Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

Орусиянын чабуулунан Одессада төрт адам каза тапты


Одесса.
Одесса.

Орусиянын дүйшөмбү күнү кечинде Украинанын Одесса шаарына жасаган чабуулунан төрт адам мүрт кетти. Бул тууралуу Одесса облустук администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.

Анын сөзүнө караганда, дагы 32 адам жаракат алып, 25 ооруканага жаткырылды. Калгандарына окуя болгон жерде медициналык жардам көрсөтүлдү. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында төрт жана 12 жаштагы эки баланын абалы оор деп бааланууда. Жаракат алгандардын арасында кош бойлуу аял бар. Олег Кипер орус армиясы баллистикалык ракеталарды колдонгонун айтты.

Чабуулдан улам турак жайларда жана Одесса юридикалык академиясынын студенттер сарайында өрт чыккан.

Орусия Украинаны күн сайын аткылоодо. Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик объектилерди гана бутага алганын билдирип келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG