Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Алимент төлөөдөн качкандарга жазаны күчөтүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын 26-апрелдеги отурумунда алимент төлөбөгөндөргө чара көрүү маселеси талкууланды. Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин башкармалык башчысы Максат Мойноков Кыргызстанда жыл өткөн сайын алимент төлөөдөн качкандардын саны көбөйүп жатканын белгиледи. Анын айтуусунда, айып пул жана административдик-коомдук иштерге чегерүү жазалары тиешелүү натыйжа бербей келет.

"Мурунку убактарда алимент төлөбөгөндөр убактылуу камоочу жайларга бир нече күнгө же жумага камалчу. Ошол убакта алардын достору же туугандары акча таап келип, төлөшчү. Азыр эми милиция дагы буларга кылмыш ишин козгоп, камагысы келбейт", - деди ал.

Департамент башчысынын маалыматында, былтыр милиция алимент төлөбөгөндөргө карата 51 кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Учурда дагы 310 арыз турат.

Жыйынга катышып отурган Ички иштер министрлигине караштуу Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макелов былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси ("Ата-эненин балдарды багуудан качуусу") менен 523 факты катталып, анын ичинен 425 иш сотко жиберилгенин, 59 иш алимент төлөп бергени үчүн өндүрүштөн кыскартылганын билдирди.

Айрым депутаттар алимент төлөбөгөн аталарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу, чет жакка чыгуусуна бөгөт коюу, 3-7 суткага камоо тууралуу сунуштарын айтышты.

Расмий маалыматтар боюнча учурда 53 548 ата-эне балдарына алимент төлөөдөн качып жүрөт.

2023-жылы Кыргызстанда балдарына чегерилген алиментти атасы же энеси төлөбөй жатканын айтып, сотко кайрылгандардын саны 41 миңден ашкан. Сот департаментинин маалыматына ылайык, 2022-жылы мындай ата-энелердин саны 39 655 адамды түзгөн. Төлөнбөгөн карыздардын жалпы суммасы 10 миллиард сомдон ашары кабарланган.

Сот департаментинин 2023-жыл, апрелдеги маалыматына ылайык, Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынган. 2022-жылдын жыйынтыгында төлөнбөгөн карыздар 22 миллиард сомдон ашкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG