Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Абактарда таалим берүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы Ала-Тоо үчүн да алгылыктуу


Нелсон Мандела (18.7. 1918 - 5.12. 2013) ТАРдын мурдагы апартеиддик режиминин абагында 27 жыл отурган.
Нелсон Мандела (18.7. 1918 - 5.12. 2013) ТАРдын мурдагы апартеиддик режиминин абагында 27 жыл отурган.

Абактагы кишилер болочокто коомго пайдалуу адис болуп чыгышы үчүн алардын аралыктан билим алууну улантышына шарт жараткан өлкөлөр арбын.

Адатта, ар кандай себептер менен абакка түшкөн киши ал азаптуу жактан “турмуштук жаңы окуу жайды бүтөт” деп шарттуу түрдө айтып коюшат. Бирок бир катар чет өлкөлөрдө чындыгында эле абактагы кишиге университеттерде аралыктан окууга мүмкүндүк берилген. Тарыхчынын түзөтүү жайларынын таалим берүү милдети жөнүндөгү блогу.

Ала-Тоо абагында...

Кыргызстандагы жарандык коомдун мүчөлөрү абактагы замандаштарыбыздын тиричилик шарттарын жакшыртуу көйгөйлөрүн байма-бай көтөрө башташты.

Абакка убактылуу (сот жүрүмү бүткөнгө чейин) же абактык мөөнөтүн өтүү үчүн түшүп калган айрым жарандардын андагы ички шарттарды чагылдырган блогдору да, – ичтен таразалаган күбөнүн көзү менен айтылгандыктан, – бул көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарылдыгын ого бетер тастыктоодо.

Ыраматылык жазуучу Мелис Макенбаев (1954–2002) агайдын 1990-жылдары Кыргызстандагы абактардын оор шартын көркөмдөп жазган романдары да жадыбызда.

Эми убактылуу абакта жазыксыз отурган акын жана публицист Олжобой Шакир жарыялаган сүрөттөмөлөр да ал отурган жайдагы акыбалды сыпаттоодо.

Абактагылар кесиптик окуу жайлардын көмөгү менен баштапкы кессиптерге ээ болуп жаткандыгы маалым.

Бирок азырынча эч бир китептен же макаладан кыргызстандык жаран абакта отурган чагында жогорку окуу жайда окуп, бакалаврдык дипломго ээ болгондугу жөнүндө маалымат учурата элекмин...

Ленинди жана сталинизмди таануу өңүттөрүнө кылчайсак...

Падышалык Орусияда ак сөөк делген катмардын өкүлдөрү сүргүнгө айдалган чакта, жаңы сүргүн жеринде өздөрүнүн чарбагын куруп, ак сөөктүк турмушун уланышкан.

Маркум педагог атасы Илья Николаевич Ульянов 1860-жылы дворяндык даражага жете алгандыктан, Владимир Ленин 1897-жылы Шиберге сүргүнгө айдалган чакта, анын тек жайы эске алынган. Албетте, ал пролетардык (жумушчу табына таандык) үй-бүлөдөн эмес эле.

Шиберге сүргүнгө айдалгандар эски Москва кара жолу жолу менен көп баскычта ташылып турууга тийиш эле. Бирок Владимирдин энеси Мария Александровна Ульянова уулунун Шиберге өз каражатын өзү төлөп темир жол менен баруусуна уруксат сурап бийликтерге кайрылып, атеистти кудай жалгап, буга уруксат алынган.

Орусиянын Тобольск шаарындагы падышалык доордогу түрмө азыр музейге айланган. Мында 1899-жылы акын Токтогул Сатылган уулу жаткан.
Орусиянын Тобольск шаарындагы падышалык доордогу түрмө азыр музейге айланган. Мында 1899-жылы акын Токтогул Сатылган уулу жаткан.

(Демократ акын Токтогул Сатылган уулунун Анжыяндан Иркут жергесине абак сапарынын жол азабы, көр азабы, андан кийин кен жайларда оор кара жумушта иштегендиги ар кимдин эсиндедир).

Владимир Ильич 1897-жылы 4-мартта поюз менен Красноярск шаарына келген. Бул жерде ал Иркутск генерал-губернаторуна арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ден соолугунун начар экенин билдирип, Иркут аймагында өтүүсү керек болгон сүргүн жайын климаттык шарттары алда канча жакшы болгон Энесай губерниясынын түштүк бөлүгүндөгү кайсы бир конушка алмаштырууну өтүнгөн.

Ырайымсыз падышалык бийликтер, бирок, бул өтүнүчтү канааттандырышып, Владимир Ульяновдун бара турган сүргүн жайы катары Минуса (Миңсуу ) районуна караштуу Шушенское кыштагын белгилешкен.

Энесай дарыясы аркылуу жазында кеме жүрүп калган чакта, В.Ульянов алгачкы кемеге түшүп, сапарга чыккан. Сорокино кеме бекетинен ары ат араба менен жүрүүгө туура келген. Ошентип, В.И.Ульянов Шушенское кыштагына 1897-жылы 8-майда жетип келген.

Анын Шушенское кыштагындагы азаптуу көйгөйү – жайкы мезгилде үй кызматкерин (үй тиричилигинин балан-байдыбан жумуштарын аткарып турчу малайды) табуу көйгөйү болгон.

В.И.Ульянов 1897–1900-жылдары, дал ушул жерде сүргүндө жүргөн чагында, “Владимир Ильин” деген адабий ысым менен “Орусияда капитализмдин өнүгүшү” деген алгачкы китебин жазган.

Кээде китеп жазып отуруп, саал чаалыкканда, ал Энесайда аң уулап эс алаар эле. Анын аңчылык кылганда колдонгон мылтыгы азыр дагы Шушенское жергесиндеги музейде сакталып турат.

Тагдырдын тамашасыбы, падышалык режим “өзүнүн көрүн казган” дворян тектүү кишиге ири чыгарма жазууга кыйыр шарт түздү. Ал эми бул инсан бийликке келген соң, “бардык эзүүчү таптардын өкүлдөрү үчүн” атайын концлагер жана башка абактарды куралы деп чакырык таштаган.

Кийин анын абак куруу ишин уланткан Иосиф Сталин Советтер Биримдиги деген өлкөнүн ичинде ГУЛаг деген “абактык өлкөнү” негиздеп, анда кармалгандардын далайына “эл душманы” деген жарлык тагып, аларды жакындарына кат жазуу, жакындары менен көрүшүп туруу сыяктуу укуктарынан таптакыр ажыраткан.

Ал түгүл 1930-жылдары “үчилтик” (“тройка”) деген жексур система аркылуу миллиондогон кишилерди адилет соттук териштирүүсүз ар кыл катаал өкүмдөр чыгарып жазалашкан (атууга кеткендери ошол эле күнү же ошол аптада атылган учурлар көп болгон).

Албетте, ансыз да сабаттуу болгон далай айдыңдарды абакта жүргөндө аралыктан окутуу – сталинизм доорунда түшкө да кирбес иш эле. Ал эми сабатсыз бойдон абакка түшкөндөр үчүн жанындагы сабаттуу айыпталуучудан тымызын таалим алуудан башка эч шарт жок эле...

Абактагы киши коомдун жексур душманындай эле кабыл алынган. Анан душмандын билими менен сталиндик бийликтер баш оорутмак беле?

Апартеид маалында Нелсон Мандела абакта жүрүп университетте окуган

Түштүк Африка Республикасы (ТАР) аттуу өлкөдө өткөн кылымдагы жексур апартеиддик режимге каршы ырааттуу күрөш жүргүзгөн саясатчы, коомдук ишмер Нелсон Мандела (1918–2013) баш-аягы 27 жылдык өмүрүн абакта короткон.

Негизи, ырайымсыз өкүмгө ылайык, ал өмүр бою абакта отурууга тийиш болгон. Оболу ал ТАРда 1962-жылы камакка алынып, “жумушчулардын иш таштоосун уюштурган жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн” деген доолор боюнча 1963-жылы 5 жылдык абак мөөнөтүнө кесилген. Ал эми 1964-жылы сот анын өкүмүн “диверсиялык иш-аракет жасаган” деген доо боюнча өмүр бою абакта отуруу жазасына өзгөрткөн.

Абакта отурган чагында Н.Мандела алыскы Улуу Британиянын борборундагы (!) Лондон университетинде сырттан окуп, укук илимдери боюнча бакалавр даражасына ээ болгон. Ал түгүл абакта кезинде эле, 1981-жылы, ал Лондон университетинин ардактуу ректору кызматына талапкер катары сунушталган, бирок бул кызматка бекбийке Анна (Princess Anne Elizabeth Alice Louise) тастыкталган. Ал – азыркы падыша Карл Үчүнчүнүн жалгыз карындашы.

1990-жылы 11-февралда Нелсон Мандела абактан бошотулгандыгын бүт дүйнө элдери сыналгы аркылуу обого түз чыккан берүүдөн көрүп турушту.

“Африка улуттук курултайынын” ал кездеги лидери Нелсон Мандела менен ТАРдын акыркы Мамлекеттик президенти Фредерик де Клерк (1936–2021) өлкөдөгү апартеиддик режимди тынч жол менен жоюуга жетишкен коомдук салымдары үчүн 1993-жылы Нобел тынчтык сыйлыгына ээ болушту.

1994-жылы 10-майда Мандела ТАРдын алгачкы Президенти болуп калды (мурдагы мамлекет башчынын кызматы “Мамлекеттик президент” деп аталган).

2009-жылы БУУнун Башкы жыйыны 18-июлду “Нелсон Манделанын эл аралык күнү” деп жарыялаган.

Укук коргоочу журналист Мария Инохосанын абактагы Суаве мырзага көмөгү

Тээ 1986-жылы АКШнын Пенсилвания штатындагы Филаделфия шаарынын бир өңүрү болгон Түндүк Филаделфия жергесиндеги тымызын баңгичиликке байланыштуу жаманаттыга калган “Бэдлендз” бөлүмүндө 17 жаштагы Суаве (толук ысымы Дэвид Луиз Гонзалес, лакап аты – Суаве; David Luis “Suave” Gonzalez) деген тентек өспүрүм көчөдөгү майда-чүйдө чатак маалында байкоосуздан каршылашын өлтүрүп алат.

1988-жылы Филаделфиядагы сот жүрүмү аяктап, бул улан алиги кылмышты эрезеге жете элек кезинде жасагандыгына карабастан, сот аны өмүр бою абак жазасына кескен.

АКШдагы испан тилдүү белгилүү укук коргоочу жана журналист Мария Инохоса (Maria Hinojosa) айым 1993-жылы абактагы Суавеге кезигип, дилмаек курат. Ага түрмөнүн ичиндеги киши менен маектешип, абак кырдаалын калыс аңдоо жана чагылдыруу зарыл болгон. Бирок Инохоса айым Суаве менен кийин да байланышты эч үзбөстөн, дээрлик 27 жыл бою андан кабар алып, өз насаатын айтып келген.

Оболу жаркын болочоктон таптакыр күдөр үзгөн Суаве кийинчерээк чыйралып, өз алдынча таалим алууга тырыша баштаган.

Суаве мырза Грейтерфорд (Graterford) абагында жаткан чагында бул абакта Вилланова университетинин (Villanova University) жеке менчик тарап (бизде айрымдар корккон бейөкмөт демилге) аркылуу сунушталган коллеждик программага студент болуп жазылат да, аралыктан окуп, билим берүү жана маркетинг адистиктери боюнча бакалавр даражасын алууга жетишет.

2017-жылы АКШнын Жогорку соту өспүрүмдөрдү кечирим берилбей турган өмүр бою абактык жазага тартуу өкүмдөрүнүн бардыгын мыйзамсыз деп четке каккан соң, Суаве боштондукка чыккан.

Ал эми Инохоса айым менен Суавенин (Дэвид Гонзалездин) бул кишинин абактагы мезгили тууралуу биргелешип даярдаган подкаст берүүсү 2022-жылы Пулитцер сыйлыгына татыган.

Азыркы тапта Суаве ар кыл себептер менен абакка түшүп калган өпүрүмдөргө таалимдик көмөк көрсөтчү бейөкмөт долбоорлор менен нускоочу катары кызматташып келет.

Стивен Акпабио-Клементовски мырзанын турмушу

Азыркы тапта Улуу Британиядагы Ачык университетте (the Open University) дарс окуп, жаштарга таалим берип жаткан Стивен Акпабио-Клементовски (Stephen Akpabio-Klementowski) мырзанын өзү тээ 2002-жылы, жаш жигит кезинде, британдык абакка түшүп калган.

Түпкү теги нигериялык болгон Стивен жаңы гана үйлөнгөн, үч айлык кызы бар эле. Жеңил оокат табуу үчүн баңгизат сатуу кылмышы менен алектенип жатып, ал тутулуп калган.

Стивенде 16 жылдык мөөнөткө абакка түшкөн чагында эч кандай кесиптик билим жок болчу.

Абакта ал Британиядагы Орто билимге ээ болуу боюнча жалпы күбөлүк (The General Certificate of Secondary Education; GCSE) үчүн сынак тапшырып көрүп, мыкты баа алган соң, андан ары окуусун аралыктан улантууга талаптанат.

Абакта кезинде ал үч башка деңгээлдеги билимге ээ болууга жетишкен. Стивен эл аралык мамилелер жана эл аралык укук адистиги боюнча магистр дипломун абакта жатып алган.

Анын айтымында, сабактагы тапшырмаларды тынч жайда аткаруу үчүн кээде ал кечкурун бир нече саат бою абактагы ажатканада отурган учурлары болгон.

Ал өзүнүн абактык мөөнөтүнүн жарым-жартылайын өтөгө соң, 2010-жылы эркиндикке чыккан.

Эми Стивен кылмыштуулукту иликтөө боюнча таанымал адис болуп калды, өзүнүн докторлук диссертациясын аяктоодо.

Ал абактарга тез-тез барып, андагыларга: “Мына мен – дарс сунуштаган окутуучу катары Сиздердин алдыңыздарда турам. Өзүм абакта жаткан кезимде билим алууга жетишкендигим үчүн дал ушул ийгилик жаралды”, – деп кеңеш айтып келет.

Ал Улуу Британияда азыркы тапта дээрлик 88 миңдей киши абактарда кармалып жаткандыгын белгилеп, аларды абактан кийинки турмушка билимдүү, таалим-тарбиялуу жаран катары кайтып келүүлөрү үчүн абак системасын толук реформалоо зарыл, деген пикирин айтып, турмуштук сунуштарды ортого салууда.

Стивен Акпабио-Клементовскинин оюнча, абакта терең билим алгандардын кыйласы эркиндикке чыккандан кийин кайрадан эч кандай кылмыш иштерине жана башка жосунсуз жоруктарга барбоо керектигин өздөрү эле терең аңдап калышат.

Түркиядагы Силиври абагы
Түркиядагы Силиври абагы. Стамбулдун чет жакасы. 24.6.2019.

Түркия абактарындагы шарт

Бир жолу мага кызыктуу окуяны айтып калышты. Бир кыргызстандык айым (аты-жөнүн айтпай эле коёлу) Бишкектеги университеттердин биринде иштеп жүрүп, чет элдик жигитке ашык болуп калат.

Ал жигит бул айымды Түркияга эс алууга чакырат (өзү таптакыр башка мамлекеттен экен). Акыры сонун тыныгуу учуру аяктаган соң, айымга дүр-дүнүйө, белек-бечкектерди сатып берип, Стамбулдан Бишкекке уча турган каттамга отургузуу үчүн аба майданына чогуу келет. Өзү кийинки каттам менен артынан келээрин айтат.

Аба майданындагы бажычылар алиги кыздын жүгүндөгү белек-бечкектин арасынан баңгизат тапкан соң, бечара айым артын караса, берки шумпай эчак көздөн кайым болуп жоголгон экен.

Түркиялык сот бул айымды оболу 25 жылга, андан соң 18 жылга абакка кесет.

Анан алиги ансыз да жогорку билимдүү айым Түркиянын абагында башка адистикке кызыгып, жаңы жогорку билимге сырттан окуу жолу менен ээ болгон экен.

Ырас эле интернеттеги ачык корлордон Түркиянын абактарында дагы жогорку билимге ээ болуу үчүн кандайдыр бир шарттар бардыгы жөнүндө маалыматтарды учураттым.

Мисалы, 2021-жылдын октябрындагы Түркиянын абактар башкармалыгынын маалыматына караганда, магистр деңгээлин алган 2 миңден ашуун киши жана ал түгүл докторлук (PhD) диссертациясын жактоого жетишкен 460 киши абактарда кармалган.

Ал эми 27 миң киши бакалавр дипломуна ээ болгон. Бирок алардын бардыгы тең абакта отурган кезинде окуусун баштаганбы, же айрымдары окуусун ал жакта аралыктан улантканбы, бир беткей айтуу кыйын.

Абакта билим алуу
Абакта кесиптик билим алгандарга сертификаттарды тапшыруу учуру. ЖАМК тараткан сүрөт. 2023.

Кыргызстанда да жандануу бар

Постсоветтик Кыргызстанда дагы абактагы турмушту гумандаштыруу жаатында бир кыйла жылыштар болду. Өлкөнүн Баш мыйзамында ар бир жарандын билим алуусуна мамлекет кепилдик берээри тастыкталган. Эгерде жаран кайсы бир кылмыш иши боюнча абакка түшүп калчу болсо, баары бир ал жаран катары абакта деле билим алууга толук акылуу.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесине ылайык, абактарда – түзөтүү мекемелеринде кармалып жаткандар үчүн милдеттүү кесиптик жана башка билим алуусуна шарт түзүлөөрү белгиленген. Кимде-ким абакта жүрүп кесиптик же башка билим алган болсо, анда анын бул эмгеги анын ишин кайра кароодо жеңилдик кылчу шарттардын ичинде эсепке алынышы ыктымал.

Кайсы бир демократиялык өлкөлөрдө абактагы китепканадан көп китеп окугандык дагы абакта кармалган кишинин жазасын жеңилдетүүдө эске алынат дешет.

Кыргызстандагы түзөтүү мекемелери XXI кылымдын башынан тартып Элдик университеттердин германдык жамаатынын эл аралык кызматташтык институту (DVV International) жана башка эл аралык демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү педагогдук долбоорлордун колдоосу менен абактагы кишилерге электрчи, электр ширетүүчү, кийим тигүүчү, наавай, ж.б. кесиптер боюнча баштапкы кесиптик таалим берүү жаатындагы ар кыл долбоорлорду жүзөгө ашырып келүүдө.

Изилдөөчү Надежда Романенко айымдын маалымдашынча, Кыргызстандын түзөтүү жайларындагы бул долбоорлордун бирине катышып, кесипке ээ болгон бир киши мурда абактагы күн эч өтпөй кыйнаса, эми пайдалуу иш менен алектенгендиги үчүн убакыт тим эле закымдап өтүп калганын айткан. Ал эми башка бир киши эркиндикке чыкканга чейин жаңы кесибинде мээнет кылып, акча таап, кийинки жаңы турмушка каржылык пайдубал топтой баштагандыгына сүйүнгөнүн билдирген.

Биздин пикирибизде, эми Ала-Тоодо бул багытты андан ары тереңдетип, каалагандарга англис тилин жана башка чет тилдерди да үйрөнүүгө жана алардын демократиялык чет мамлекеттердеги эл аралык ачык университеттерде аралыктан жогорку билим алуусуна жол ачуу – күндүн талабы.

Коронавируска каршы күрөш маалында Кыргызстандын билим берүү системасы онлайн сабак өтүү жаатында чеберчиликти арттырууга аргасыз болгон. Эми бул педагогдук тажрыйбаны андан ары колдонуп, темир тордун ары жагында убактылуу калгандарга таалим берүү үчүн жергиликтүү университеттер өздөрүнүн ички кайрымдуулук долбоорлорун уюштура башташса эмне үчүн болбосун?

Абактарда сулуулар конкурсун гана эмес, билимге жана кесипке ээ болгондордун да сынактарын уюштуруу абзел.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG