Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Акылбек Жапаров үгүткө аралашкан 12 кызматкер жазаланганын билдирди


Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы.
Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы.

Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда эреже бузган 12 мамлекеттик кызматкер жазаланып, анын алтоо жумуштан кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте добуш бергенден кийин журналисттерге билдирди.

Бишкектеги №1142 шайлоо тилкесинде добуш берген Акылбек Жапаров биринчи жолу аткаруу бийлиги шайлоону таза уюштурууга аракет кылганын, кайсы бир күчкө жан тартпаганын белгиледи.

"Биз элдин тандоосуна баш ийебиз жана алар менен иштешебиз. Таза, жакшы мыйзам жазчу депутаттарды тандаңыздар", - деди Жапаров.

Ал журналисттердин "кандай негизде өз тандооңузду жасадыңыз" деген суроосуна жооп берип, партиялардын программалары бирдей экенин айтты.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG