Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Президенттин маалымат саясатын башкарган адис кармалды


Садыр Жапаров менен Нургазы Анаркулов. Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткандагы маалымат жыйынында тартылган сүрөт.
Садыр Жапаров менен Нургазы Анаркулов. Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткандагы маалымат жыйынында тартылган сүрөт.

Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов ири суммадагы пара талап кылууга шек саналып кармалды.

Анаркуловдун жакындары анын кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча айыпталып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Анаркуловдун кармалышы боюнча УКМКнын маалыматында мындай деп айтылат.

«УКМКнын Коррупция менен күрөш кызматы тарабынан президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы «А.Н.С.» тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши аныкталды. Анда такталгандай, кармалган «А.Н.С.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык баюуну көздөп, кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим чыгаруу үчүн мамлекеттик жетекчи кызмат орундарынын бирине талапкерден өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылган».

Нургазы Анаркуловду кармоо учурунда тартылган сүрөт.
Нургазы Анаркуловду кармоо учурунда тартылган сүрөт.

Атайын кызматтын өкүлдөрү Нургазы Анаркуловду президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратындагы иш бөлмөсүнөн кармап кеткен.

Октябрдагы элдик толкундоо учурунда Ак үй талкаланып калгандыктан өлкө башчынын маалымат саясат бөлүмүнүн кызматкерлери ошол жерде убактылуу иштеп жаткан.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Анаркуловдун кармалышы күтүүсүз окуя болгонун айтты.

Галина Байтерек
Галина Байтерек

«Ачыгын айтканда, мындай окуя болуп кетерин күткөн эмеспиз. Анаркулов өзү тажрыйбалуу, билимдүү бала болчу. Аны менен иштеген абдан жеңил эле. Башка иштери тууралуу маалыматыбыз болгон эмес. Анын кармалышы жалпы бөлүм үчүн күтүүсүз окуя болду. Мен мындан башка маалымат бере албайм. Тиешелүү органдар ишти ачык иликтеп чыгат деп ойлойбуз».

Галина Байтерек Нургазы Анаркулов кимден, канча акча сураганын билбей турганын кошумчалады. Бул боюнча УКМКнын маалыматында да эч нерсе айтылган эмес.

Камакка алынган Нургазы Анаркулов президенттин маалымат саясаты бөлүмүн 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин жетектей баштаган.

Ал ага чейин «Майдан.kg» гезитинин башкы редактору болчу. Анаркулов жыйынтыгы жокко чыгарылган 5-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан (47-тизмеде) талапкер катары катышкан.

Нургазы Анаркуловдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен жакшы мамиледе болгону айтылып келет. Бул сөздөрдү Ташиев өзү дагы ырастап, Анаркуловдун кармалышы боюнча билдирүү таратты. Ал жерде мындай деп жазылат:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

«Биздин жолдорубуз ишмердүүлүгүбүзгө байланыштуу бир нече жолу кесилишти, көп нерсени баштан кечирдик. Мен анын жакшы жагын гана билем. Биздин жеке тааныштыгыбыз жана жылуу мамилебиз бул кылмыш ишин тергөөгө эч кандай таасирин тийгизбейт. Дагы бир жолу баса белгилегим келет, рангына, социалдык абалына, тууганчылыгына, улутуна жана башкаларга карабастан, коррупцияга күнөөлүүлөр аныкталып, жоопко тартылат. Мындай мыйзамсыз аракеттер жарандардын бийлик өкүлдөрүнө болгон ишенимине терс таасирин тийгизип, өлкө жетекчилигинин эл алдындагы беделин түшүрөт».

Нургазы Анаркулов 2012-жылы да Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. Анын камалышына ошол учурдагы «Учкун» басмаканасынын жетекчиси Кубат Болоткановдун арызы негиз болгон.

Ал Нургазы Анаркулов өзү ээлик кылган «Майдан.kg» гезитине каралаган материал чыгара турганын билдирип опузалап миң доллар сураганын айткан. Ички иштер министрлиги «Анаркулов 11 миң сом алып жаткан жеринен кармалды» деген маалымат тараткан.

Бирок Анаркуловдун тарапташтары анын кармалышын журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган эле. «Майдан.kg» ал учурда оппозициялык көз караштагы басылма болчу.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов Нургазы Анаркуловго байланышкан окуя тууралуу мындай деди:

«Чын эле коррупция менен күрөш болуп жатабы же бул жерде жасалмалуулук барбы? Анткени президенттик шайлоого катышкан Курсан Асанов менен Абдил Сегизбаев камакка алынды. Муну кандайдыр бир деңгээлде саясий куугунтук катары бааласак болот. Мындан тышкары коррупционерлер, былык иштерде атагы чыккан адамдар эскертүү алып чыгып кетип жатат. Азыркы учурда кээ бирөөлөр Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун, Нургазы Анаркулов болсо Камчыбек Ташиевдин адамы экенин, экөө 1:1 болгонун айтышууда. Бирок мен бул сөздөргө анча ишенбей турам. Фактыга жараша чечим кабыл алынды деп эсептейм. Кандай болгон күндө да бул окуялар мамлекеттик кызматка бара жаткан адамдарга сабак болушу керек».

Айданбек Акматов сөз кылган Мелис Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 8-январда кармалган.

Ал 6-октябрга караган түнү тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаровдун жанында жүргөн жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берип турган.

Садыр Жапаров Нургазы Анаркулов кармалгандан кийин «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү чыгарып, өзү менен бирге түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, маселесин чечтирип алгысы келгендерге алданбоого жана бул тууралуу атайын органдарга кабар берүүгө чакырды.

«Шайлоодо үгүт учурунда жүргөн мезгилде дагы миңдеген адамдар менен сүрөткө түштүм. Чынымды айтайын, ошолордун 99 пайызын тааныбайм. Айтайын дегеним, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып калып жатат. Ошондуктан бирге түшкөн сүрөтүбүздү көрсөтүп, "маселемди чечип бер" дегендерге алданбагыла жана дароо бизге кабар берип койгула».

30-январда кармалган Нургазы Анаркулов 42 жашта. Ал президенттин маалымат саясаты бөлүмүн жетектегенге чейин Кыргызстандагы бир катар гезиттерде кабарчы, бөлүм башчы жана редактор болуп иштеген.

Октябрдагы бийлик алмашуудан бери мурдагы жана азыркы бир катар кызматкерлерге коррупция боюнча кылмыш иштери козголду. Алардын айрымдары кармалгандан кийин тергөө менен кызматташып же башка себеп менен эркиндикке кое берилип жатканы коомчулукта талкуу жаратып келет.

Садыр Жапаров буга чейин жемкорлукка аралашкан адамдардын баары мыйзам алдында жооп берерин айткан.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG