Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Алматыдагы үрөй учурган окуя: үч бала менен эненин өлүмү


Алматыда тогуз кабаттуу имараттын жанынан аялдын жана анын эки баласынын сөөгү табылган.
Алматыда тогуз кабаттуу имараттын жанынан аялдын жана анын эки баласынын сөөгү табылган.

23-ноябрда Алматыда 28 жаштагы келин үч баласы менен көп кабаттуу үйдөн боюн таштап көз жумду. Полиция балдардын улуусу алтыда, ортончусу беште, кичүүсү экиде экенин кабарлады.

Алматы полициясынын маалыматына караганда, үрөй учурган окуя шаардын Жетисуу кичи районунда болгон. Келин алгач балдарын тогузунчу кабаттагы балкондон түртүп ийип, кийин өзү да секирип каза болгон.

“Келин эки баласы менен окуя болгон жерден, дагы бирөө "Тез жардам" унаасында көз жумду ",- деп кабарлады Алматы полициясы.

Ушул эле көп кабаттуу үйдө жашаган Кулимхан Кронова кызы жерде кыймылсыз жаткан наристелерди, аялды көрүп, нес болуп калганын айтып берди.

"Кызым аялдын жерде жатканын, полиция жана башка адамдар басып жүргөнүн көрүптүр. Мен ал учурда ооруканада элем. Азыр эми наристелер көз жумганын угуп өзүмө келе албай турам. Өзүмдүн жети неберем бар, азыр нес болуп турам",- деди ал.

Коңшуларынын айтымында, балдарынын жана өзүнүн жанын кыйган келиндин күйөөсү бар. Бирок каргаша болгондо ал үйүндө болгон эмес. Алар 9-кабаттагы батирди ижарага алып турган. Каза болгон келиндин эки кызы жана эки жашар уулу бар эле.

"Ошол маалда бул үйдү жууп тазалаган аял ал келинге "эмне кылып жатасың, азыр полиция чакырам" деп кыйкырыптыр. Тазалыкчы 9-кабаттан таштанды ыргытып жатат деп ойлосо керек. Көрсө, келин балдарын балкондон ыргытып жаткан экен. Анан өзү секириптир. Үйдө отурган иним катуу бир нерсе жерге кулап түшкөнүн угуптур. Азыр элде жан бакканга каражат жок. Мындай окуялар көп катталат деп корком", - деди окуянын күбөсү Алексей "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына.

Жергиликтүү бийлик окуя үй-бүлөлүк чырдан улам келип чыккан болушу мүмкүн деп билдирди. Үч баласынын өмүрүн кошо кыйып, жашоодон кечкен келин "чарчаганын, сыноого туруштук бере албагандыгын" жазып калтырган.

Милиция "өз жанын кыюу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, төрт кишинин өмүрү кыйылган каргашага эмне түрткү болгонун аныктоо үчүн тергөө тобу түзүлгөнүн билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Казакстан суицид эң көп катталган беш өлкөнүн катарына кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG