Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Абитуриент-2023: Кесипти кантип туура тандоо керек?


Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында быйыл жогорку окуу жайларына 30 миң абитуриент кабыл алынары күтүлүүдө.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында быйыл жогорку окуу жайларына 30 миң абитуриент кабыл алынары күтүлүүдө.

Учурда миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрү маанилүү тандоонун алдында турат. Быйыл мектептерди 60 миңден ашуун окуучу аяктады. Алардын көбү IT тармагын, медицина, юриспруденция адистиктерин жана мугалимдик кесипти тандоодо. Бирок каякка барууну дагы эле чече электери да арбын.

ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи туру 19-июлда аяктады. Ага 26 миң абитуриент катышкан. Дагы үч тур августтун тогузуна чейин уланат. Улан-кыздар адистик тандоодо эмне үчүн кыйналат?

Келечекте өкүнбөш үчүн...

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына тапшыруунун биринчи этабы 17-июлда башталып, 19-июлда аяктады. Быйыл адистик тандаган абитуриенттердин көбү борбор калаага келди. Алар кайсы кесиптин ээси болгусу келет? Адистикти кантип тандады? Мектеп бул багытта кандай көмөк көрсөтөт? Мына ушул суроолорду биз мамлекеттик жогорку окуу жайларга тапшырып жүргөн абитуриенттерге узаттык.

Сурамжылоого катышкан бир топ улан-кыздар адистик тандоодо ата-энелеринин пикирин эске алабыз дешти.

"Мугалим жерде калбайт"
Айзада Сейдакбарова
Айзада Сейдакбарова
"Мен башында эле кыргыз филологиясына тапшырарымды билгем. Мага кыргыз тили оңой, түшүнүктүү жана кызыктуу сезилет. Мугалим - баалуу кесип, ошондуктан өкүнбөйм деп ойлом".
Нурсултан
Нурсултан

"Караштырып жатам..."
"Азыр кайсыга тапшырсам деп ойлонуп жатам. Өзүм IT же графикалык дизайнды караштырып жатам. Ата-энем тандоомо макул, башкысы, тезирек окууну бүтсөң болду дешти".
Аманжол Кубаныч уулу
Аманжол Кубаныч уулу

"Ата-энем каршы болуп койду"
"Өзүм аскер адамы болоюн десем, ата-энем каршы болуп койду. 9-класстын базасы менен энергетикке тапшыргам, эми ушул эле багытта жогорку билим алайын деп турам".
Таттыгүл Шераалы кызы
Таттыгүл Шераалы кызы

"Тандоо кыйын"
"Адистикти тандоо кыйын болуп жатат. Негизи, мугалимдикке тапшыралы деп атабыз. Буга чейин коллежде окуп, экономист болдум, анан ата-энем мугалим бол деп айтышты. Айлыгы да жакшы экен".
Айтурган Келдибаева
Айтурган Келдибаева

"Ата-энем дарыгер бол деп..."
"Ата-энем дарыгер бол деп жатышат. Бирок мен кеселдерди дарылоодон корком, ошондуктан бизнес башкаруу жана экономикага барайын деп чечтим".

"Кесипке багыттоо иштери жүрсө"

Абитуриент сиңдисине жардам берип жаткан 19 жаштагы Алтынай Бишкектеги мамлекеттик окуу жайлардын биринде окуйт. Ал социология факультетин кокустан эле тандап калганын, башында лингвист болом деген изги тилеги болгонун, бирок ата-энеси колдобой койгонун айтты. Сиңдиси да эжесин ээрчип социологияга тапшырган экен.

Алтынай
Алтынай

"Негизи, сиңдим IT тармагын тандап, программист болом деп жаткан. Бирок ЖРТдан 113 балл гана топтоптур. Албетте, IT үчүн абдан аз. Анан колуман келгенин жасайын деп өзүм билген факультетке ээрчитип келдим. Ойлонууга көп деле убакыт кеткен жок, окуйсуңбу десем, “ооба” деп жооп берди. Азыр документтерин тапшырып коюп кетели деп атабыз. Башка окуу жайларды карап, кыдырып, адистик деле тандабайбыз. Мен деле, мисалы, лингвистикага тапшыра албай калгандыктан интернеттен “социалдык кызмат” дегенди окуп, университетке келип маалымат алгандан кийин тапшырып салгам. Мектепте багыт берип, бала кезибизден кесипке багыттоо иштерин жүргүзсө бизге жеңил болмок деген ойдомун. Тилекке каршы, бизге эч ким жол көрсөткөн жок”.

Алтынай жана анын сиңдисиндей болгон абитуренттер көп.

Экономика, юриспруденция, IT жана педагогика

ЖОЖдорго тапшыруунун биринчи турунда 26 миңден ашык абитуриент Кыргызстандагы университеттерде окуйм деп арыз жазды
ЖОЖдорго тапшыруунун биринчи турунда 26 миңден ашык абитуриент Кыргызстандагы университеттерде окуйм деп арыз жазды

Быйыл Кыргызстандагы мектептердин аяктаган 60 миң окуучунун 50 миңи ЖРТ га катышкан. Жыйынтыгында 30 миң улан-кыз босого баллдан өттү. Билим берүү жана илим министрлиги булардын баары жогорку окуу жайларга тапшырат деп боолгоодо.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Изат Усенов бул жылы да экономика, юриспруденция популярдуу адистиктердин сап башында турат дейт.

Изат Усенов
Изат Усенов

"Быйыл биздин окуу жайда 8800 орун бар. 68 багыт боюнча бакалавр, жети адистиктин 50 багыты боюнча магистр деңгээлине кабыл алууну пландап, ишти баштадык. Мындан сырткары, колледждерге да келишүүдө. Биздин анализдерге ылайык, экономика, юриспруденциядан сырткары IT жана педагогикага ыктагандар көп, бул онлайн каттоодон да белгилүү болууда. Быйыл бизге 435 бюджеттик орун берилген, бул, албетте, аздык кылат. Андагы негизги багыттар – математика, физика, география жана педагогика”.

Азыркы тапта мамлекетке караштуу 26 жогорку окуу жай 50дөн ашык адистик боюнча жогорку билим берүүгө даяр экенин билдирип жатат. Орто кесиптик окуу жайлардан 27-30 адистиктин түрү боюнча билим алса болот.

Адатта жогорку билим алуу үчүн келгендердин көбү факультет
тандап, кайсы адистикке окуй турганын так билбей убара тартат дешет абитуриенттерди кабыл алуу комиссияларынын башчылары. Андай абитуриенттердин ар бирине жол көрсөтүү үчүн кээде бир саат сүйлөшүүгө туура келет.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде быйыл бюджеттик орундар көбүрөөк берилди. Окуу жайда быйыл 1 миң студент гранттык негизде билим алат деп чечилген. Дагы 4 миңи акы төлөп окуйт. Абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Ринат Бакытов соңку 2-3 жылда техникалык адистиктерге суроо-талап көбөйдү деген пикирде.

Ринат Бакытов
Ринат Бакытов

“2015-жылдан бери окуйм деген улан-кыздар аздык кылган жок. Тескерисинче, техникалык адистиктерди тандагандар көбөйдү. Көйгөй башкада - абитуриенттер кайсыл кесипти тандашын билбей убара тартат. Адеп кеңеш алууга келгенде баланын маалыматы дээрлик жок экени байкалат. Ага ар бир адистик тууралуу түшүндүрүп берүүгө жок дегенде бир саат коротобуз. Айрым учурларда гана “мен ушул кесиптин ээси болом” деп максатын так билип келгендер болот, алар менен иштеш жеңил. Бирок бул кадимки эле көрүнүш деп эсептейм. Мектеп программасына кесиптик багыт берүүнү киргизүү менен эле маселени чече албайбыз. Болгону көбүрөөк маалымат берели. Мисалы, биз жыл бою социалдык тармактар аркылуу иш жүргүзүп, тигил же бул адистик тууралуу кенен айтып бергенге аракет кылабыз. Баланын канчалык маалыматы көп болсо, ал үчүн тандоо ошончолук оңой болот”.

Кыргызстандагы ар бир бешинчи студент гуманитардык илимдерди тандайт, анын ичинде журналистика, лингвистика жана психология да бар. Бул Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында көрсөтүлгөн.

Бирок гуманитардык илимдерди тандаган студенттер кийин жумуш таап кете алабы? Ар кайсы адистиктиктер боюнча суроо-талап кандай? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Кыргызстандын эмгек рыногундагы бош орундарды талдап көрдүк.

Эмгек базарында адистерге талап өзгөрүүдө

headhunter.kg сайтындагы ачык маалыматтарга караганда, азыркы тапта үч миңден ашуун бош орун бар. Көбүнчө айдоочу, медицина кызматкери, тигүү тармагындагы технолог жана кеңсе менеджерлери жетишпейт.

Убактылуу жумуш издегендер үчүн суроо-талап эң жогору экени көрсөтүлгөн. Аларга курьер, официант, ашпозчу, үй жана кеңсе жыйноо жумуштары сунушталат. Мындай сайттардын ар биринде кем дегенде 3 миң бош орун бар экени жазылат.

Эмгек базарында барган сайын адистерге болгон талап өзгөрүп баратканы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин берген маалыматында да көрсөтүлөт. Министрликтин жаз айларында жүргүзгөн мониторингинде белгиленгендей, өлкө аймактарында жумуш берүүчүлөрдүн көбү медайым, эсепчи, ширетүүчү, электрик жана дарыгерлерди издеген.

Билим берүү жана илим министрлиги кесипке багыттоо үчүн мектептерде атайы убакыт бөлүнөрүн айтат. Окуу жылы аяктап калган учурда университет, кесиптик лицейлердин кызматкерлери келип, бүтүрүүчүлөргө окуу жайлар туурадуу маалымат берет. Мындан сырткары мектептерде тренингдер өтүп турат. Бирок бул аздык кылат экен дейт кызын жогорку окуу жайына алып келген Аманжол Сейталиев.

Аманжол Сейталиев
Аманжол Сейталиев

“Кара-Балтадагы орто мектепте окуду кызым, ЖРТнын жыйынтыгы колубузда. Баарыбыз окуучудай болуп үй-бүлөбүз менен келип, окуу жайларды кыдырып жүрөбүз. Мектептен окуу жайлардын саны, кайсынысы мыкты адистерди даярдай турганын, иш берүүчүлөр суусап турган кесиптер кайсылар экенин айткан жок дейт кызым. Азыр эми өзү лингвистика дейт, мен медицинага бар дегем. Азыркы муундун ой жүгүртүүсү башка экен көрсө, бир пикирге келе албай убара тарттык. Мурда эмгек рыногундагы талаптарга ылайыктап адистиктерге кабыл алышчу. Азыр келсек “бизде окусаң төрт кесиптин ээси болосуң” деп жатышат. Биринен бири өтүп жакшы көрүнөт экен, анан эле диплом колуна тийип, жумуш таппай калгандар толтура. Ошондуктан мектептен эле багыт берүүчү сабактар өтүлсө жеңил болмок экен. Кызым кийин жакшы иш таап кетсе эле болду деп калдык. Оюндагысын окубаса да болбой калат”.

"Өзү жетпей калган кыялын уул-кызына таңуулап..."

Балдар психологу Тынчтык Бакытовдун пикиринде, бул куракта окуучулардын көбү өзүн калыптанып калган чоң киши катары сезип, өз алдынча чечим кабыл алгысы келип калат. Балага тандоо укугун ата-эне канчалык эрте берсе, анын жемишин ошончолук эрте алат дейт ал. Ошондуктан ата-эне 2-3 жашынан эле баланы чектегенди коюшу керек деп эсептейт:

Тынчтык Бакытов
Тынчтык Бакытов

“Өспүрүм курактагылардын тандоосу ата-энеси, бир тууганы, чөйрөсү менен болгон мамилесинен көз каранды. Ата-эненин баласы үчүн чечкени туура эмес. Ошондуктан балага мүмкүндүк берүү зарыл. Негизи эле кесип тандоо процесси Кыргызстанда жай башталгандыктан, ата-эне бул маселеге кеч кайрылат да, өзү жетпей калган кыялын уулуна же кызына таңуулап коёт. Ата-энелерде “сөзсүз жогорку билим алуу керек” деген түшүнүк бар, бирок бул реалдуулукка дал келбейт. Тандоо укугун 2-3 жанынан эле берип, анализ жасоого үйрөтүү ата-эненин колунда. Эркин тарбиялап, чогуу отуруп сүйлөшүп, маселени бирге чечкен үй-бүлөнүн балдары 15-17 жашында кадимки чоң кишидей кесибин туура тандап, каалаган ишин аркалап кете алат”.

Болочоктогу кесипти аныктап, туура тандоо жагынан абитуриенттерге Голланд тести жардам берет. Анда берилген суроолорго жооп бергенден кийин баланын кайсы тармакка жакын шыгы бар экени аныкталат. Ушул өңдүү тесттер аркылуу ата-энелер өз кызы же уулунун жөндөмүн билсе болот. Бирок бул тууралуу көпчүлүктүн кабары жок.

Бош орундарды сунуштаган жеке компаниялардын маалыматына караганда, мындан 10 жыл мурда юристтерге суроо-талап көп болгон - ар бир онунчу бош орун ушул кесипке тиешелүү эле. Азыр иш берүүчүлөрдүн жүздөн бири эле юрист издейт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын алты айында иш берүүчүлөр бош жумуш орундарына 12 миңден ашык арыз беришкен. Алардын 60 %ы жумуш тапты. Министрлик жумуш менен камсыз болгон жарандардын 1,6 миңи мамлекеттик секторго, калгандары жеке секторго барды дейт.

Кесиптик лицейлер

Быйыл Бишкектеги кесиптик лицейлердин биринде биринчи курсту аяктап, эми инженер-электрик болуу үчүн жогорку окуу жайга тапшырып жаткан Болот Абдалиев болсо билим менен дүйнө башкарууга мүмкүн дейт.

Болот Абдалиев
Болот Абдалиев

“Кесипти тандаганда аябай кылдат болуш керек экен. Окуп жүргөндө мен “бул меники эмес” экен деп таштап кеткендерди көрдүм. Алар тандап алган адистигин шылтоо кылып атат, бирок чындыгында ал өзү жалкоо. Ал окугусу, иштегиси, жоопкерчиликтүү болгусу келбейт. Ошондуктан “жумуш табылбайт экен”, “айлыгы аз экен”, “меники эмес экен” деген куру бекер шылтоолорду айтат. Максат койгон адамдын ийгилиги артат. Изденген адамга баары табылат да. Азыр билимдүүлөрдүн заманы, билим сени бир жерде туруп калууңа жол бербейт, ал тескерисинче алдыга сүрөйт. Карап турсаң, техникумду бүтүп, ширетүүчү болуп деле жакшы иштеп, ийгиликке жеткендер көп”.

Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу август айынын 15ине чейин жүргүзүлөт.

Былтыр мектептерди 58 миң окуучу аяктаган. Анын теңинен азы жогорку окуу жайларга тапшырып, дагы бир бөлүгү кесиптик окуу жайларга барган деп айтылат билим берүү министрлигинин маалыматында.

19-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 1-туруна документтерди кабыл алуу аяктады. Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи турда 26 миң 546 арыз катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча Раззаков атындагы Кыргыз улуттук университетине - 3838, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетине - 3690 жана ОшМУга - 3352 абитуриент тапшырган.

2023-2024-окуу жылына жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу 4 турда дагы жүргүзүлөт. Абитуриенттер университеттин жайгашкан жерине барбай эле электрондук түрдө тапшыра алышат. Окуу жайга онлайн тапшыруу коронавирус пандемиясы башталган жылы киргизилип, үч жылдан бери иштеп келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG