Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:59

Адыл Жуматурду уулу - алтымыштагы алтан аалым


Адыл Жуматурду уулу. Бээжин. 05.8.2020.
Профессор Адыл Жуматурду “Манас” эпосуна арналган заманбап сыналгы сабагы үчүн ханзуча текст жазууда. Бээжин ш., КЭР. 05.8.2020.

Бейшембиде Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кытайлык кыргыздардын көрүнүктүү окумуштуусу, профессор Адыл Жуматурду уулунун алтымыш жашка чыккандыгына арналган эл аралык илимий жыйын өткөрүлдү. Бул айдың замандашыбыз жөнүндө тарыхчынын блогун окуңуздар.

Апрелдин 25инде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы жыйын залында адабиятчы, тилчи, тарыхчы, фолклор таануучу, эпос таануучу, анын ичинен манас таануучу адистер өзгөчө маанилүү илимий шеринеге чогулду.

Бул жыйын кытайлык кыргыздардын манас таануу жаатында туу көтөргөн (“алтан”) илимпозу, коомдук ишмер, Кытай Коомдук илимдер академиясындагы Улуттар адабиятын изилдөө институтунун Түндүк улуттар адабиятын изилдөө бөлүмүнүн башчысы, илим доктору, профессор Адыл Жуматурду уулунун алтымыш жылдык мааракесине арналды.

Адыл Жуматурду. КЭР. 29.7.2015.
Профессор Адыл Жуматурду Ак-Чийдеги Кара-Булак айылына караштуу Күркүрөө суусунун жанында. КЭР. 29.7.2015.

Адыл мырза 1964-жылы бирдин айынын (февралдын) 25инде Кытай Эл Республикасынын ШУАРына караштуу Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Ак-Чий ооданында төрөлгөн. Жубайы Токон экөөнүн бир уулу (Эрзат), бир кызы (Перизат) бар. Алар уул-кызынын ысымдарын залкар манасчы Жусуп Мамай (1918–2014) өзү коюп бергенин ыраазылык менен эскерип келишет.

Профессор Адыл Жуматурду ханзу (кытай) жана англис тилдерин мыкты өздөштүргөн жана ал тилдерде жаза билген азганактай кытайлык кыргыз окумуштууларынын сап башында турат.

Анын жалпы эпос таануу, анын ичинен түрк эпосторун изилдөө, манас таануу жаатындагы илимий эмгектери дүйнө коомчулугу тарабынан жылуу кабыл алынган.

Адабиятчы, котормочу, профессор Адыл Жуматурду кытайлык чыгаан манасчы Жусуп Мамай айткан "Манас" эпосунун варианты боюнча кытай тилиндеги либреттолук тексттин долбоорун даярдаган. Анын негизинде 2015-жылы акын Ваң Шяолиң (орусча - Ван Сяолин; англисче - Wang Xiaoling) тарабынан "Манас" операсынын кытайча либреттосу жазылган.

Адыл Жуматурду (солдо), Орозбүбү Сатиш кызы жана Мамбеттурду Мамбетакун. Үрүмчү ш., 1997-ж.
Ал кездеги жаш илимпоздор – Адыл Жуматурду (солдо), Орозбүбү Сатиш кызы жана Мамбеттурду Мамбетакун залкар манасчысы Жусуп Мамайдын үйүндө. Үрүмчү ш., 1997-жылдын ноябры.

Ошентип, 2015-2017-жылдары Бээжинде жаңы операны сахнага коюу үчүн кызуу камылгалар жүргөн. Анын натыйжасында кыргыздын "Манас" эпосун кытайлык режиссёр Ваң Янсоң (Wang Yansong), композитор Шу Шуя (Xu Shuya), көркөмдөгөн сүрөткер Ма Лянчиң (Ma Liangqing), дирижёр Яң Яң (Yang Yang) жана башка 200дөй опера чеберлери Кытайдын опералык өнөр сересине алып чыгып даңазалашканын эскере кетели.

Бул опера Кытайда 2018-жылдын июнуна карата тогуз ирет сахнага чыгарылган экен. Алгач 2017-жылы аяк оонанын (сентябрдын) 30унда Бээжинде "Тянчяо" ("Тянцяо") чоң театрында коюлган.

Андан соң бул чыгарма Бээжин, Нанкин, Тяңжиң (Тяньцзин) шаарларында жана Кыргызстандын борбору Бишкекте да коюлганын жамы журт билет.

Адыл мырза Кытайдагы Жусуп Мамай сыяктуу манасчылардын гана эмес, ар башка улуттагы эпос таануучулардын, анын ичинде өз устаттары – профессорлор, улуту ханзу Лаң Йиң айым, улуту дунган Мухаммед Ху Чжэнхуа ж.б. мекендештеринин, ошондой эле Жапония (профессор Такао Нишиваки), Германия (профессор Карл Райхл) сыяктуу ар кыл өлкөлөрдөгү манас таануучу аалымдардын да батасын алган.

Ал кытайлык илимий борборлордун Кыргызстандагы манас таануучулар жана башка айдыңдары менен ар тараптуу байланыштарын да чыңдап келет.

Кыргыз эл жазуучусу, кыргыз таануучу Кеңеш Жусупов бир макаласында калыс баалагандай, Кытайдагы кыргыз айдыңдарынын кыйла артыкчылыгы бар: алар “жабыла кытай тилин билишет жана адабиятчы да, тарыхчы да, тилчи да, маданиятчы да, котормочу да болуп кетишет, ар кандай чыгармачылык кесипти алып жүрө алышат. Илбериңки, эстүү жаштардын баба салтын, улутубуздун маданиятын, накылын, тилин, мурасын аздектегенине жана өтө кастарлап сакташканына ыраазы гана болосуң”. Булардын бири “Адыл - дээринде бар, эмгекчил, иштерман, элдин сый-урматына ээ болгон ак ниет, чынчыл, эр азамат”, деп Кеңеш агабыз белгилейт.

Маркум тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев болсо:

“"Манас" эпосун ар кандай маселелерин изилдеген илимпоздордун азыркы Кыргызстандагы жана кытайдагы манас таануучуларын алып бирге караганда, манас таануунун теориялык постулаттарын кенен изилдеген чыгарма азырынча Адыл Жуматурдунуку гана десек жаңылышпайбыз”, – деп Адылдын илимий эмгектерине жогору баа берген.

Адыл Жуматурду уулу жубайы Токтобүбү Ысак кызы, уулу Эрзат жана кызы Перизат. 21.10.2015.
Профессор Адыл Жуматурду уулу жубайы, профессор Токтобүбү Ысак кызы, уулу Эрзат жана кызы Перизат менен өз үйүндө. Бээжин, КЭР. 21.10.2015. Т.Чоротегин тарткан сүрөт.

Учурда Бээжинде жашап, иштеп жаткан окумуштуу Адыл Жуматурду уулу өзү да жубайы, манас таануучу илимпоз Токтобүбү (Токон) Ысак кызы менен бирге Бишкектеги бүгүнкү шеринеге катышууга келгени үчүн ала-тоолук кесиптештери жана улутташтары кубанат.

"Күлүк – күнүндө, тулпар – тушунда" дегендей, Адыл мырза – азыр баралына келип турган мээнеткеч жана жаратман калемгер окумуштуу.

Аны менен дүйнөдөгү мүлдө кыргыздар сыймыктанышат.

Тасма. Профессор Адыл Жуматурду уулу жөнүндө бир ооз сөз. 25.4.2024.

Сөз соңунда урматтуу Адыкени алтымыш жылдык торколуу тою менен куттуктап, ага чың ден соолук, 110 жаштын сересин ашкан узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыбаттык, мындан аркы албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз.

Кыргызстан менен Кытайдын коңшулук жана достук мамилелерин мындан ары да бекемдөө үчүн маданий жана илимий көпүрө куруп жаткан айдың катары Адыкебиздин бул жаатта улам жаңы салым кошо беришине тилектештигибизди билдиргибиз келет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG