысылган вариантын жазып чыккан. Бул вариантта негизги окуялар бар.

Балдарга арналган жагынан да бизге артыкчылык болду. “Манастын” да өзүнүн көп артыкчылыгы бар. Анын бири ой жүгүртүүнү, фантазияны өрчүтүүгө жардам берген өзгөчөлүгү бар. Чет өлкөлүк жаш окурмандар мына ушундай китептерди көп окуйт.

- Албетте, “Манас” чоң эпос. Анын сюжетин англис тилинде чакан китепке сыйдыруу дагы көп эмгекти талап кылса керек. Англисчеге ким которду? Бул иш канча убакыттын ичинде жасалып бүттү? Канча нуска менен чыгып жатат?

- Бексултан Жакиевдин көзү өтүп кетти. Аны менен бул вариантты кантип даярдаганы тууралуу сүйлөшө албай калдык. Ошол киши даярдаган версияны англисчеге которууга эки жылдай убакыт кетти.

Жаныбек Абидетегин.
Жаныбек Абидетегин.

Америкада жашаган Акылай Байматова деген эже бар. Ал өзү Америкада мугалим болуп иштейт. Буга чейин башка да чыгармаларды которуп жүргөн. Мар Байжиевдин вариантындагы “Манасты” англисчеге которгон. Ал эже менен сүйлөшүп, келишим түзүп, ушул балдарга арналган варианттан баштадык.

Китеп миң нускада чыгып жатат. 150 беттен, иллюстрациялардан турат. Сүрөтүн Болотбек Нурдинов аттуу жаш жигит тарткан. Америкалык редактор редациялаган.

Балдарга түшүнүктүү болсун деп жөнөкөйлөштүрдүк. Ичиндеги ар бир процессти сүрөт менен бергенге аракет кылдык. Сүрөттөр абдан көп. Каармандар азыраак. Бала жаттап алышы керек.

Китепте тексттер көп эмес. Ошол жагынан жаш балдарга арналганын билсек болот. Бирок бул китеп өспүрүмдөргө да ылайыктуу. Негизи эле, менин оюмча, бул китеп “Манаска” кызыккан чет элдик этнограф, фольклорчулар, адабиятчылар үчүн баштапкы булактын бири болуп саналат.

- Ооба, аудитория тууралуу да сурайын дедим эле. “Китепти ким окуйт?” деген маселе авторду да, басма үйдү да ойлондурбай койбосо керек. Демек, бул китептин окурмандары балдар менен эле чектелбейт турбайбы?

- Ооба. Кызыккандардын баары окуй берсе болот. Биздин өлкөдө азыр окурмандардын алты пайызы англисче китеп окуйт. Кудайга шүгүр, англисче китептерди окугандар, сатып алгандар бар. Биздин китеп аларга да арналат. Негизи эле каякта болбосун, англис тилдүү бардык окурмандарга багытталган.

Азыр кагаз түрүндөгү версиясы жарыяланып жатат. Бир канча убакыттан кийин бул китептин электрондук вариантын да чыгарышыбыз мүмкүн. Анткени бизге ошондой кайрылуулар да болуп жатат. “Амазонго” коюшубуз мүмкүн. Себеби англис тилиндеги окурмандардын арасында электрондук китептерди окуу маданияты бар.

- Биз “Бугу прессти” чет тилдеги китептерди кыргызчага которгон басма үй катары билчүбүз. Эми кыргызча китептерди да башка тилге которууга киришип жатыпсыз. Бул багытта дагы кандай пландарыңыздар бар?

- Азыр негизи дүйнөлүк китептерди окуп жатпайбызбы. Мен дүйнөлүк авторлор бере алган сюжеттерди, окуяларды, фантазияны жана креативдүү ойду биздин жазуучулар да бере аларына ишенем. Бизде да чыгаан-чыгаан жазуучулар бар. Бирок бир чоң барьер бар. Кыргызчаны кыргыздар эле билет. Алардын арасынан китеп окугандары гана жакшыраак билет. Ошентип кыргыз тилиндеги аудитория тарый берет. Биздеги мыкты чыгармаларды башка тилге акырындап которо берсек, бир чыгарманынын багы ачылса, андан ары иш жүрүп кетет. Азыр арык чабылып жатат.

“Манастан” башка биз кыргыз эл жомоктору менен Чыңгыз Айтматовдун бир повестин котордук. Азыр “Манасты” ийгиликтүү өткөрүп алсак, окурмандар, дүйнө кандай кабыл алары билинет. Ага жараша берки чыгармаларга өтөбүз.

- Башка тилден кыргызчага которуу жагын алабызбы, же кыргыз тилинен чет тилге которуу жагын алабызбы, жалпы эле Кыргызстандагы котормолордун сапатына кандай баа берсе болот?

- Биздин билим берүүбүз абдан жабыркаганына байланыштуу биз кыргыз болуп туруп, тилибизди жакшы билбейбиз. Кыргыз болуп төрөлсөк деле өзүбүздүн эне тилибизди жакшылап үйрөнүшүбүз керек. Үйрөнбөсөк, биле албайбыз. Менин жеке оюм боюнча, көпчүлүк кыргыздар эне тилин жакшы биле бербейт. Ошондуктан сапат жагынан, көркөмдүк жагынан, бир ойду жакшы жеткирүү жагынан көпчүлүк басма үйлөр аксашы мүмкүн.

Бирок автордук укук жана китеп окуу маданияты жагынан жакшы эле алдыда келе жатабыз деп ойлойм. Буюрса, билим берүү күчөсө, тилибизди дагы терең үйрөнсөк, келечекте котормобуз да мыкты болот деген ойдомун.

Анткени бизде окуган жаштардын жоон тобу пайда болду. Азыр алар жаш болуп жатат. Буюрса, алар кийин үй-бүлө курса, китеп окуган үй-бүлөлөр пайда болот. Ошол муундун артынан жакшы иштер башталат.

- Котормонун сапатын жакшыртуу үчүн “Бугу прессте” кандай механизмдер бар? Анткени котормонун жалпы мазмунун берүү бир маселе, аны жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берүү андан да маанилүү маселе эмеспи.

- Эгер биз бир китепти англис тилинен кыргызчага которсок, аны сөзсүз эки редактор карайт. Алар кандай редакторлор? Биринчи редактор англисче билет. Ал англис тили менен кыргыз тилин салыштырат. Экинчиси, англисче билбеген редактор.

"Бугу пресс" басма үйү которгон китеп.
"Бугу пресс" басма үйү которгон китеп.

Анткени англисче билген редактор англис тилинде айтылган ойдон алыстай албай эле кыйнала берет экен. “Жок, эгер минтип которсок, котормонун маанисин бербей калат” дешет. Ал эми англисче билбеген редактор: “Бул жерде кыргызча эле сөз турат, бирок ой кыргызча айтылбай жатат”, - дейт. Ал колоритти кошуп, тилдин ыгына салат.

“Сколько волка ни корми, все равно смотрит в лес” деген орус макалын мисалга алалы. Чыгармада бул макалды кезиктирсек, “карышкырды канчалык тойгузсаң деле токойду карай берет” деп которуп коюшубуз мүмкүн. Бирок кыргызда ал сөз бар да. “Бөрү баласы ит болбойт”. Кыргызга тигини айтканча, “бөрү баласы ит болбойт” дегенди дароо түшүнөт. Ток этер жерин айткан болобуз.

Ошондуктан биз оригинал тилди билген жана билбеген редакторлорго беребиз. Андан кийин бир-эки кишиге окутуп көрүп, китепти басмага чыгарабыз.

- Сиз Кыргызстанда окурмандардын жоон тобу пайда болуп калганын айтпадыңызбы. Аларды негизинен кандай китептер кызыктырып жатат?

- Китеп окуу маданиятын өстүрүүнүн дагы бир жолу – бул окурмандардын санын өстүрүү экен. Бир эриш-аркак өнүгөт экенбиз. Алар көбөйөт, биз көбөйөбүз. Бири-бирибизди коштоп кете берет экенбиз. Эгер биз жок болсок, окурмандар башка тилден окуп кете берет экен. Окурмандар жок болсо, биз ким үчүн чыгарып жатканыбыз түшүнүксүз болуп калат.

Бүгүнкү күндө биздин окурмандар көркөм адабиятка караганда тарыхый китептерди, диний китептерди, дем берүүчү, психологиялык китептерди көбүрөөк окуп жатат.

Кээ бири “биздин жаштар мотивациялык китептерди окуйт, деңгээли төмөн” дейт. Бирок мен ага мындай баа берет элем. Балким биздин жаштар бала кезинде ата-энесинен болобу, жакынынан болобу, мугалимден болобу, “сенин колуңан баары келет, сен ушуну жасай аласың” деген дем-күчтү укпагандыктан мотивациялык китепти окуганга зар болуп жаткандыр.

Буюрса 5-10 жыл өтөт. Анан калктын калың катмары көркөм адабиятка өтөт го деген ой бар. Арабызда дүйнөлүк окурмандар менен жарышып окугандар бар. Биздин өлкөдө окурмандардын түрдүү клубдары да пайда болду.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG