Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 1-майда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Баткен аймагында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Ош, Жалал-Абад облустарында 5…10, күндүз 16…21,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 20…22° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG