Азаттык үналгысы
Ачык сөздүн акысы. Пикир үчүн айыпка жыгылгандар

Ачык сөздүн акысы. Пикир үчүн айыпка жыгылгандар

Максат Кутманбеков, Санжи Туйтунова, Гүлайым Ашакеева, Кубат Касымбеков

7-декабрь, 2023-жыл

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп, же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктады.

Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбичеден тарта 20 жаштагы студентке чейин бар. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандык”, "бийликти күч менен басып алууга чакырыктар", "расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу", “экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренелери менен иш козголгон.

Жалпы 25 жаранга кылмыш иши козголгон. Төрт киши суракка чакырылып эскертүү алган.

Бийлик органдары расмий маалымат таратпаган же кандайдыр бир себептен улам беймаалым калган жарандар бул тизмеге кирген жок. Аларды "Азаттык" менен байланышып, маалымат берүүгө чакырабыз.

Ошондой эле бул тизмеге "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталган жарандар кошулган жок. Укук коргоо органдары аларды “бийликти басып алууга” айыптаса, аны камактагылар “саясий куугунтук” деп четке кагат. "Азаттыктын" бул иш боюнча айыпталгандар тууралуу макаласын бул жерден окуңуз.


2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда бийлик алмашып, абактан тарапташтары бошотуп алган оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров адегенде өкмөттү жетектеп, анан президент болуп шайланган.

Ошол маалда Жапаров басма сөз жыйынын өткөрүп, өзү да "саясий куугунтуктун курмандыгы болгонун" белгилеп, эми андайга жол берилбейт деп убада кылган:

“Саясий куугунтук кылгандан, бирөөлөрдү камагандан, түрмөлөрдү толтургандан эч кандай пайда таппайбыз. Муну мен адилетсиздикти, мыйзамсыздыкты көргөн, бир эмес, эки жолу камалып чыккан киши катары жакшы билем. Мен аны жон терим менен сезген адаммын. Ошону үчүн саясий куугунтук, журналисттердин, жарандардын пикири үчүн куугунтук болбойт. Мурда Фейсбуктагы посту үчүн кечирим суратышчу, мындан ары андай болбойт”.

Андан берки үч жыл ичиндеги жагдайга назар салсак…

Тизме

Афтандил Жоробеков

39 жаштагы жарандык активист 2021-жылдан бери Инстаграмдагы bespredelkg30 баракчасын иштетет.

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист 8-декабрда эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.

“Тууну коргоо кылмышпы? Кылмыш эмес. Мен мындан кайтпайм. Кыскача айтканда, бийликти басып алуу деген айып коюп жатышат. Буга чейин райондук милиция, УКМК чакырып, бул жолуңдан кайт, камаласың дешти. Мен кайтпайм дедим. Ага чейин парламент тууну өзгөртүү демилгесинен кайтса, митингге чыкпайм дегем”, - деп айткан Жоробеков.

уландысы

Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү (“бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен айып тагылды.

Афтандил Жоробеков 2023-жылы март айында да Октябрь райондук милициясына чакырылган. Милиция аны Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси же "расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты араздашууну козутуу" беренеси боюнча күбө катары суракка алган.

Активист Инстаграмда бийликтин убадалары, элдин башына түшкөн көйгөйлүү маселелер, курулуш тармагындагы кемчиликтер жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын парламенттеги айрым билдирүүлөрү тууралуу постторду чыгарат.

2019-жылы УКМК активистти "Аймак аралык кастыкты козутту" деген шек менен камаган. Жарандык коом активистти бошотууну бийликтен талап кылган. Жоробеков тергөө абагында 15 күн отуруп чыккан. 2020-жылы май айында ага каршы козголгон кылмыш иши токтотулган.

Салия Таштанова

Таш-Көмүр шаарынын тургуну социалдык тармактардагы билдирүүсү үчүн кармалып чыккандардын эң улуусу. 70 жаштагы беш баланын энесине Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("бийликти күч менен басып алууга чакырык") менен айып коюлганын адвокаты Токтосун Жоробеков айткан:

"Адахан Мадумаровду камакка алгандан кийин кайрылуу кылыптыр. Кыргызстанды кымбатчылык каптады, акыйкаттык жок деп президент менен Камчыбек Ташиевге кайрылган экен. Анан "президент менен УКМКнын төрагасынын аброюна шек келтирди, элге чакырык жасады" деген мааниде кылмыш ишин козгоп, бөгөт чарасын камак түрүндө кабыл алыптыр".

уландысы

Коомчулук улгайып калган аялдын камалганын кескин сындаган.

Пенсионерди быйыл 6-октябрда УКМКнын кызматкерлери кармаган. 17-октябрда үй камагына чыгарылган. Адвокат Жоробеков Таштанова "президент менен УКМКнын төрагасынын аброюна шек келтирди, элге чакырык жасады" деген жүйө менен кармалганын билдирген.

2023-жылы 22-ноябрда Жалал-Абад облустук соту аны 50 миң сом айыпка жыккан. Фейсбукта 50 миң сомду элден жыйнап берүү тууралуу демилге көтөрүлүп, кийин токтоп калган.

Ачык булактардагы маалыматтарда, пенсионер 2022-жылы октябрь айында Өзгөндө өткөн Кемпир-Абад боюнча курултайга катышып, сөз сүйлөгөн.

Зарина Төрөкулова

Социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап жүргөн 47 жаштагы Төрөкуловага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("массалык башаламандыктар") менен иш козголгон. 2023-жылдын сентябрынан бери камакта отурган аялдын иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

“Бул жактагы прокурор дагы, сот дагы саясий заказ деп коркуп жатабы, билбейм. Мага эки чоң берене менен айып коюп жатат. Эми калганы териштирүүнүн жүрүшүндө билинет. Бул жерде мен “Умай Аруу” деген аккаунттун постун бөлүшкөм. Ал жерде Олжобай Шакирдин видеосун эле кайра жөнөткөн болчумун”, - деп айткан Төрөкулова.

уландысы

УКМКнын расмий маалыматына караганда Төрөкулова “чагымчыл маанайдагы материалдарды туруктуу жарыялап турган” деп айыпталган.

Анын адвокаты Кантемир Турдалиев активист Фейсбуктагы "Умай Аруу" деген фейк аккаунтагы эки маалыматты бөлүшкөнү үчүн айыпталып жатканын билдирген. Ал аккаунттун ээси өмүр бою эркинен ажыратылган, абактагы адам экенин белгилеген. “Негизи посттун автору, ошол камакта жаткан адам жооп бериши керек болчу”, - деди адвокат.

Төрөкулова бир кыздын энеси, бир топ жыл Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги спорттук мектептин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен шайлоого талапкер болгон.

Нурбек Кайназаров

37 жаштагы жаран Фейсбукта "чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык башаламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасап турган" деген айып менен Москва шаарында кармалганын быйыл 15-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган.

Атайын кызмат тараткан бир мүнөттөн ашык видеодо өзүн Нурбек Кайназаров деп тааныштырган адам “буга чейин бийлик өкүлдөрүн сындаган видеолорду чыгарып турганын, Кыргызстанга келип бийликтин жасап жаткан жакшы иштерин көргөнүн” айткан:

“Буга чейин мен тараткан маалыматтарды андан ары таратып аткандар алар фейктер, менин баракчам азыр жабык. Мен иштеткен жокмун. Ушул күнгө чейин кылган жаман иштерим үчүн бийлик өкүлдөрүнөн кечирим сурайм”.

уландысы

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган болчу.

Кармалган жаран Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 20-декабрга чейин камалган. Учурда Жалал-Абад шаарындагы тергөө абагында отурат.

Чыныгүл Шеркулова

Кочкор-Ата шаарынын 44 жаштагы тургуну, жалгыз бой аял, үч баланын энеси. Ал 2023-жылы 6-октябрда кармалгандан бери Жалал-Абад шаарындагы тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("бийликти күч менен басып алууга чакырык") менен айып коюлган.

"Ал болгону Жалал-Абад облусунун координатору эле (“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын - ред.). Дайыма Мадумаровду колдоп жүрчү эле. Анан "Алтын-Мазардын айланасында сөз чыгарды" деп, элге чакырык жасады деген берене менен камап коюптур. Тагылган айыбын окуп көрдүм, ал жерде эч нерсе жок. Жөн эле айыптап, камалсын деп коюптур", - деди адвокат Токтосун Жоробеков.

Уландысы

Чыныгүл Шеркулова "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгонун адвокаты да ырастады. Учурда анын иши Жалал-Абад шаардык сотунда каралууда.

2020-жылы 4-октябрда жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Олжобай Шакир

52 жаштагы жазуучу, публицист “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайттын негиздөөчүсү Олжобай Шакир 2023-жылы 23-августта кармалган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“массалык башаламандыктар”) менен иш козголгон.

“Сөз эркиндиги, ой эркиндиги аркылуу элде жаңы сезим калыптанат эле. Мен чакырган онлайн форматындагы митингге байланыштуу мындай айткам, “мен митингге жалгыз барам, мага чалбагыла, мага келбегелиле деп айткам”, - деп билдирген эле жазуучу.

уландысы

Социалдык тармактар аркылуу бийликтин дарегине такай сын айтып жүргөн Шакир ага чейин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга берүү чечимине каршы чыккан. Ал быйыл 31-августта онлайн митинг өткөрүү демилгесин көтөрүп, социалдык сайттардагы баракчаларына жарыялаган.

Биринчи Май райондук соту жазуучуну 24-августта УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган. Учурда абакта отурган Шакирдин ишин Аламүдүн райондук соту карап жатат.

6-декабрда Аламүдүн райондук сотунда жазуучуга айыптоо актысы угузулду. Прокурор "Олжобай Шакир Фейсбукта, Тик Токто "массалык башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келген, мындан сырткары элди митингге чакырган, "булардын тизгинин кагыш керек" деген сөзү азыркы бийликтин кадыр-баркына шек келтирип, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп билдирди. Олжобай Шакир мындай айыпты четке кактты.

Өндүрүш Токтонасыров

Сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо талбай күрөшкөн, тынч жол менен акцияларды өткөрүп жүрүп таанылган жарандык активистти 2023-жылы 30-июнда милиция кармап кетип, Тергөө башкармалыгында бир нече саат суракка алган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") менен иш козголгон.

"Милиция кызматкерлери "пенсия курагына келиптирсиң, тынч эле чайыңды ичип, неберелериңди жыттап отура бербейсиңби" деп айтышат. Менин позицияма жаш курак таасир бербейт. Мен тескерисинче ого бетер кайгырып, капаланып турам. Эмне үчүн демократиялык аралча деген Кыргызстан авторитардык режимге кептелип калды?! Мен тескерисинче күчөйм. Биз бул режим менен күрөшүүбүз керек", - деп айткан Токтонасыров.

уландысы

65 жаштагы Токтонасыров бул "токулган" иш экенин, эч күнөөсү жоктугун, анын оозун жабуу аракеттери ишке ашпай турганын билдирген.

Ал суракка күбө катары чакырылып, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон. Анын жыйынтыгы боюнча эксперт "орускул" деген сөзгө таянып, "кастыкты козуткан" деген тыянак чыгарганы кабарланган.

Жарандык активист бул "токулган" иш экенин, эч күнөөсү жоктугун, анын оозун жабуу аракеттери ишке ашпай турганын билдирген. Анын иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда сентябрдан бери каралууда.

Тергөөчү эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат менен бошоткон.

Адилет Балтабай (Адилет Али Мыктыбек)

Блогер жана жарандык активистти 2023-жылы 11-ноябрда Биринчи Май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандык) менен күнөөлүү деп тапкан. Анын алдыңкы күнү сот активисттин пробациялык көзөмөлүн жокко чыгарган.

“Кайрадан камаштын кереги жок мени. Менден коомго коркунуч жок. Бийликти да басам деген жокмун. Акыйкаттуу мамилени талап кылам! Өткөн оор күндөрдү ойлоңуздар, бийлик төбөлдөрү. Негизсиз эле болгону жаткан сот отурумдарынын токтотулушун күтөм. Пробацияны мен бузган жокмун. Пикир себептүү. Куугунтук болбойт деген сөзүңүздөрдү далилдеңиздер”, - деп Фейсбукка жазган.

уландысы

Адилет Али Мыктыбек 2023-жылы 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандарды бошотуу талабы жаңырган митингге катышкандан кийин Бишкек шаардык сотунун чечими менен камалган. 19-апрелде Жогорку Сот анын арызын карап, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин эске алып, үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырган.

Быйыл 10-октябрда активист УКМКда бир нече саат сурак берип, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу менен байланышы бар-жогу тууралуу суроолорду беришкенин айткан.

Ырыс Жекшеналиев

20 жаштагы активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“массалык башаламандык”) 3-бөлүмү (“бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

"Баш мыйзамда эч ким өз пикирин билдирүүгө жана андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес деп жазылып турат. Мына, 33-беренеде дагы "ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга, аны оозеки жана башка жол менен жайылтууга укуктуу" деп жазылып турат. Мен Конституциялык укугумду пайдаланып жатам", - деп айткан Жекшеналиев.

уландысы

2023-жылы 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту активистти толук актады.

Жекшеналиев ага каршы иш козгогон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишинин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн арыз жазууга камынып жатканын айтты.

2022-жылы августта камалып, эки айдан кийин үй камагына чыгарылган. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы себеп болгону белгиленген.

Блогер бийликти сындаган саясатчылардын, жарандык активисттердин билдирүүлөрүн социалдык баракчаларына жайгаштырып, ар кандай саясий окуяларды түз эфирде чагылдырып жүргөн.

Клара Сооронкулова

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин ("бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") негизинде иш козголгон.

Оппозициялык активист бул тууралуу Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, тергөө абагында жатканда, 2023-жылы февраль айында билген. Кылмыш иши бир жыл мурда активист Мирлан Ураимовду колдогон Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн козголгон.

“Мен сыртта жүргөндүктөн, Кемпир-Абад боюнча эч нерсе таппай, бир жыл мурдагы Фейсбуктагы постту алышыптыр. Ошону дагы бир иш кылып кошушту”, - деп айткан Сооронкулова.

уландысы

Клара Сооронкулова былтыр кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан. Буга байланыштуу милиция 30га жакын жаранды, аны ичинде Сооронкулованы 2022-жылдын 23-октябрында кармаган.

Сооронкулова сот чечими менен 2023-жылдын апрелинде үй камагына чыккан. Ушул тапта Кемпир-Абад боюнча сот иши уланууда.

Кубанычбек Асанов

49 жаштагы Кубанычбек Асанов Фейсбукта «Куба Буба» деген аккаунтту менен "улут аралык кастыкты козуткан" деп айыпталууда.

Кылмыш-жаза кодексинин 330 - беренесинин ("расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") экинчи бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

"Көчөдө жүргөн "лөлүлөр Кыргызстандан чыгарылсын" деп пост жазып койгон үчүн УКМКнын кызматкерлери улут аралык кастыкты козутту деп камап коюптур", - деди Асановдун адвокаты Акин Токталиев.

уландысы

Адвокатынын билдиришинче, Асановду Атайын кызмат 2023-жылы 11-майда кармаган. Жети ай Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. 15-ноябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Асанов социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап турган жана Жогорку Кеңештин депутаты, камактагы Адахан Мадумаровду колдогон билдирүүлөрдү жазып келген.

Нишанбай Иманкулов

25 жаштагы Иманкуловдун кармалганы 2023-жылы 5-сентябрда белгилүү болгон.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен иш козголгон.

Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалыматтарды тараткан" деп айыпталган.

“Буга Иманкуловдун эч кандай тиешеси жок. Болгону бир учурда аккаунт ошонун номуру аркылуу катталып калган экен. Кийин ал баракчаны колдонгон эмес, билдирүүлөрдү да ал чыгарбайт”, - деген Руслан Бекназаров "Азаттыкка".

уландысы

Иманкулов Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаровдун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, массалык башаламандык уюштуруу үчүн туура эмес маалыматтарды тараткан" деп айыпталган.

Октябрда Жалал-Абад облустук соту аны күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айып салган.

Төлөн уулу Бектемир

54 жаштагы комузчу, аккордеончу, акын. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин ("расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 2023-жылы 22-августта Бишкек шаардык милициясына сурак берген.

“Социалдык тармактарда эркин оюн билдиргендерге кысым көрсөтүп жатышат деп ойлойм. Фейсбукка мыйзамга туура келбеген нерселерди жазыпсыз деп, принтерге басып чыгарылган кагаздарды көрсөтүштү. Анын көпчүлүгү мен жазган эмес, бирөөлөрдүн жазганын бөлүшкөн посттор экен. Мен жазгандар да бар экен”, - деп айткан ал.

уландысы

“Азаттыкка” мындай комментарий берген Төлөн уулу Бектемир Фейсбукта түрдүү коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирген колдонуучу катары таанымал. Мектепте орус тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштеген.

Адвокаты Агзам Дүйшөналиев Фейсбук баракчасына пост жазганы үчүн суралганын бышыктап, кылмыш иши 2023-жылы ноябрь айында тергөөдөн кыскартылганын билдирген.

Мирлан Ураимов

38 жаштагы активист Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен күнөөлүү деп табылып, 2023-жылы 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир жылга эркинен ажыраткан.

“Мындай өкүм мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейм. Себеби Фейсбуктагы маалыматты Мирлан Ураимов жарыялабаганы тууралуу жетиштүү далилдер бар”, - деди адвокаты Юлия Богданова.

уландысы

Жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөй турганы маалымдалган.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду атайын кызмат 2023-жылы 6-июлда кармаган. Ага чейин 8-февралда да кармалып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Бир айдан кийин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, абактан бошотулган.

Мирлан Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири болгон.

Социалдык тармактарда негизинен Адахан Мадумаровдун билдирүүлөрүн жана ал тууралуу жазылган пикирлерди бөлүшүп келген.

Айжана Мырсан (Мырсалиева)

39 жаштагы актриса бир нече тасмада ойногон, китеп чыгарган. Соңку жылдары коомдогу актуалдуу темалар боюнча социалдык тармакта курч пикирин жазып жүргөн.

2022-жылы июлда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен иш козголгон.

“Мен азыркы бийлик менен бетме-бет жалгыз калдым эле. Мунун буйрутма экени 100% түшүнүктүү. Анткени, ишти бир күндө бүтүрүп, жабуунун өзү нонсенс", - деп айткан Айжана Мырсан.

уландысы

Милиция Тик-Токто жарыяланган Айжан Мырсалиеванын видеосунда “улут аралык кастыкты козутуу бар жана видео социалдык тармактарда кызуу талкууланып, чыр-чатакка алып келиши мүмкүн” деген маалымат берген.

2023-жылы 23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мырсалиеваны күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.

Активист чечимди "саясий буйрук" деп, Бишкек шаардык сотуна даттанган. 4-августта арызды караган шаардык сот чечимди күчүндө калтырган.

Семетей Талас уулу

42 жаштагы Семетей Талас уулу коомдогу талылуу маселелер боюнча пикирин Фейсбукта такай билдирип жүргөн. Эркин журналистти милиция 2022-жылы 1-ноябрда кармап кетип, 48 саатка камаган.

Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү ("экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен кылмыш иши козголгон.

Журналист Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп, кайра алып салганын жарыялаган.

“Мага кызыктуу тарыхый баяндама катары көрүнгөндүктөн Фейсбуктан бөлүшүп койгом. Көрсө, ал кайсы бир экстремисттик уюмга байланышкан сайтка тиешелүү экен. Аларга тиешелүү экенин билсем бөлүшмөк эмесмин", - деген эле Талас уулу.

уландысы

Милиция соттук-лингвистикалык экспертиза ал “Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун маалыматы бар материалды бөлүшкөн” деген корутунду чыгарганын маалымдаган.

2023-жылдын апрелинде Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны “экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү” деп таап, журналистке бир жылдык пробациялык жаза чегерген.

Нарина Камбарова

Фейсбукта “Тоңдук кыргыз” деген аккаунттун ээси 2022-жылы ноябрь айында кармалганы маалым болгон. Ал Кылмыш-Жаза кодексинин 327-беренеси ("бийликти басып алууга ачык чакырыктар") жана 278-беренеси ("массалык башаламандыктар") беренеси менен айыпталган.

Камбарова Фейсбуктагы баракчасында бийликтин иштерин сындап келген. Айрым маалыматтарга караганда ал кесиби боюнча мугалим.

уландысы

2023-жылдын 31-январында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны "Массалык башаламандыктар" беренеси менен актап, "бийликти басып алууга ачык чакырыктар" беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, 80 миң сом айып салган.

Камбарованын Бишкектеги №1 тергөө абагына камалганын Клара Сооронкулова адвокатынан айттырган соң гана коомчулукка маалым болгон.

Камран Шенвари

2020-жылы декабрда оогандык качкын Фейсбуктагы "орус улутундагыларга шек келтирип жазган" комментарийи үчүн беш жылга соттолгону маалым болгон.

2017-жылы мурдагы Жазык кодексинин 313-беренеси (“улуттар аралык кастыкты козутуу”) менен күнөөлүү деп табылган.

"Канча убакыт түрмөдө отурсам, мунун баары адилетсиздик. Эч себепсиз камалдым. Өлкөдө башаламандык болуп жатат. Мен бул жерде жашагым да келбейт. Кыргызстан качкынга өзгөчө катуу мамиле жасады. Мыйзам жана адам укуктары жок", - деп билдирген Шенвари.

уландысы

15 жылдан ашуун Кыргызстанда жашаган Шенвари, анын жубайы жана укук коргоочулар Фейсбукта комментарий калтырган аккаунт аныкы эместигин айтышкан.

Жети ай камакта отурган Шенвари Жогорку Соттун чечими менен абактан чыгып, 300 миң сом айыпка жыгылган.

Эмил Бекиев

39 жаштагы активист YouTube каналында кыргыз бийлигин сындаган видео блоктору менен таанылган активист.

Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("массалык башаламандыктар") 3-бөлүгү, 327-беренесинин ("бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 330-беренесинин ("расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен айып тагылган.

2023-жылы 2-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Москвадан депортацияланган Бекиевди күнөөлүү деп таап, алты жылга соттогон. Учурда жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

“Баарына макулмун, бирок мыйзамсыз отурганыма макул эмесмин. Мен канча болсо отура берем, бирок Орозайым Нарматованы жана абакта саясий туткун болуп жаткан айымдарды чыгаруу керек”, - деп айткан кезинде Бекиев.

уландысы

Бекиев 2022-жылы 7-сентябрда Орусиядан депортацияланып, УКМКга жеткирилген. Атайын кызмат ал Фейсбук баракчасына “кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөнүн” билдирген.

2021-жылдын ноябрында Москвада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери делген ондогон киши саясий талаптарын айткан акция өткөргөн. Акциянын уюштуруучуларынын бири саналган Эмил Бекиев ал жолу 15 күнгө камалган.

Тилекмат Кудайберген уулу

Фейсбуктагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негиз менен 2021-жылы 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Бир айдан кийин Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан.

2021-жылы 20-августта Бишкектин Свердлов райондук соту мурдагы Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Активист 1,5 жылга кесилген.

“Мен артка кайтыш үчүн адилетсиз бийлик менен күрөшкө аттанган эмесмин. Мага болгон адилетсиздик силерге дагы келбесин”, - деп айткан Кудайберген уулу.

уландысы

2022-жылы 17-сентябрда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан.

2022-жылы 23-октябрга караган түнү Кыргызстандан чыгып кеткен жана жапырт кармоолор тууралуу уккандан кийин убактылуу келбей турууну чечкенин билдирген.

37 жаштагы Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) "Жетим-Тоону коргоо" кыймылын жетектеп, "Ханституцияга каршы" тобуна мүчө болгон. Азыркы бийликти кескин сындап, 2021-жылдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияларды уюштуруп жүргөн.

2023-жылы күзүндө Нью-Йоркто, Вашингтондо активисттер менен нааразылык акциясына чыгып, "саясий туткундарды бошотууну" талап кылган.

Гүлзат Аалиева

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева 50 жашта. Ал 2021-жылы 21-апрелде кармалып, үй камагына алынган. Анын үстүнөн арызды “социалдык түйүндөрдөгү посттору аркылуу элди экиге бөлүп, диний кастыкты козутуп жатат” деген жүйө менен адвокат Аида Абдрахманова жазган.

Милиция ал мурдагы Жазык кодексинин 313-беренеси ("расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") менен шек саналып кармалганын билдирген.

“Интеллигенциянын да өз оюн айтканга укугу бар. Философиялык чыныгы көз караштарын айтканга укуктуу. Биз демократиялуу мамлекетте жашайбыз да, эгер эжемди соттоп салса анда кайда баратабыз?”, - деп айткан сиңдиси Нурзат Аалиева.

уландысы

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Аалиеваны актоо өкүмү 2022-жылы 24-ноябрда чыкканын быйыл 26-январда билдирген.

“Күнөөсү жок деп табылып, кылмыш курамы аныкталбагандыктан акталды, акталган Гүлзат Аалиева реабилитациялоого укуктуу” деп соттун басма сөз кызматынын маалыматында айтылган.

Аалиева Бишкектеги менчик эки медициналык университетте философиядан сабак берген. Ага чейин 15 жылдай Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында кафедра башчысы болуп иштеген. Анын Фейсбукка дин темасында жазган айрым посттору талкуу жараткан.

Бактыбек Калмаматов

Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") менен айыпталган.

УКМКнын маалыматына караганда Калмаматов Фейсбуктагы "Нур Азиз" аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айыпталып, бул баракчада Ысык-Көл облусунун тургундары жөнүндө терс маанайдагы комментарий калтырган. Атайын кызмат бул аккаунт саясатчы мурда колдонгон телефон номурга байланганын белгилеген.

“Мен эч кандай фейк аккаунт колдонгон эмесмин. Менин жалгыз эле расмий баракчам бар. Аны дагы өзүм иштетпейм. Азыркыга чейин бир дагы жолу сурак бере элекмин. Менин жазганымды, айтып жаткан комментарийди да окутушкан жок. Азыркы бийлик мени сындыра албайт”, - деп билдирген Калмаматов.

уландысы

39 жаштагы саясатчы, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматовду атайын кызмат 2021-жылы 22-декабрда Сауд Арабиясына умрага баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармаган.

2022-жылы январь айында Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Ал 2023-жылы 6-декабрда козголгон кылмыш иши тууралуу “Азаттыкка” маалымат берип, иш тергөөдө экенин айтты.

Калмаматов кармалганга чейин бийликти кескин сындап жүргөн. 2020-жылы президенттик шайлоого катышууга талапкер болгон. Азыр эч кандай кызматты элебейт.

Гүлжан Шерипбаева

Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылган. Биринчи Май райондук соту 2023-жылдын 1-декабрына чейин №1 тергөө абагына камаган.

“Фейсбуктагы постуна лингвистикалык экспертиза дайындалып баа берилиптир. Ошол постунда улуттук жана диний кастыкты козутуу деген пикир бар деп табылыптыр”, - деп адвокаты Жаныш Бараков билдирген.

20-ноябрда Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Учурда тергөө иштери уланууда.

уландысы

Nazarnews сайтынын ээси, журналист Гүлжан Шерипбаеваны 2023-жылы 16-ноябрда УКМКнын кызматкерлери кармаган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Ал акыркы убакта социалдык тармактарда жана өзү иштеткен маалымат сайтта бийликти кескин сындап жүргөн. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупциялык схема түзгөнү үчүн соттолгон Райымбек Матраимовду колдогон билдирүүлөрдү жазып турган.

Наталья Дубинина

Кемин шаардык кеңешинин депутаты. Аны 21-августта УКМКнын Чүй облустук бөлүмү суракка чакырган.

“Ар бир адам оюн эркин айтууга укуктуу. Бирок азыр ар бирибиздин оозубузду жабуу аракеттери күч. Жергиликтүү депутаттар эл менен жыйын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап баратат. Анда эмнеге депутаттар шайланып, иштеп жатышат? Биздин иш эл менен жолугуп, элдин көйгөйүн чечүү да”, - деп билдирген Дубинина.

уландысы

Айрым маалымат булактары Наталья Дубинина депутаттык ишмердүүлүгүнүн алкагында Вотсап тайпасы аркылуу элдин арыз-муңун угуп, алар менен жолугушуу өткөргөнү үчүн суралганын жазган.

32 жаштагы аял үч жолу катары менен Кемин шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.

Эрик Абдыкалыков

Жарандык активист 2022-жылы 23-сентябрда Бишкек шаардык милициясына сурак берип чыккан.

“Ушул күнгө чейин белгисиз, мага эч ким байланышкан жок. Акыркы жолу экспертиза жүрүп жатат деген болчу”, - деген эле Абдыкалыков.

29 жаштагы активист Инстаграмдагы баракчасына жарыялаган пикири үчүн чакырылганын билдирген. Ал 2022-жылдын 24-сентябрда өткөн Кыргызстан менен Орусиянын командаларынын футбол боюнча жолдоштук беттешин чек арада курман болгондорду эскерүү менен баштоону сунуш кылган.

уландысы

Шаардык милиция анын пикири тийиштүү экспертизадан өткөрүлөрүн маалымдаган. Абдыкалыков 2023-жылдын 6-декабрында “Азаттыкка” берген комментарийде иштин жыйынтыгы эмдигиче белгисиз экенин айтты.

Бакмурат Токтогулов

Социалдык тармактарга бийликтин кемчиликтерин сындап жазып жүргөн блогер, жарандык активист 2022-жылы 21-июнда УКМКга сурак берип чыккан.

"Азыркы болуп жаткан саясий кырдаал, экономика боюнча ачуу сынды камтыган постторду жазып турам. Ошого оозеки эскертүү берүү үчүн чакырышып, сүйлөшүү болду”, - деп айткан Токтогулов.

Атайын кызмат аны 20дай посту үчүн сүйлөшүү максатында чакырылганын билдирген.

Нурэлес Үмөталиев

2021-жылы 12-октябрда УКМКга сурак берип чыккан. Анын айтымында, "бийликти күч менен басып алууга чакырык жасады" делген билдирүүсү үчүн чакыртылган.

“Менде төңкөрүш кылайын деген ой жок. Болгону жарандарды тынчтык митингге чакырып, өлкөдөгү кээ бир окуяларга каршы турайын дегем. Анткени бийликтин саясатына толук макул эмесмин. Башында айтылган убадалар аткарылган жок. Бирок бийлик мындай билдирүүлөрдөн аябай коркушат экен”, - деп билдирген Үмөталиев.

Фейсбуктагы аккаунтун өчүрүп салган, аны менен байланышуу аркакетибизден майнап чыккан жок.

Б.Д.М (Айман Манап)

2023-жылы 11-декабрда УКМК “массалык башаламандык уюштурууга чакырган” деген шек менен 40 жаштагы Б.Д.М. аттуу жаранды кармаганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“массалык башаламандыктар”) менен иш козголгон.

Атайын кызмат бул жаран "Фейсбукта “Айман Манап” деген баракча менен массалык башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган” деген маалымат тараткан.

Аталган жаран Фейсбуктагы баракчасына 13-ноябрда мындай комментарий калтырган:

“Мен эч кайсы саясатчыга, партияга, эч кайсы уюмга тиешем жок, тиешем болбойт дагы. Мен элдин башында болбойм, элдин аягында болбойм, мен эл менен болом. Бирок оппозиция жактан ар дайым жалгыз болом. Мени "один на льдине" деп коёт. Кулап калсам өзүм жалгыз жооп берем”

уландысы

УКМКнын маалыматында шектүү жашаган жерден төрт уюлдук телефон жана кылмышка тиешеси бар буюмдар табылганы белгиленген. Атайын кызмат кармалган жарандын атын ачыктаган эмес. Андыктан шектүү азыр кайда экени беймаалым.

М.А.Р / "Адис Жумгалов"

2023-жылы 13-ноябрда УКМК “массалык башаламандык уюштурууга чакырган” деген шек менен 43 жаштагы М.А.Р аттуу жаран кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("массалык башаламандыктар") менен иш козголгон.

Фейсбукта "Адис Жумгалов" деген баракча менен массалык башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган”, - деп УКМКнын маалыматында айтылган.

уландысы

Шектүү жашаган жерден төрт уюлдук телефон, бир компьютер, эки ок атуучу курал жана ок-дары табылганы кабарланган. УКМК кармалган жарандын атын толук билдирген эмес. Буга байланыштуу шектүү жарандын азыр кайда экени жана өзүнө коюлган айыптар боюнча позициясы кандай экени беймаалым.

"Азаттык" бул жарандын ишинин андан аркы чоо-жайын билүү үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна, УКМКга кайрылып, маалымат ала алган жок.

Тизмедеги жарандар тууралуу маалымат мүмкүн болушунча толукталып, жаңыртылып турарын эске салабыз.


Жарандык коомдун реакциясы

Акмат Алагушев - юрист

Адвокат бул тизмедеги жарандык активисттердин, блогерлердин айрымдарынын сот иштерине катышып, алардын укуктарын коргоп жүрөт. Алагушев "массалык башаламандыктар", "бийликти күч менен басып алууга чакырык", "расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу)" сыяктуу беренелер активисттерди, блогерлерди, саясатчыларды айыптоого "курал" болуп жатканын белгиледи.

"Үч жыл мурда 330-берене жеңилдетилген. Андагы эң төмөн айып - 100 миң сомго чейинки айып пул. Мына ушуну менен бийлик колдонуп, жакпагандарды айыпка жыгып, алардын оозун жабуу аракеттерин көрүүдө. Чындыгында, айрым блогерлер соцтармактардан кетип атышат. Эң жакшысы, укук коргоочулар, адвокаттар, журналисттер ар бир кейсти талдап, анализдеп чыкса жакшы болмок: ал жерде чындап эле кастыкты козутуу же бийликти басып алууга аракеттер болгонбу же жөн эле ой-пикирин ачык жазып, бийликти сындаганбы? Бул иштер боюнча соттук тажрыйба кандай болуп жатканына көз салуу керек", - деди Алагушев.

Руслан Акматбек - жарандык активист

"Коом менен бийлик кандай байланышат? Албетте, активисттердин блогерлердин жардамы менен өзүнүн үнүн жеткиргенге аракет кылат да. Бийлик саясат жүргүзүүнү, чечим чыгарууну толугу менен бир колго топтогусу келип атат. “Толугу менен мен чечем, сен аралашпа, мен билем кантип чечишти, мен өзүм билем, сенден сурабайм, сен анча-мынча социалдык маселелер боюнча пикириңди билдире берсең болот. Бирок бул "туу боюнча, парламент боюнча же мыйзам боюнча сен пикириңди билдире албайсың” деген сөз. Ошон үчүн соңку кездеги нааразычылыкты, активист, блогерлерди мүмкүн болушунча Орусиядагыдай жаңы чыгып атканда муунтканга аракет кылат. Анан эмнеге катаал чараларды колдонот? Башкаларды коркутуу үчүн. Себеби башкалар көрүп, "сөз сүйлөгөндү, пикирин айтканды камап аткан турбайбы, кой мен тынч эле жүрөйүн" дейт. Сөз эркиндиги, жарандык активизм - мамлекеттен бир тыйын албай пайда болуп, коомдун, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн салым кошуп жаткан институттар. Бул чектөөлөр аталган институттарды жокко чыгарат. Башкача айтканда, табигый ресурстан өлкө ажырап калат".

Кыргыз бийлигинин жообу

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги корголорун, ар бир жаран өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет.

Садыр Жапаров - Кыргызстандын президенти

10-декабрда мамлекет башчы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 75 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады.

"Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзүнүн укуктары корголгондугун, мамлекеттин адам укуктары жаатындагы жогорку стандарттарды сактоого умтулгандыгын сезе алгыдай болушу кажет", - деди Жапаров.

Кайрылууда Кыргызстан эл аралык коомчулуктун алдында декларациянын фундаменталдык принциптерин сактоого "бардык күч-аракетин жумшап жатканы" баса белгиленген.

"Бул маанилүү документтин принциптери биздин Конституцияда жана негизги мыйзамдарда бекем орун алып, ар бир жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоого умтулуубузду айгинелеп турат",- деп айтылат кайрылууда.

2021-жылы 5-майда кабыл алынган Конституциянын экинчи бөлүмүнүн беренелери адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кепилдик берет.

Эдил Байсалов - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары

“Cөз эркиндиги бизде бар, жазышат. Бирок кыргызда “Ойноп сүйлөсөң да ойлонуп сүйлө” деген жакшы сөз бар. Анткени азыр кырдаал оор, курч. Дайыма регионубузда жана дүйнөдө да ички, сырткы күчтөр бар. Отту тутантып жибергиси келет. Алардын мамлекет өнүгүп жатканына көзү жетип жатат. Анан болбогон сөздөр менен эле "төңкөрүш уюштурабыз, башка кылабыз" деген сөздөрү демократияга жатпайт. Билесиздерби, азыркы учурда социалдык тармактар оюнчук эмес, сен жети миллион кыргыз эмес, жети миллиард дүйнө жүзүнө ошол замат чыгып жатасың. Сен досторуңа тамаша кылып жазган жоксуң, атайын резонанс, хайп кармайын деп элге атагым чыксын деп, жер өрттө деген болуп атат”.

Чолпонбек Абыкеев - Кыргызстандын президентинин кеңешчиси

“Жеке өз оюн билдиргендерге эч ким тийишкен жок. Ал эми “бийликти алмаштыралы, бул бийлик болбой калды, кетирели” деп чакырык таштагандарды суракка чакырып жатышат. Же болбосо улут аралык маселени көтөргөндөрдү чакырышууда. Жалпылап айтканда, мыйзам бузгандарга чара көрүлүүдө”.

Айчүрөк Назаралиева - Акыйкатчынын орун басары

"Биздин Баш мыйзамдын 42-беренесинде адамдын эркиндиги жана укуктары так жана даана жазылган. Бул беренелер Адам укуктары жөнүндө декларацияда каралган нормалардын негизинде жазылган. Ошондуктан Кыргызстанда Баш мыйзам түз таасир берет. Өлкөбүздө адам укуктары сакталып атат деп эсептейм. Бардык мамлекеттик органдар элге шарт түзүү үчүн болгон аракетин жумшоодо. Бизде активдүү жарандык коом бар, мамлекеттик органдар, ошондой эле парламент, акыйкатчы, депутаттар адам укугу боюнча шарттарды карап атат. Өлкөдө ар дайым бул маселеге көңүл бурулуп келатат".

Эл аралык уюмдардын баасы

Эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) жана Укуктук өркүндөтүү фонду (Legal Prosperity Foundation - LPF) Кыргызстандагы адам укугу, саясий, сөз эркиндиги жаатындагы абалды талдаган баяндамасын жарыялаган. Эки уюм тең кыргыз бийлигин сындаган жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер басым-кысымга, куугунтукка кабылып жатканын 2023-жылы ноябрда белгилешкен.