Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

"Акылдуу камералар": Бишкек Кремлдин өтүнүчүн аткарабы?


Адамдын жүзүн тааныган камералар
Адамдын жүзүн тааныган камералар

13-июнда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Көз каранды эмес өлкөлөр шериктештигинде (КМШ) мамлекет аралык издөө жарыяланган адамдарды видео камералардан таанып, аныктоо системасы иштей баштаганын, 57 адамды кармашканын маалымдаган. Кабарларга караганда, орусиялык күч түзүмдөрү кыргызстандык кесиптештерине мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миң кишинин сүрөттөрүн өткөрүп берген.

Июндун башында орусиялык активист Алена Крылова Бишкекте кармалганда жергиликтүү милиция аны жүзүнөн тааныган камералардын жардамы менен аныктаганын билдирген. "Адам укуктары үчүн" кыймылынын мурдагы маалымат катчысы жана Орусияда экстремисттик деп табылган “Солчул каршылык” кыймылынын катышуучусуна мекенинде кылмыш иш козголуп, издөө жарыялаган.

Адамды жүзүнөн аныктаган камералар буга чейин эле адам укуктарына байланышкан маселелерди козгоп келген. Орусия Украинага басып киргенден бери андай кооптонуулар ого бетер күчөдү. Укук коргоочулар заманбап технологиялар автократ режимдердин колунда оппозицияны куугунтуктоонун куралына айланарын айтышат.


Министрлик быйыл февралда тараткан маалыматка ылайык, “Коопсуз шаар” программасынын алкагында коомдук жерлерде жалпысынан 2177 видеокамера орнотулган, алардын арасынан адамды жүзүнөн тааныган 519 камераны ыкчам башкаруу борборунда реалдуу режимде көрүп турушат.

Мекеме кармалган 57 кишинин төртөө чет өлкөлүктөр экенин, Өзбекстан, Орусиянын жараны экенин билдирди. Калганы кыргызстандыктар деген маалымат таратты.

Алардын кээ бирлери КМШ аймагында уурулук, алдамчылык, документ жасалмалоо, тоноо, опузалоо, адам уурдоо, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы, денеге атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча шек саналып, издөө жарыяланган, айрымдары 8-9 жылдан бери издөөдө жүргөн.

"Чет мамлекеттердин, анын ичинде Орусиянын жана Өзбекстандын жараны болгон төрт адам кармалды. Алардын арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, экстремисттик кылмыштар (УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди), бейбаштык, документ жасалмалоо боюнча издөөдө жүргөндөр бар", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Жеке маалымат кайда сакталат?

ИИМдин 2-июндан тартып КМШге кирген мамлекеттерде издөөдө жүргөндөрдү видео көзөмөл аркылуу аныктоо системасы иштей баштады деген билдирүүсү жергиликтүү активисттердин тынчсыздануусун жаратты. Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун акиминин мурдагы орун басары, активист Мавлян Аскарбеков 2020-жылы сөз болуп жаткан камералар боюнча кытайлык адистер келгенин эске салды.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Адамдын келбети анын жеке маалыматы менен байланышат. Бул адамдын жеке маалыматы кайда сакталат? Анын корголушуна ким кепилдик берет? Мыйзамдын алкагында жызылышы керек болчу. Азыр мыйзам жок жана кайда сакталары белгисиз. Менин кооптонгонум - Кытай компанияларынын шаймандары деп жатат. Азыр технология катуу өнүккөн заманда мамлекет билип же билбей жеке маалыматтар сыртка чыгып кетиши мүмкүн”.

Аскарбеков мындай камералар көпчүлүк өлкөлөрдө бар экенин, бирок аларда мыйзам менен адамдардын жеке маалыматы коопсуз жайда сакталарын кошумчалады.

Адамды жүзүнөн тааный турган камерелердын иштеп баштаганы жөнүндө маалымат соңку 10 күндө Кыргызстанда Орусияда Кремлдин саясатын сындаган акцияларга катышып жүргөн эки орусиялык активист кармалган учурга туш келди. Алардын бири Бишкектин көчөсүндөгү адамды жүзүнөн тааный турган камера аркылуу аныкталганы белгилүү болгон. Дагы бир кармалган активист мекенине депортацияланган.

Бишкектин көчөсүндөгү камералардын бири
Бишкектин көчөсүндөгү камералардын бири

Жарандык активист Тимур Шайхутдинов бул камералардагы жеке адамдардын маалыматы ар кандай максатта колдонулбайт деген кепилдик жок экенин айтууда:

"Эки жыл мурда биздин сурообузга Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жооп берген. Алар издөөдө жүргөн кишилердин гана маалыматтарын колдонорун билдиришкен. Бирок булжөн гана сөз болуп жатат. Ал системанын мени көзөмөлдөй ала турган мүмкүнчүлүгү бар. Дагы бир тобокелчилик бар. Мен балким бирөөгө кызык болуп жатам. Балким жарандык активист катары кызыкмын. Балким мен ишкер болсом, кайда барып, ким менен жолукканым кызык болуп жатат. А эгерде коррупциялык жол менен кимдир бирөө менин маалыматтарымды берип турсачы?", - деп суроо салды активист.

Коопсуздук үчүн зарыл технологиябы?

Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааный турган камералар 2019-жылы коюла баштаган. Ички иштер министрлиги 2023-жылдын феврал айында Кыргызстанда адамды жүзүнөн тааный турган 500дөн ашык камера орнотулганын билдирип, аны Бишкектин бардык райондорунда ишке киргизүүнү сунуштаган. Министрликтин Ыкчам башкаруу борборуна кошулган бул камералар 360 градуска айланып, 500 метрге чейин жакындатуу функциясы менен онлайн иштейт.

Ошол маалда Бишкек мэриясы Биринчи май районундагы Эркиндик бульварына, Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүнө адамды жүзүнөн тааныган 50дөн ашык камера орнотуп баштаган.

ИИМ укук коргоо органдарынын заманбап технологияларды колдонушу жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана укук тартибин сактоодо жаңы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп жатат.

"Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө санарип технологияларды киргизүү кылмыштарды өз убагында аныктоо, эскертүү, бөгөт коюу, анын бетин ачуу, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгондорду издөө зарылдыгынан келип чыккан", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.


Анткен менен милиция кишини жүзүнөн тааный турган камералар кайдан алынып келгени, маалыматтар кайсы мекемеде сакталары тууралуу маалымат бере элек. Мекеме тараткан видеолордун биринде камерада Tiandy деген жазууну көрүүгө болот. Бул компания Кытайда видеобайкоо камераларын чыгарган алдыңкы ишканалардын бири.

2019-жылы Human Rights Watch уюму Кытайдын Кыргызстанга орнотулган кишинин жүзүн аныктоочу камераларды сынга алган. Уюм кишинин жүзүн таануу технологиясы бийликке жарандарды толугу менен көзөмөлдөө чылбырын берип, эркиндигин чектейт деп эсептейт.

Бишкек шаарынын көчөлөрүнө коюлган видео камералар. ИИМ тараткан сүрөт, 1-февраль, 2023
Бишкек шаарынын көчөлөрүнө коюлган видео камералар. ИИМ тараткан сүрөт, 1-февраль, 2023

Орусия: Метродогу камералардын көмөгү менен кармалган активисттер

Өткөн жылы 32 жаштагы активист Александр Жаров Москвадагы метро станциясына кирери менен полиция аны токтотуп, издөөдө жүргөнүн айтып, кармап кеткен.

"Полиция метродон жаныма келип, алар менен барууну талап кылганда эмнеге кармашканын түшүндүрүүнү сурадым. Тартип коргоочулардын бири мага издөө салынганын айтканда, эмнеге изделип жатам, эми эмне болот деген ой эле башыман кетпей койду. Мени узак мөөнөткө камап салышат деген коркуу сезими эле калган, полиция түрмөгө тыгып салуу үчүн миллиондогон шылтоо тапмак", - деген ал “Рейтерс” агенттигинин кабарчысына.

Анын айтымында, метро Орусияда кооптуу, кармап кетүү тобокелдиги жогору жерге айланып калган.

Москвадагы метролордун бири
Москвадагы метролордун бири

Жаров ага чейин 9-майда (Жеңиш майрамы) жана 12-июнда (Орусия күнү) метронун станциясында кармалып, нааразылык акциясына катышкандыгы үчүн айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Кийин ал Казакстан аркылуу Германияга көчүп кетти. Орусиянын бийлиги жарандарды көзөмөлдөп туруу үчүн адамдын жүзүнөн тааныган камераларды пайдаланганы жашыруун эмес. 2017-жылы Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин кеңсеси башкалаада коопсуздукту камсыздаган 160 миң көзөмөл камерасы орнотуларын, 3 миңден ашууну ары-бери өткөндөрдү жүзүнөн тааныган системага туташтырыларын билдирген.

“Рейтерс” 2 миң соттук териштирүүнү талдап чыгып, ошол жабдыктар өкмөткө каршы митинг-демонстрациялардын катышуучуларын кармоодо маанилүү роль ойногонун аныктаган. Ал адамдардын көбү 2021-жылы кармалган экен. Бирок Орусия Украинага басып киргенден бери бийлик андай камераларды негизинен нааразылык акциялардын алдын алуу үчүн колдонгону ачыкка чыккан. Башкача айтканда бул заманбап технологиялар полицияга Кремлдин оппоненттерин, согушка каршы чыккандарды аныктап-табууга жардам берүүдө.

Орус башкалаасындагы андай системанын алгоритмин Беларустагы жана жергиликтүү үч компания иштеп чыккан. “Рейтерс” жазганына караганда, алар америкалык фирмалардын чиптерин колдонгон. Фирмалар согуш башталгандан кийин Орусияга товар жөнөтүүнү токтоткон экен.

Орусиялык дагы бир жигит, 27 жаштагы Сергей Пинчукту да былтыр 9-майда Москвадагы метролордун бирине кирери менен кармашкан.

Орусиялык активист Сергей Пинчук. АКШ, 7-март, 2023-жыл
Орусиялык активист Сергей Пинчук. АКШ, 7-март, 2023-жыл

"Ага чейин мени саясий ишмердигим үчүн 5-6 жолу кармашкан, так саны эсимде жок. Бирок ал жолу жөн жеринен кармашканда аябай таң калдым. Метрого кирерим менен полиция жаныма келип, “биз менен жүр, сен кармалдың” деп айтты. Таң калып туруп калдым. Анан полиция бөлүмүнө алып барышты. Тартип коргоочулардын биринин колундагы планшетте менин толтура сүрөттөрүмдү байкап калдым".

Ал сүрөттөрдүн барында тең Сергей украин желегинин түсүндөгү сары-көк кийимчен жүргөн экен. Кармалганынан бир ай мурун ал Кремлдин жанына пикетке чыкканда "Кылмыш кодексинин 353 беренеси. Путинди токтоткула!" деген плакатты көтөрүп турган. Ал беренеде агрессивдүү согуш ачуу үчүн 20 жылга түрмөгө кесүү каралган.

Сергейдин айтымында, метродогу полиция кызматкери аны камап саларын, жакындарынан өч аларын айтып коркуткан. Тартип коргоочулар анын үйүнө барганын билип калгандан кийин активист шашылыш Тбилисиге учуп кеткен. Андан соң АКШнын Сиэтл шаарына жер которуп, башпаанек сураган.

"Авторитардык режимдер технологияларды өз кызыкчылыгына пайдаланат"

Кыргызстандык укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикиринде, көчөлөрдөгү видео камералар коопсуздукту камсыздоодо чоң роль ойнойт, жакшы жардам берет, бирок андай жабдыктардын авторитардык режимдер кыянат пайдаланышы мүмкүн:

"Камералар мылтыктай эле. Курал менен кылмышкерлерден коргонсо болот, же өзүң кылмышкерге айланып калышы ыктымал. Видео камераларды демократиялык же авторитардык бийлик орнотуп жатабы, ошого көп нерсе көз каранды. Себеби демократиялык коомдо жарандардын коопсуздугун камсыздаган, аларга жардам берген технология болуп калат. Авторитардык режимдер камераларды оппозицияны, бийликти сындаган кишилерди аңдуу, издөө, таап кармоо үчүн пайдаланат. Биз муну Орусиянын, Беларустун мисалынан көрүп атабыз".

Юрист Нурбек Токтакунов мындай "акылдуу камералар" репрессиянын инструментине айланат" деп чочулайт.

"Азыр ошондой камераларды жарандардын жеке маалыматтарын чогулткан системалар менен бириктирсе, (мисалы өкмөттүн колунда сүрөттөрүбүз бар), анда жарандарды аңдыган системага айланып калат. Азыр издөөдөгү адамдарды кармоо үчүн деп актанып атышат, бирок түшүнүп жатабыз, кийин жарандарга каршы колдонушу мүмкүн. Мына азыр качкындарга, согушка каршы болгон (орусиялык) активистерге каршы колдонуп жатат, репрессиянын инструменти болуп калды".

Ошурахунова Бишкекте орусиялык активисттин ошондой камеранын жардамы менен аныкталып, кармалганына байланыштуу Москва КМШдагы өлкөлөрдө да өзүнүн укуругун узартып жатат деген ою менен бөлүшөт:

"Кремлдин колу Беларуска чейин узарган, эми Борбор Азияда, Кыргызстанда узарып баратат. Биз муну байкап жатабыз. Анткени Путинди сындаган релоканттарды биздин күч түзүмдөрү таап, өткөрүп берип атат. Сындабагандарды тийишкен жок. А балким алардын арасында кылмышкерлер бар? Навальныйды колдогон активисттер Кыргызстанда кармалганы тууралуу маалымат мага да келип түшкөн. Анткени Орусияда ал оппозиционердин жактоочуларын куугунтуктап жүрүшөт".

Камералар армиядан качкандарды табуу үчүн колдонулат

Андан тышкары былтыр орусиялык Телеграм-каналдарда жарым-жартылай мобилизация жарыяланганда сөз болгон камералар армиядан качып жүрөт деген кишилерди табуу үчүн пайдаланганы тууралуу маалыматтар тараган.

Алсак, Shot каналы өткөн сентябрда Москвада ал система менен беш кишинин, «Осторожно, новости» каналы дагы 12 кишинин тек-жайы аныкталганын жазган. 24-октябрда Би-Би-Синин орус кызматы андай тажрыйба бар экенин бышыктап, башкалаанын метросунда кармалган бир киши менен маектешкен.

Быйыл апрелде ТАСС агенттиги Москванын аскер комиссары полковник Максим Локтевдин армияга чакырылгандардын жашаган жерин билүү үчүн видео көзөмөл системасы пайдаланылган деген сөздөрүн келтирген.

“Медузанын” маалыматына ылайык, Орусияда адамды жүзүнөн тааныган камералардын көмөгү менен митингчилерди кармоо тажрыйбасы 2021-жылдын апрелинде кеңири колдонууга кирген. Ага чейин нааразылык акциялары учурунда, мисалы Хабаровск крайынын губернатору Сергей Фургалды колдоо митингдеринен кийин пайдаланышчу. Ал эми оппозиционер Алексей Навальныйдын камалышынан кийин полиция өлкөнүн булуң-бурчундагы митингчилердин үйлөрүнө бара баштаган.

Москвада 2022-жылдын февраль-май айларында чапталган баракча.
Москвада 2022-жылдын февраль-май айларында чапталган баракча.

“ОВД-Инфо” укук коргоо уюму бир жыл мурун бул көрүнүштү талдап чыккан. Алардын баяндамасында айтылгандай, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү короо, подъезддердеги, көчөлөрдөгү видео көзөмөл камераларын, интернеттеги сүрөт, видеолорду, оперативдүү сүрөттөрдү колдоно алат. Ал кадрларды кийин паспорт, социалдык карталар жана башка расмий документтердеги сүрөттөр менен салыштырып, ал адамды аныкташат.

Ага чейин полиция мурда болгон акциялардын катышуучуларынын артынан түшсө, эми система кадрга кокустан түшүп калган адамдарга чейин аныктай алат. Андыктан тартип коргоочулар белгилүү оппозиционер, активисттерге гана эмес, митингге биринчи жолу катышкан адамдарды да куугунтуктоого киришкен.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG