Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:39

Кыргыз, өзбек жана тажик атайын кызматтарынын төрагалары Ферганада жолугушту


Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жараянын тездетүү чаралары белгиленди. Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн үч тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 7-майда ушундай маалымат таратты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерлер боюнча макулдашууларды даярдоо жана кол коюу маселесинде өкмөттөр аралык комиссия мүчөлөрүнө тапшырма берилди.

Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары - Камчыбек Ташиев, Абдусалом Азизов жана Саймумин Ятимов 6-майда Ферганада жолугушту.

Расмий кабарга ылайык, сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн аймактагы коопсуздук маселеси түздү. Тагыраагы, терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция, маңзат соодасы, аткезчилик өңдүү мыйзамсыздыктарга чогуу күрөшүү талкууланды.

Ташиев шейшемби күнү “Жетинчи каналга” берген комментарийинде кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу макулдашуулар 100% аткарыларын билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келгенде айткан.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелериндеги жаңжалдар күчөп отуруп, эки мамлекет ортосунда 2021-жылы жана 2022-жылы куралдуу кагылышка жеткен. Эки тараптан бир канча киши набыт кеткен окуялар үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Расмий акыркы маалыматтарга ылайык, 50-55-чакырымдай такталбаган тилке калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG