Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:20

Активисттердин айлап созулган соту


Иликтөөчү журналист Болот Темиров
Иликтөөчү журналист Болот Темиров

23-августта Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун жана Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин соту болду. Кечээ Бишкек шаардык соту активист Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын карап, камакта калтырган. Мындан башка да онго чукул активисттер менен журналисттерге козголгон кылмыш иштери айлап-жылдап созулуп келет.

Бишкектин Свердлов райондук соту 23-августта күбө катары сурак берчү тергөөчүлөр үчүнчү ирет келбегенине байланыштуу иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин кароону 25-августка жылдырды.

Темировдун айтымында, судья тергөөчүлөр Азамат Камалов менен Аман Асанакуновду кийинки процесске мажбурлап алып алып келүүнү тапшырды.

Temirov Live иликтөө медиасынын жетекчиси Болот Темиров укук коргоо кызматкерлери аларга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган деген жүйө менен сотко кайрылганын, бирок андан натыйжа чыкпаганын айтууда.

"Биз бир топ тергөөчүлөрдү, кызматкерлерди сотко бергенбиз. Баңгизат боюнча, иш тергелип жаткан учурда материалдарды социалдык тармактарга таркатуу боюнча берилген. Так далилдер бар, ошол социалдык тармактардын фейк фабрикасы тергөөчүлөр менен түздөн-түз иштеген далилдер бар. Бирок эки соттук инстанция бизге макулдук берген жок. Сот "кызматкерлерге иш козголбойт" деп чечим чыгарган. Бири-бирин жаап жашырууда. Ошол аркылуу сот системасы эркин эместигин билсе болот".

Болот Темиров жана анын иликтөөчү командасы 20-январда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын мунай бизнеси тууралуу иликтөө жарыялап, ошондон эки күн өтпөй кечинде милиция анын кеңсесине атайын даярдыктагы кызматкерлер менен келип кармап кеткен. Милиция кармоо учурунда журналисттин чөнтөгүнөн баңгизат табылганын кабарлаган. Бирок Темиров жана анын командасы милиция кызматкерлери баңгизатты арткы чөнтөгүнө атайын салышканын айтып чыгышкан. Эртеси күнү Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

23-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын башкы директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин дагы соту болду. Отурумда телеканаллдын социалдык тармактагы баракчасында бөлүшүлгөн материалга лингвистикалык жана политологиялык корутунду берген эксперттер күбө катары суралды. Адвокат Нурбек Сыдыков эксперттердин корутундусу мыйзамсыз экенин айтат.

Нурбек Сыдыков
Нурбек Сыдыков

"Политологиялык экспертизаны жүргүзгөн адам эксперт эмес. Муну Адилет министрлиги тастыктап, бизге "реестрде турбайт" деп көрсөтүп атат. Ошол эксперт болбогон адамдын корутундусунун негизинде адам бүгүн камакта отурат. Өзү "Эксперттер жана эксперттик ишмердик жөнүндө" мыйзамдын негизинде эксперт реестрде туруш керек. Биз адвокаттар да реестрде турабыз. Башка, атайын ишмердик жүргүзгөн адамдар да реестрде турушат. Бул Жанышбек уулу Азамат деген жаран ошол атайын жүргүзүлгөн ресстрде турбайт экен. Демек, бул эксперт болууга мүмкүн эмес. Ошондуктан, бул корутундулар дагы мыйзамсыз. Биз бул экспертизанын корутундулары сөзсүз жараксыз деп табылышы керек деп айтабыз. Себеби, лингистикалык экспертиза өзү эле болгон жок, ал политологиялык экспертиза менен кошо болгон. Тергөөчүнүн токтому боюнча булар бир жүргүзүш керек болчу. Бирок политологиялык экспертизадагы эксперт болбогондуктан бул экспертиза сөзсүз жараксыз деп табылышы керек".

Соңку эки жыл ичинде Кыргызстанда Тилекмат Куренов, Адилет Балтабай, Болот Темиров, Болот Назаров, Таалайбек Дүйшөмбиев, Айжан Мырсан, Ырыскелди Жекшенов, Илгиз Шаменов сыяктуу ондой активисттер менен журналисттерге кылмыш иши козголуп, алды камакта, арты тергөөгө сурак берип жүрөт.

Активист Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын караган Бишкек шаардык соту 22-августта аны камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Улуттук курултайды уюштуруу тобунун төрагасынын орун басары Бейшенбек Абдразаков демократияга таянган журналисттер аша чаап кетип жатканын айтат. Анын пикиринде мамлекеттин коопсуздугу, улут жана дин аралык мамилеге аярлап мамиле жасоо зарыл.

Бейшенбек Абдразаков
Бейшенбек Абдразаков

"Коррупция болсо журналисттердин көтөрүп чыкканы туура. Чындык айтылыш керек, анда маселе жок. Бирок бизде журналисттер дейбизби, блогер дейбизби аша чаап, жеке кадыр-баркка тийип кеткендиктен чектен чыгып кеткенде камалып атканы ошондон да. Айтып-деш керек, бирок чектен чыкпай, мыйзамдын негизинде, фактылар, далилдер менен айтыш керек. Бизде демократия деп койсо эле аша чаап кетип атпайбызбы. Ошондон улам кээде мамлекеттин коопсуздугуна, улут аралык, дин аралык мамилеге келгенде аяр мамиле кылыш керек. Ошондон бизде анча-мынча кемчилик кетип атат. Бийликтен дагы, журналисттерден дагы кетип атат. Ушуну абайлаш керек".

Укук коргоочу Рита Карасартова эркин журналисттер менен жарандык активисттерди өгөйлөгөн система мурунку бийликтерден бери келатканын, учурда ал катаалыраак формада уланып жатканын айтат.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

"Азыркы бийлик миллионго жыга баштаганда ал узакка созулуп, соттук талаш-тартыштар көбөйүп кетерин түшүндү. Ошондуктан, камап койгон коркунучтуураак деп камап жатат. Бирок, камагандан деле азыр эч ким коркпой калды. Азыркы күндө бийлик өзүнүн аброюн сактагысы келсе, өзүнүн айтып аткан сөзүн так документтер менен берип, журналисттер менен атаандашыш керек. Бүгүн бийлик деле өзүнүн камоолорунун артында коркунуч турат деп айтканы менен социалдык тармактар, журналисттер, блогерлер ошону ачыктап чыгып, бул камоонун артында өч алуу жана ооз жабуу турарын ачыктап берип жатат".

"Фридом Хаус" эл аралык уюму жылда жарыяланып келген рейтингинде Кыргызстанда 2022-жылы демократиялык башкаруу артка кеткенин белгиледи. Мунун белгилери катары шашылыш конституциялык реформадан улам бийликтин бир колго топтолушу, парламенттин ролунун азайышы, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын ашкере өскөн ролу жана сынчыл пикирлердин кысымга алынышы көрсөтүлөт. Муну менен катар өлкөдөгү сот системасынын көз карандысыздыгы азайганы да көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG