Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:54

АКШ Ооганстанда эвакуация ишин жыйынтыктайт


Британиянын (солдо) жана АКШнын аскерлери сүйлөшүп турган учур. Ооганстан. Кабул аэропорту. 22-август, 2021-жыл.
Британиянын (солдо) жана АКШнын аскерлери сүйлөшүп турган учур. Ооганстан. Кабул аэропорту. 22-август, 2021-жыл.

29-августтан тарта Кошмо Штаттар миңдеген оогандыкты жана чет элдик жаранды эвакуациялаган миссияны жыйынтыктоого киришти. Британия, Германия, Франция жана башка АКШнын союздаштары бул миссияны аякташкан. Августтун акыркы күнү америкалык аскер күчтөрүнүн акыркысы Кабулдан чыгып кетип жатат.

Августтун акыркы күнү америкалык аскер күчтөрү ооган жергесиндеги 20 жылдык миссиясын жыйынтыктайт. Пентагон Кабул аэропортунда 4000ге жетпеген аскер калганын билдирди. Ооганстандан элди эвакуациялоо операциясына 5800 америкалык жоокер тартылган. АКШнын көпчүлүк союздаштары өз миссиясын аяктаса дагы Кошмо Штаттар ал милдетти акыркы сааттарга чейин улантат. Батыш өлкөлөрүнүн биринин коопсуздук кызматынын өкүлү “Рейтерс” агенттигине билдиргендей, Кабул аэропортунда 1000ден ашуун киши гана сыртка чыгып кетүүнү күтүп турат.

“Кооптуу кырдаалга кабылган бардык чет элдик жарандардын бүгүн эвакуацияланышын камсыз кылсак деп турабыз. Ал жараян бүтөрү менен аскер күчтөрү чыгып кетишет”, - деди аты-жөнүн айтууну туура көрбөгөн аткаминер.

Анын мурунку күнү америкалык аскер кызматкери Кабулду талибдер басып алгандан кийин эки аптанын ичинде 117 миң киши, көпчүлүгү оогандык карапайым жарандар эвакуацияланганын айткан.

Жекшембиде президент Жо Байден жубайы Жилл Байден менен Кабул аэропортундагы террордук чабуулда курман болгон америкалык аскерлерди эскерүү иш-чарасына катышты. Алар Делавэрдеги аскердик базага барып, Кабулда эвакуациялоо ишин аткарып жатып өмүрү кыйылган аскерлердин үй-бүлөлөрү менен жолукту. Андан кийин ооган жергесинен жеткирилген аскерлердин сөөктөрүн учактан түшүрүп жатканына күбө болушту.

Жо Байден Кабул аэропортундагы террордук чабуулда курман болгон америкалык аскерлерди эскерди.
Жо Байден Кабул аэропортундагы террордук чабуулда курман болгон америкалык аскерлерди эскерди.

26-августтагы кандуу окуя соңку он жылда Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн эң чоң жоготуусу болуп калды. Террордук чабуулда жүздөн ашуун адам каза таап, 150 киши жаракат алган. Каза болгондордун арасында 13 америкалык аскер бар. Андан сырткары 18 деңиз аскери жарадар болду.

Вашингтон каза болгон аскерлердин аты-жөнүн жарыялады. Алар сержант Райан Кнаусс, деңиз аскер күчтөрүнүн сержанттары - Дарин Гувер, Жоанни Розариопичардо, Никол Жи, капралдар - Дэган Пейж, Умберто Санчес, Дэвид Эспиноса, Жаред Шмитц, Дилан Мерола, Карим Никуи жана медициналык кызматкер Макстон Совиак. Гуверден башкасынын баарынын жашы 20дан 25ке чейин болчу.

Президент Байден бейкүнөө адамдардын канын төккөндөр өз жазасын аларын айтып, Пентагонго Кабул аэропортундагы жардыруу үчүн жоопкерчилик алган "Ислам мамлекети" террордук тобунун башында тургандар жайгашкан объектилерге абадан сокку урууну тапшырган.

"Бул кол салууну ишке ашыргандар жана жалпы эле АКШга кара ниет санагандар, билип алгыла. Биз муну жөн эле кечирип койбойбуз. Биз силердин артыңардан түшүп, кун төлөөгө мажбурлайбыз", - деген америкалык президент.

Андан көп узабай америкалык аскерлер “Ислам мамлекети” террордук тобунун “Хорасан” деп аталган канатынын эки жоочусун өлтүргөн.

Кабулдагы кооптуу кырдаал

29-августта америкалык пилотсуз учак Кабулдагы эл аралык аэропортту көздөй “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларын салып бараткан машинени бутага алып, сокку урганы белгилүү болду. АКШнын аскер адамдары машине жан кечти террорчуларды алып баратканын ырастап, атайын операция өз максатына жетти деп санашат.

Кошмо Штаттардын Башкы командачылыгынын басма сөз катчысы Билл Урбан машинеге сокку урулганда чачыраган заттар толтура жардыруучу материалдар бардыгын көрсөткөнүн билдирди. Ал "ушул тапта карапайым бирөөлөр жабыркаганы тууралуу эч кандай далил жок" деп кошумчалады.

Жекшембиде Кабул аэропортуна чукул жердеги эл жашаган райондогу үйгө ракета тийди. Анын америкалык пилотсуз учактын соккусу менен байланышы бар-жогу белгисиз. Associated Press агенттиги соккудан бир бала көз жумганын кабарлады. Кабул полициясынын башчысы Рашид түштөн кийин шаардын Хувжа Бугра районуна да ракета тийгенин билдирди. Азырынча чабуулду эч ким мойнуна ала элек.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Би-Би-Си каналына үйгө ракета тийгенин ырастады. Социалдык медиада тараган видеодо имарттан кара түтүн асманга көтөрүлүп, бир нече киши үйдүн чатырында жалынга суу чачып жатканын көрүүгө болот.

28-августта АКШ президенти Жо Байден Ооганстандын айрым жерлеринде “кырдаал өтө опурталдуу” экенин, Кабул аэропортуна террордук чабуул жасоо “ыктымалдыгы жогору” экенин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG