Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Казакстан: аялынын өлүмүнө айыпталган экс-министрге сотто акыркы сөз берилди


Куандык Бишимбаев.
Куандык Бишимбаев.

Казакстанда аялынын өлүмүнө айыпталып жаткан мурдагы министр Куандык Бишимбаевдин сотунда 6-майда, соттолуучуларга акыркы сөз берилди.

Бишимбаев соттогу арачылардан «объективдүү жана калыс болууну» суранды, «сүйүктүү адамынын өлүмүнө себеп болгон иш кылганын, жубайына өлүм каалабаганын жана ошондой болуп кетерин билбегенин» айтып, кечирим сурады.

Бишимбаевдин «кылмышты жашырган» деп айыпталып жаткан тууганы Бахытжан Байжанов өз сөзүндө: «Мен билген эмесмин, керек болсо касам ичем. Эгер «кылмышты жашыруу аракети» экенин билсем, ошонун бирин да кылмак эмесмин», - деп айтты. Ага «кылмыштын изин билип туруп жашырган» деген айып тагылууда.

Кийинки сот отуруму 10-майга белгиленди.

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев «өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүргөн» деп соттолууда. Мындай айыптын жаза чарасы – 20 жылга чейин же өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу.

Соттук териштирүү 11-мартта башталган. Прокурор мурдагы министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаганын билдирген. 31 жаштагы Салтанат Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылган, бирок 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Анын аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган.

Сот процесси Казакстандын Жогорку сотунун «Ютубдагы» сайтында алгачкы жолу түз эфирде көрсөтүлүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG